RSS, Podcast, тех.көмөк
RSS, Podcast деген эмне?
RSS – бул шарттуу кыскартуу. Анын англисче толук окулушу - Really Simple Syndication (“Маалыматты өтө жөнөкөй усулда кабылдоо”). Бул технология биздин интернет барагыбыздагы маалыматты сизге өтө ыңгайлуу жол менен алууңузга мүмкүндүк жаратат. Ар жолу тийешелүү бир темадагы окуяларды издеп машакаттанып отурбастан, сиз атайын программа түзүп, сиз кызыккан мындай кабарлар интернетке жарыяланаар замат өзүнөн-өзү эле компютериңизге интернеттен көчүрүлүп турушуна жетише аласыз.
Сиз RSS каналын колдонууга кантип кирише аласыз?
Жалпысынан, сиз news reader (“жаңылык окугуч”) деп аталган нерсеге муктажсыз. Бул программалык жабдуу RSS каналдарын “көздөн кечирип”, аларга жаңыдан катталган интернеттик макалаларды сизге жеткирип турат. Анын көптөгөн ар кыл варианттары бар, маселен, бул макалалардын кээ бирлери браузерлерди (интернет барактарын иликтөөчү программаларды) колдонуу аркылуу, башкалары компютерге жүктөө аркылуу колго тийет. Браузерге таянган жаңылык окугучтар сиз алдын-ала жазылып койгон маалымат топтомун маалымат жүктөгүч программасы бар ар кандай эле компютерден RSS каналдары аркылуу окушуңузга мүмкүндүк түзөт. Сиз өзүңүздүн электрондук каттарыңызды компютериңизге Outlook аркылуу кандайча жүктөп алсаңыз, же болбосо Hotmail сыяктуу интернеттик тейлөө кызматтарын колдонуу менен мындай каттарды интернет мейкиндигинде кандайча сактап келсеңиз, бул жерде деле дал ошого окшош усул колдонулат.
Көз карандысыз программалар
Сиз Google интернет барагын да колдоно аласыз, анын колдонулуш ыкмасы өтө жөнөкөй. Сиз, ошондой эле, интернет аркылуу жеңил-желпи издөө аркылуу башка да ар кыл тилдердеги жаңылык окугучтарды табышыңыз мүмкүн. Кайсы бир жаңылык окугучту тандаганыңыздан соң, сиз аткара турган иш - бирөө гана. Бул - өзүңүз кызыккан RSS каналдарын таап жана алардагы темаларга жазылуу аркылуу жаңылык окугучуңуз кайсы мазмундагы интернет кабарларын сизге сунуштап турушу жаатында бир чечимге келишиңиз.
Браузерлер аркылуу сунушталчу RSS каналы
Mozilla Firefox, Microsoft Internet Explorer 7 жана Opera сыяктуу браузерлер да RSS каналын интернет иликтөө жаатында пайдалануу усулун колдоого алат. Эгерде сиз өзүңүзгө ынаган кайсы бир RSS каналынын белгисин бассаңыз, анда алиги браузер дароо эле бул RSS каналын ачып берет. Анын интернет бетинин төр жагында Сизге “бул RSS каналына жазылгыңыз келеби жана аны кайсы жакка жайгаштыруу керек?” деген суроолор берилет.
Firefox браузери ушул тапта эч сурап отурбастан эле Live Bookmarks, Bloglines, My Yahoo жана Google сыяктуу программалар менен иштеше алат.
Сиз RSS каналы аркылуу “Азаттык үналгысынын” интернет барагынын тийешелүү тематикадагы маалыматтарына жазылсаңыз, андан соң сиз каалаган кабарлар жана башка материалдар интернет барагыбызга жарыяланаар замат сиздин өздүк компютериңизге жүктөлүп же экраныңыздагы интернет барагынан көрүнүп турат.
