Журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган кытайлык ишкер Хабибула Абдукадыр эркин журналист Болот Темировду жана Kloop басылмасын сотко берди. Көмүскөдөгү ишкер журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылып жатканы маалым болду.
Эки айдан бери камакта жаткан эркин журналист Канышай Мамыркулованын соттук ишин кароо 21-майга калды. Сотко прокурор келбей калганын Мамыркулова "саясий басым" деп сыпаттады. Бийлик болсо Кыргызстанда сөз эркиндиги корголорун такай билдирет.
“Чек арасыз кабарчылар” уюму дүйнөдөгү сөз эркиндиги боюнча 2025-жылдагы рейтингин жарыялады. Кыргызстан 2024-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 24 баскычка артка кетип, 180 өлкөнүн ичинен 144-орун илинди. Буга чейин Amnesty International Борбор Азияда ЖМК катуу кысымга кабылганын жарыялаган.
Эл аралык мунапыс (Amnesty International) уюмунун Дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына арналган баянмадасы 29-апрелде жарык көрдү. Анда 2024-жыл Борбор Азиядагы адам укуктары жаатындагы абал дагы оор сыноого кептелгени белгиленген.
Прокуратура Кыргызстандагы "Апрель" телеканалынын лицензиясын жокко чыгарып, социалдык тармактардагы баракчаларын жабуу арызы менен сотко кайрылды. Буга каналдын материалдарында азыркы бийликке каршы терс пикирлер бар деген үч экспертиза себеп болгон.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 21-апрелде БАЭден кармалып келген активист Тилекмат Кудайберген уулунун (Куренов)бөгөт чарасын карап, аны 19-майга чейин камакта калтырды. УКМК дээрлик 10 күндөн бери дайыны билинбей жаткан активист 19-апрелде Кыргызстанга жеткирилгенин ырастаган.
Жарандык активист, укук коргоочу Рита Карасартова 12-майга чейин камалды. Мындай чечимди Свердлов райондук сотунун судьясы 17-апрелге караган түнү кабыл алганын "Азаттыктын" жеринде жүргөн кабарчысы Айбек Бийбосунов билдирди.
Кыргыз тилдүү окурмандар үчүн азыр керектүү болгон медиа сабаттуулук боюнча «Алданба!» китеби чакан тираж менен басылып чыккан бойдон элге кеңири жете элек. Анын авторлорунун бири Жыргалбек Касаболот ылайыктуу демөөрчү чыгып, каражат табылса экинчи басылышын да чыгарууну көздөп жатат.
Жогорку Кеңеш 10-апрелде интернетке жарыяланган жалган маалымат үчүн айып салган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Документке ылайык, жалган маалымат боюнча түшкөн арыздын негизинде милиция кызматкерлери тергөө жүргүзүп, сотко өткөрүп берет.
Жогорку Кеңеш 9-апрелдеги жыйынында “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Медиа коомчулук менен макулдашылып иштелип чыккан долбоорго депутаттар бир катар сунуш-пикирлерин беришти.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” берген маалыматка караганда, 26-мартта ушул эле райондун администрациясынын 1-апрелден 30-июнга чейин нааразылык акцияларын өткөрүүгө чектөө киргизүү өтүнүчүн сот канааттандырды.
Дагы жүктөңүз