Кыргызстандын бир катар аймактарында милиция никаб кийип, жүзүн толук жаап жүргөндөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Аалымдар кеңеши шариятта никаб парз эмес экенин айтса, укук коргоо органдары жүзүн ачып жүрүү боюнча талаптар коомдук коопсуздукту сактоо максатында киргизилгенин билдирди.
Кыргызстанда “кызыл сызыкка” чыгып кетти делген курулуштарды жапырт бузуу кампаниясы кызуу жүрүп, Ош, Бишкек сыяктуу ири шаарлардан тарта айылдарга чейин жетип барды. Бийлик өкүлдөрү ушундай жол менен шаар, район борборлорун, айылдарды иретке келтиргиси келет.
Орусиялык жана азербайжандык ишкер Эмин Агаларов президент Садыр Жапаров менен жолуккан соң Кыргызстанда туристтик комплекс курууну пландап жатканын жарыялады. Ал Азербайжанда Sea Breeze ири эс алуу борборуна ээлик кылат жана анын филиалдарын КМШдагы башка өлкөлөрдө ачууга кызыкдар болуп келет.
CBP One тиркемеси аркылуу АКШга кирген мигранттарга жакын арада өлкөдөн чыгып кетишин талап кылган каттар келе баштады. Катта алар АКШда кала турган болсо, сот жообуна тартыла тургандыгы эскертилген.
Кыргызстандын Конституциялык соту 2010-жылы Апрель ыңкылабында бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев боюнча чыккан сот өкүмү кайра каралууга жатат деген чечим чыгарды. Буга өкүм сыртынан чыгарылган деген жүйө себеп катары көрсөтүлгөн.
Жогорку Кеңеш 10-апрелде интернетке жарыяланган жалган маалымат үчүн айып салган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Документке ылайык, жалган маалымат боюнча түшкөн арыздын негизинде милиция кызматкерлери тергөө жүргүзүп, сотко өткөрүп берет.
Жогорку Кеңеш 9-апрелдеги жыйынында “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Медиа коомчулук менен макулдашылып иштелип чыккан долбоорго депутаттар бир катар сунуш-пикирлерин беришти.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев калаага кирген унаалар үчүн акы алууну сунуштады.
9-апрелде Бишкек шаардык соту эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованын бөгөт чарасын карап, камакта калтырган чечим чыгарды. Соттук отурумга Мамыркулова өзү дагы катышты. Адвокаттардын отурумду фотого, видеого тартуу өтүнүчү канааттандырылган жок.
Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаган Апрель ыңкылабына 15 жыл толду. Элдик толкундоого анын жакындарынын мамлекеттик башкарууга аралашканы себептердин бири болгону айтылып келет. 2010-жылдан соң Беларустан баш калка тапкан мурдагы президенттин кенже уулу Максимдин ролу өзгөчө талкууга түшкөн.
Орусиядагы ондогон кыргыз мигранты “Азаттыкка” кайрылып, документи жайында болгонуна карабастан банк карталары бөгөттөлгөнүн билдиришти. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын тиешелүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, кыргыз мигранттарына документтерин иреттөөгө кошумча убакыт берүүнү суранды.
Дагы жүктөңүз