Подкаст – бул санариптик (digital) аудио же видео файл, же файлдардын түрмөгү. Бул файл (файлдар) интернет аркылуу таркатылат да, ташыма (портативдик) медиа ойноткучтарда жана өздүк компютерлерде кайра ойнотулат. Демек, интернет колдонгон кардар бул файлдарды интернеттен автоматтык түрдө көчүрүп алып, каалаган мезгилинде угуп же көрүү мүмкүндүгүнө ээ болот. “Подкаст” деген термин iPod (башкача айтканда, АКШдагы Apple компаниясы чыгарган компютердин музыкалык ойноткучу) менен “сыналгы жана үналгы берүүсү” (broadcast) деген англисче сөздү жалгаштыруудан келип чыккан.
Подкастинг кантип иштейт?
Подкастинг RSS деп кыскача шарттуу аталган эң жөнөкөй бөлүштүрүү технологиясына (really simple syndication) негизделген. Атайын автоматташтырылган зымчаны пайдалануу менен, тийешелүү аудио же видео файл дароо эле өздүк компютерге жүктөлөт. Подкастинг үчүн атайын орнотулган программа мезгил-мезгили менен жаңыланган нерселерди көзөмөлдоп турат да, качан гана жаңы (жаңыртылган) файл табылса, аны дароо компьютерге көчүрүп жүктөп турат. МР3 форматы – подкастинг үчүн эң ыңгайлуу файл ойноткуч формат экенин айта кетели.
Кандай программалар керек?
ITunes (Ай Тюнз) – үйрөнчүктөр үчүн эң жеңил программалардын бири. Бул программаны орноткондон кийин Сиз өзүңүз кызыккан подкастинг каналына жазылып алсаңыз болот. Кантип муну жүзөшө ашыруу керек? Анын жолу мындай - iTunes программасын ачыңыз, анын менюсундагы “Advanced” дегенге кирип, анан “подкастингге жазылуу” (“Subscribe to Podcast”) дегенди тандаңыз. Анан терезе ачылат да, ага өзүңүзгө жаккан подкаст булактын дарегине шилтемени (URL) көчүрүп алыңыз. Андан соң “ОК” дегенди бас. Эгерде Сиз биздин подкастинг сунушубузга жазылгыңыз келсе, анда ушул беттин оң капталындагы шилтемелер тизмесин колдонуңуз.
Подкасттын аты тизмеде пайда болот. Сол бурчтун төмөн жагындагы “Settings” (“Орнотуу”) деген топчуну басыңыз. Баса, Сиз жаңы жаздырыла турган подкастынг файлдарынын көзөмөлдөө интервалын жана компютериңиздеги сакталыш мөөнөтүн алдын-ала көрсөтүп койо аласыз. Тийешелүү каналдан көчүрүлүп алынчу файлдардын баарын каналдын аталышынын жанында жайгашкан үч бурчтук пиктограмманы басуу аркылуу көрүүгө болот. Компютерге iPod аспабын кошкондо, компьютердин мээсиндеги iTunes программасы компютердин тулкусундагы буга чейин жазылып алынган аудио жана видео файлдарды iPod аспабына автоматтык түрдө көчүрүп койот (синхронизациялайт).
iPodder (АйПоддер) – бул программа компьютер пайдалануунун мыкты чеберлери үчүн түзүлгөн. Анын аудио жана видео материалдарды жаздырып көчүрүүдө жана сактоодо алда канча ийкемдүү механизми бар. Мисалы, серверге көзөмөлдөөнүн так убактысын орнотууга болот. Программа компьютерге орнотулган соң, анын пиктограммасы Windows программасына орнотулган мезгилдик жадыбалга ылайык экранда пайда болот.
Техникалык көмөк
Мен сиздердин интернет барактагы аудиону кантип уга алам?
Көпчүлүк медиа ойногучтарды компютерге орнотууга болот. Компютериңиздин түзүлүшү ылайык келсе, сиз биз сунуштаган МРЗ форматындагы аудио-видео файлдарды көпчүлүк музыка ойногучтар аркылуу уга/көрө аласыз.
