Орусиядагы ондогон кыргыз мигранты “Азаттыкка” кайрылып, документи жайында болгонуна карабастан банк карталары бөгөттөлгөнүн билдиришти. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын тиешелүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, кыргыз мигранттарына документтерин иреттөөгө кошумча убакыт берүүнү суранды.
Кыргызстанда 90 жакын адамдын өмүрү кыйылган, бийлик алмашуу менен аяктаган Апрель окуяларына туура 15 жыл болду. Анын курмандыктарын эскерүү иш чаралары Бишкек жана Талас шаарында өтүп, анда президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдонду.
Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаган Апрель ыңкылабына 15 жыл толду. Элдик толкундоого анын жакындарынын мамлекеттик башкарууга аралашканы себептердин бири болгону айтылып келет. 2010-жылдан соң Беларустан баш калка тапкан мурдагы президенттин кенже уулу Максимдин ролу өзгөчө талкууга түшкөн.
Кривой Рог шаарында Орусия жасаган чабуулдан набыт болгондордун саны 20га, жаракат алгандар 75ке жетти. Украин бийлиги бул Днепропетров облусунда быйылкы жылдагы эң оор, адамдар эң көп каза тапкан сокку болгонун билдирди.
Кыргызстанда 90го жакын адамдын өмүрү кыйылып, бийлик алмашуу менен аяктаган Апрель окуясына туура 15 жыл болду. Украинанын Кривой Рог шаарына жасалган чабуулдан набыт болгондор 20га, жаракат алгандар 75ке жетти. Президент Жапаров нааразылык жараткан Жер кодексинин жаңы вариантын артка кайтарды.
Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, коомдук-саясий ишмер Эмилбек Каптагаев Апрель ыңкылабынын аткарылбай калган максаттары, анын мааниси, сабагы, 2010-жылы бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга кайтуу аракеттерине байланышкан окуялар тууралуу "Азаттыкка" маек курду.
Кыргызстанда 80ден ашык адамдын өмүрү кыйылган, бийлик алмашуу менен аяктаган Апрель окуяларына туура 15 жыл толду.
АКШда президент Дональд Трампка жана Мамлекетти эффективдүү башкаруу департаментинин башчысы Илон Маскка каршы нааразылык акциялары өттү. Бул Трамп экинчи мөөнөткө шайлангандан берки эң ири жүрүш.
Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык унаа берүү маселеси коомчулукта кызуу талкууга түштү. Депутаттар 3-апрелдеги жыйынында бул маселени жабык карады. Учурда парламенттеги айым депутаттарга жана төрагага, анын орун басарларына гана кызматтык унаа каралган.
Өзбекстандын Самарканд шаарында жогорку деңгээлдеги алгачкы Евробиримдик-Борбор Азия саммити өттү. Ага шаркеттин жана чөлкөмдөгү беш мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын лидерлери катышты.
Украинада Орусиянын чабуулунан төрт адам каза таап, 40тан ашыгы жараат алды. Өзбекстандын Самарканд шаарында жогорку деңгээлдеги алгачкы Евробиримдик–Борбор Азия саммити өттү. Жалал-Абадда коомдук жайларда никаб кийип жүргөндөргө эскертүү берилди.
Дагы жүктөңүз