"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
25-ноябрдан тарта Кыргызстанда аялдарга карата зомбулукка каршы он алты күндүк өнөктүк жүрүп жатат. "Азаттыктын" кабарчылары зомбулук көрүнүштөрүнө, себептерине, мындай фактылардын ачыкка чыгуу тенденциясында өзгөрүү бар-жогуна кызыкты.
"Азаттыкттын" кабарчылары медициналык жайлардагы коопсуздукка, тез жардам кызматындагы жагдайга, бейтап -дарыгер мамилесине кызыкты.
Ошто 10-ноябрь жаштар күнүнө, 17-ноябрь студенттер майрамына карата 14-ноябрдын кечинде өткөн майрамдык салтанат шаардагы көпүрөнүн курулушуна карата марафон менен коштолду. Анда айрым студенттер стипендияларын, мугалимдер айлыгын, кыз-келиндер болсо сөйкө, шакектеринен бери асма көпүрөнүн бүтүшү үчүн тапшырып жиберишти.
Ош шаардык кеңешинин депутаттары мындан бир айча мурдараак башталган асма көпүрөнүн курулушу мыйзамсыз экенин жана иш плансыз жүрүп жатканын айтып чыгышты.
Ошто шаар мэрин шайлоону утурлай саясий күчтөрдүн ортосунда сүйлөшүүлөр, соодалашуулар башталганы байкалууда. Бирок шаар башчысын шайлоо күнү али белгилене элек.
Быйылкы окуу жылдын экинчи айында "Азаттыктын" кабарчылары мектеп рэкетчилиги боюнча соңку тенденцияга кызыкты.
Ош шаарындагы Курмай айт намазына 25 миңдей киши чогулганы айтылууда.
Кара-Суудагы мектептин 9-классынын окуучусу сабакка жоолук салынып келип жатканы үчүн мугалимден таяк жегенин айтып чыкты.
Ошто текшерилген кытай оюнчуктарынан балдардын ден соолугуна зыяндуу заттар табылды.
“Фридом Хаус” уюму Ош облустук сотунда аялдар тобунун эки адвокатка кол салышын айыптады.
Ош облустук “Уш садоси” гезитинин башкы редактору Мухаммадсали Исмаилов эки жылга шарттуу кесилди. Соттун өкүмү дагы бир апта ичинде күчүнө кирсе, алар бул мөөнөттү үй камагында өткөрүшөт.
Кара-Суунун чек арадагы Керме-Тоо айылында 10 гектардай алма бакты өзбек чек арачылары ээлеп алганы айтылууда.
Шаардык кеңешке шайлоо учурунда Социал-демократтар менен "Өнүгүү" партиясынын ортосунда орун алган чатактан үч адам жабыркады. Күбөлөрдүн айтымында, №5266 шайлоо участогунда болгон бул чыр добуш берүүдөгү мыйзам бузуудан келип чыккандыгы кабарланууда.
Шаардык кеңешке шайлоо учурунда эки партия өкүлдөрүнүн ортосунда чыккан чырдан ок атылып, үч адам жабыркады.
Ички иштер министрлиги Оштун Ноокат районунда жашаган Таалайбек Ботобаев үйүндө 4 кул кармап келгенин жарыялады.
Укук коргоочу Равшан Гапиров Ош шаардык милициясын жана прокуратурасын соттон утуп алып, 440 миң сом доого жыккан.
Кытайдын пластик идиштери базарда арзан сатылып жатканы, кымыз өндүрүүгө да ушул буюмдар колдонулуп калды.
Алыскы Алайкуу жергесинде телефондон Твиттерге катталып, смс аркылуу маалымат алуу жайыла баштады.
Ош мэриясы 9 кабаттуу үйдүн курулушуна уруксат бербегендиктен 100дөн ашык тургун турак-жайсыз калды.
ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча комиссары Кнут Воллебек 3 күндүк иш сапарынын алкагында өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов менен жолукту.
Дагы жүктөңүз