Эгер сиз Windows аракет системасын колдонсоңуз, анда Windows player ойноткучу адатта автоматтык түрдө орнотулат. Windows Media Player 9 же андан кийинки жаңы программаларды колдонуу абзел болоор эле.
Эгерде сиз Real Player программасын колдонсоңуз, анда анын 10-версиясын же андан да жаңы чыгарылыштарын колдонууңузду сунуштаар элек.
Сиз аудио материалды угуу үчүн компютериңизге аудио ойноткуч орнотушуңуз керек. Сиз Real Player же Windows Media Player программасын интернеттен компютериңизге жүктөй аласыз. Бул ойноткуч программаларды компютерге кантип орнотуу керектиги боюнча алардын интернет барактарындагы тийешелүү колдонмолорду караңыз.
Эгер мен аудионун шилтемесин басканда анын үнү чыкпаса эмне кылуум керек?
Эгер сиздин аудио ойноткуч жаңыланган болсо жана анда жетишээрлик жыштык диапазону барболсо, анда медианы ачуу үчүн компьютердин тармактык коргонуу системасын өзгөртүүңүз керек. Тилекке каршы, бул тийешелүү кырдаалга ылайык гана оңдоого жаткан иш. Эгер сиз кызматтык кеңседе же интернет кафеде отурсаңыз, анда техникалык тейлөө кызматкерине көмөк сурап кайрылыңыз.
Кайсы веб-браузер колдонулат?
”Азаттык үналгысынын” azattyk.kg интернет барагы дээрлик бардык эле браузерлерге ылайыкташкан, бирок интернет барактын өзү Internet Explorer 7.x жана Mozilla Firefox 1.x or 2.x. браузерлерине көбүрөөк ыңгайлаштырылган.
azattyk.kg интернет барагын кантип бетачаар барак кылуу керек?
Эгерде Windows тармагында Internet Explorer 6 браузери же андан жогорураак программалык варианты колуңузда болсо, төмөнкүдөй тартипте иштеңиз:
- "Tools" (“Аспаптар”) куржунун ачып, андагы "Internet Options..." (“Интернеттик амал варианттары”) деген седепти басасыз.
- Андан “General” (“Жалпы”) дегенди тандап аласыз.
- Андан соң “Home Page” (“Бет ачаар барак”) деген сөз жазылган терезедеги дарек (“Address”) жазылчу жерге http://www.azattyk.kg/ деп тересиз.
- Терезенин ылдый жагындагы “OK" (“Жарайт”) дегенди басыңыз.
Эгерде Windows тармагында Firefox 2.x браузерин пайдаланып жатсаңыз, анда төмөнкү иштерди аткарыңыз :
- "Tools" (“Аспаптар”) куржунун ачып, "Options" (“Амал варианттары”) деген седепти табыңыз.
- Бул жерде “Main” (“Башкы”) дегенди таңдаңыз.
- “Home Page” (“Бет ачаар барак”) терезесинин ичине http://www.azattyk.kg/деп жазыңыз.
- Терезенин ылдый жагындагы "OК" дегенди басыңыз.
Эгерде MacOS X үлгүсүндөгү Firefox 2.x браузерин пайдаланып жатсаңыз, анда төмөнкү иштерди аткарыңыз :
- "Tools" (“Аспаптар”) куржунун ачып, "Options" (“Амал варианттары”) деген седепти табыңыз.
- Бул жактан “Main” (“Башкы”) дегенди тандаңыз.
- “Home Page” (“Бет ачаар барак”) терезесинин ичине http://www.azattyk.kg/ деп жазыңыз.
- Терезенин ылдый жагындагы "OК" дегенди басыңыз.
Эгерде кандайдыр-бир түйшүк чыгып жатса, анда биздин Webeditor@rferl.org жана web@rferl.org электрондук дарегибизге көмөк сурап кат жазыңыз