Түндүк Корея аскерлери Украинага каршы согушуна аралашканын расмий ырастады. Президент Трамп Путинден Украинага сокку урууну токтотуп, тынчтыкка жетүүнү талап кылды. Прокуратура “Апрель” телеканалынын ишмердигин токтотууну өтүнүп, сотко кайрылды.
Расмий Пхеньян алгачкы жолу түндүк кореялык аскерлер Украинага каршы согушка аралашканын ырастады. Орус президенти Владимир Путин аларга Курск облусун бошотуудагы салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Жакында "Система" иликтөө долбоору орус абагында жатып согушка айдалгандар тууралуу иликтөө тартты.
Индиянын Кашмир аймагында 22-апрелде кол салуудан 26 киши каза болгондон кийин эки өлкөнүн алакасы курчуду. Абалдын чыңалышы согушка алып келиши мүмкүнбү?
АКШнын лидери Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Ватиканда Папа Францисктин мамлекеттик тажыясынын алдында жолугушту. Эки лидердин тең Украинадагы урушту токтотуу үчүн тынчтык сүйлөшүүлөрүндө ийгиликке жетебиз деген үмүтү бар.
Өзбекстанда фермерлер мамлекет кепилдик берген өнүгүү стратегиясынын алкагында өкмөт жерлерди кытай компанияларына берип жатат деп нааразы. Коңшу өлкөнүн бийлиги жергиликтүү тургундардын колунан пахта жана буудай өскөн миңдеген гектар түшүмдүү тилкелерди кайра алып жатканы белгилүү болду.
Орус күчтөрүнүн Киевди бутага алган соңку ракеталык жана дрон чабуулунан тогуз адамдын өмүрү кыйылды. Аны улай АКШ президенти Дональд Трамп орус президенти Владимир Путинди сындады.
АКШнын, Европа өлкөрүнүн жана Украинанын башкы дипломаттарынын бүгүн Лондондо өтө турган үч тараптуу сүйлөшүүсү жылып калды. Анда Украинадагы согушту токтотуу боюнча Вашингтондун сунушу талкууланат деп күтүлүп жаткан.
«Бул согуш туура эмес экенин эми түшүндүм», - дейт Борбор Азияда төрөлүп, Орусия тарапта согушкан Михаил.
Рим папасы Франциск (чыныгы ысымы Хорхе Марио Бергольо) 21-апрелде 88 жаш курагында Ватикандагы резиденциясы - Каса-Санта-Мартада көз жумду. Ал соңку айларда эки өпкөсү кагынып, дарыланып жүргөн.
Украина менен Орусия Пасха майрамына байланыштуу ок атышууларды 30 саатка токтотуу келишимин бузду деп бири-бирин айыптап жатат.
АКШ менен Ирандын өкүлдөрү Тегерандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына чогулду.
Дагы жүктөңүз