Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети дээрлик 10 күндөн бери дайыны билинбей жаткан активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) Бириккен Араб Эмирлигинен кармалып, 19-апрелде Кыргызстанга жеткирилгенин жарыялады.
Кыргызстанда бетин толук жаап жүргөн, ушундан улам анын ким экени аныкталбаган адамдар мамлекеттик жана муниципалдык имараттарга, мекемелерге киргизилбей турган болду. Бийлик бул талапты бузгандар айыпка жыгыларын эскертүүдө.
Кыргыз бийлиги жергиликтүү “Капитал банктын” орус ишканаларына Батыштын санкциясын кыйгап өтүүгө көмөктөштү деген маалыматты четке какты. Расмий Бишкектин мындай билдирүүсүнө молдовалык IRN деп аталган басылмасы жарыялаган макала себеп болду.
Украинанын Харьков шаарында ракеталык соккудан бир адам набыт болду. АКШ Украина менен Орусия маселесинде чыдамы түгөнүп баратканын ишарат кылды. Кыргыз бийлиги "жергиликтүү банк орус ишканаларына Батыштын санкциясын кыйгап өтүүгө көмөктөштү" деген маалыматты четке какты.
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча “коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жазадан бошотулду.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башкы фигурант болгон "Кой-Таш ишинде" айрым айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөштү. Украинанын Днепр шаарында орус армиясынын чабуулу үч адамдын өмүрүн алды. Орусиянын ТИМи Москвада кыргыз жарандары сабалган окуя боюнча өз түшүндүрмөсүн жарыялады.
Укук коргоочу Рита Карасартова “Массалык башаламандыктар” беренеси менен экинчи жолу камакка алынды. Буга чейин "Кемпир-Абад иши" боюнча сегиз айга жакын абакта отуруп чыкса, бул жолкусунда чет жактагы активист Тилекмат Кудайберген уулуна байланыштуу иш боюнча кармалды.
Кой-Таш окуясы боюнча үч жылдан бери уланып жаткан соттук жараян дагы эки айга узартылды. Сот муну карала турган материалдардын көптүгүнө байланыштырды. 17-апрелдеги соттук отурумда айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөп, өкүм чыгышы мүмкүн экени айтылып жаткан.
Кыргызстанда "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо” мыйзамына өзгөртүүлөр кирди. Ага ылайык, кийинки президенттик шайлоонун мөөнөтү аныкталып, 2027-жылдын 24-январында өтмөй болууда. Буга удаа Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо мыйзамы да өзгөрүүгө учурады.
Жарандык активист, укук коргоочу Рита Карасартова 12-майга чейин камалды. Мындай чечимди Свердлов райондук сотунун судьясы 17-апрелге караган түнү кабыл алганын "Азаттыктын" жеринде жүргөн кабарчысы Айбек Бийбосунов билдирди.
Орус башкы дипломаты казак президентинин "аймактык бүтүндүк" тууралуу дээрлик үч жыл мурдагы сөзүнө комментарий берди. Бишкекте укук коргоочу Рита Карасартованын баш коргоо чарасы каралууда. Ош шаарында мэриянын кызматкерлери жолго чыгып кеткен үйлөрдү бузуп жатканда 11 жаштагы кыз жаракат алды.
Орусиянын Курск аймагы жапырт дрон чабуулуна кабылды. Маалыматка караганда, бир адам каза болуп, кеминде тогуз адам жабыркады. Украинанын Сумы облусу да кандуу соккуларга туш болууда. Украин тарап эки күн мурдагы соккудан 35 киши каза тапканын, 100дөн ашууну ар кандай жараат алганын билдирген.
Дагы жүктөңүз