Кривой Рог шаарында Орусия жасаган чабуулдан набыт болгондордун саны 20га, жаракат алгандар 75ке жетти. Украин бийлиги бул Днепропетров облусунда быйылкы жылдагы эң оор, адамдар эң көп каза тапкан сокку болгонун билдирди.
Кыргызстанда 90го жакын адамдын өмүрү кыйылып, бийлик алмашуу менен аяктаган Апрель окуясына туура 15 жыл болду. Украинанын Кривой Рог шаарына жасалган чабуулдан набыт болгондор 20га, жаракат алгандар 75ке жетти. Президент Жапаров нааразылык жараткан Жер кодексинин жаңы вариантын артка кайтарды.
Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) аскерлери Газада палестиналык 15 куткаруучу, парамедикти өлтүргөнүн моюнга алды. Аскерлер маркумдардын айрымдары согушкерлер менен байланышта болгонун айтканы менен далилдерди келтире элек. Эки айлык жарашуудан кийин ЦАХАЛ 18-мартта анклавда согуштук аракеттерин жанданткан.
АКШда президент Дональд Трампка жана Мамлекетти эффективдүү башкаруу департаментинин башчысы Илон Маскка каршы нааразылык акциялары өттү. Бул Трамп экинчи мөөнөткө шайлангандан берки эң ири жүрүш.
Стратегиялык объект да, экстремалдык туризм да, дээрлик унутулуп калган жер да — мунун баары бийик тоолуу Эңилчек кыштагында. Союз учурунда бул шаарчада түстүү металлдар казылчу. Азыр ошол өндүрүштүн эски имараттары эле калган. Азыр жергиликтүү жашоочулар мал багып, тиричилик кечирип келишет.
Өзбекстандын Самарканд шаарында жогорку деңгээлдеги алгачкы Евробиримдик-Борбор Азия саммити өттү. Ага шаркеттин жана чөлкөмдөгү беш мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын лидерлери катышты.
Украинада Орусиянын чабуулунан төрт адам каза таап, 40тан ашыгы жараат алды. Өзбекстандын Самарканд шаарында жогорку деңгээлдеги алгачкы Евробиримдик–Борбор Азия саммити өттү. Жалал-Абадда коомдук жайларда никаб кийип жүргөндөргө эскертүү берилди.
АКШ президенти Дональд Трамп жарыялаган тарифтер учурда башкы жаңылыкка айланды. Кошмо Штаттарга сырттан импорттолуучу товарга тариф киргизүүнүн мааниси, Борбор Азия өлкөлөрүнө таасири тууралуу экономика боюнча эксперт, Улуттук банктын мурдагы төрага орун басары Жаныбек Оморов менен маектештик.
АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигеринин кыргызстандык жарандарга кайрылуусу. Элчи Америкага мыйзамсыз киргендерге карата жаза күчөгөнүн эскертип, ал өлкөдө мыйзамсыз жүргөн жакындарын мекенине кайтууга чакырууга үндөдү.
Орусиянын Украинадагы согушун токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттер көрүлүп жатканы менен азырынча майнап чыга элек. Мунун себеби эмнеде? Вашингтон менен Киевдин ортосундагы сейрек кездешүүчү минералдар тууралуу келишимге кол коюлбай жатканына эмне тоскоол?
Дональд Трамп 2-апрелде Кошмо Штаттардын соода өнөктөштөрүнө жооп катары алардан алынуучу жаңы төлөмдөр киргизилип жатканын жарыялады. 185 өлкөгө киргизилген тарифтердин тизмесинде Кыргызстан да бар. Бириккен Улуттар Уюмунун жумушчу тобу кыргыз бийлигин абактагы журналисттерди бошотууга чакырды.
АКШ президенти Дональд Трамп 2-апрелде Кошмо Штаттардын соода өнөктөштөрүнө жооп катары алардан алынуучу жаңы төлөмдөр киргизилип жатканын жарыялады. 185 өлкөгө киргизилген тарифтердин тизмесинде Кыргызстан да бар.
Дагы жүктөңүз