Орусия менен Украинанын өкүлдөрү үч жыл мурун үзгүлтүккө учураган сүйлөшүүнү кайра баштады. Стамбулда Киевдин жана Москванын делегациялары бетме-бет отуруп сүйлөштү. Көмүскө ишкер Хабибула Абдукадыр журналист Болот Темировдун жана Kloop басылмасынын үстүнөн сотко арызданды.
Стамбулда Орусия менен Украинанын үч жыл мурун үзгүлтүккө учураган тынчтык сүйлөшүүлөрү жанданды. Киевдин делегациясын коргоо министри Рустем Умеров, Москванын делегациясын президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектеп жатат.
Стамбулда Орусия менен Украинанын 2022-жылдан берки алгачкы тынчтык сүйлөшүүсүнүн биринчи раунду өттү. Кабар агенттиктери украиналык жана түркиялык дипломатиялык булактарга шилтеме жасап, сүйлөшүү эки саатка жетпей аяктаганын жазышты.
Бейшембиде украин президенти Владимир Зеленский Анкарада түрк лидери Режеп Таип Эрдоган менен жолукту. Анын алдында орус президенти Владимир Путин Стамбулдагы сүйлөшүүлөргө өзү барбай турганын билдирген жана технократтардан куралган делегацияны жөнөткөн.
Бейшембиде украин президенти Владимир Зеленский Анкарада түрк лидери Режеп Таип Эрдоган менен жолуккандан кийин Орусия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө делегацияны жөнөтөрүн бышыктады.
Украина-Орусия тынчтык сүйлөшүүсүнө катыша турган орусиялык делегациянын курамы жарыяланды. АКШ президентинин атайын чабарманы эгер Түркиядагы бул жолугушууга орус президенти Путин өзү катышса, ал жакка Трамп да барарын билдирген.
АКШнын президенти Дональд Трамп Эр-Риядда Сириянын утурумдук жетекчиси Ахмед аш-Шараа менен жолукту. Катардагы сириялыктар санкцияларды алуу жөнүндөгү кабарга кубанып турса, Израил аш-Шарааны "жихадчы" деп сыпаттап, Батыштын аны менен мамиле түзүүсүнө каршы.
АКШнын президенти Дональд Трамп Эр-Риядда Сириянын утурумдук жетекчиси Ахмед аш-Шараа менен жолукту. Анын алдыңкы күнү америкалык лидер Сирияга салынган санкциялар алынарын жарыялаган.
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия - Украина сүйлөшүүлөрүнө катышуу үчүн 15-майда Стамбулга барууну караштырып жатканын билдирди. Ал ортодо украин лидери Зеленский орус президенти менен гана жолугушууга даярдыгын билдирсе, Кремл азырынча Путиндин Стамбулга барарын бышыктай элек.
Президент Дональд Трамптын тушунда АКШ саясатын өзгөртүп, Сауд Арабия менен жарандык өзөктүк энергетика жаатындагы кызматташуу сүйлөшүүлөрүндө падышалыктан Израил менен алакаларды жөнгө салууну талап кылбайт. Аналитиктер муну Тел-Авив үчүн терс көрүнүш деп чечмелешет.
Зеленский Москванын бетме бет сүйлөшүү өткөрүү чакырыгын жакшы жышаан катары баалады.
Дагы жүктөңүз