Кыргызстандын муфтияты сөөк коюуга байланыштуу фатва чыгарды. Анда маркумдун үйүндө алгачкы үч күн мал союуга, келгендерге тамак-аш берүүгө тыюу салынат. Үчтүк, бейшембилик, жетилик, жыйырмалык, кыркылык, ашы сыяктуу аталыштар менен мал сойгон да болбойт. Мындай чечим эл ичинде кызуу талкуу жаратты.