"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Бир жыл мурда Донецк облусунда кулаган учакта жарандары каза болгон Нидерланд, Малайзия баштаган беш мамлекет кырсыкка себепкерлерди эл аралык сотко алып келүүнү жана Орусияга таасир этүүнү көздөшүүдө.
Жайдын ысык күндөрүнө туш келген рамазан айы Борбор Азия өлкөлөрүндө бир топ чектөөлөр жана жаңы эрежелер менен коштолууда.
Өзбекстан телеканалдарында аялдарга “махабат жихады” боюнча байма-бай түшүндүрүү иштери жүрүүдө.
Имаратка кирүүгө аракет кылган алты согушкерди полиция эки саатта араң жок кылды. “Талибан” кыймылы кол салуу коргоо министрине сунушталып жаткан Массум Станекзайга каршы жасалганын билдирди.
Орусиянын Новосибирск облусунун прокуратурасы “Таблиги жамаат” уюмунун 16 мүчөсүнө айып такты.
“Талибандын” барымтасындагы тажикстандык 4 чек арачы бошотулду. Алты айдан бери Ооганстандагы согушкерлердин колунда туткунда жүргөн чек арачылар Катар бийликтеринин кийлигишүүсү менен боштондукка чыккан.
Мурдагы прокуратура кызматкери Канжар Кадыралиевдин үстүнөн арыздангандардын бири БУУ жетекчиси Пан Ги Мунга даттанууга аракет кылды.
Кыргызстандыктар бүгүн 2010-жылкы кандуу июнь калабасын эскерип, маркумдарга куран окуп жатышат. Беш жыл мурда болгон улут аралык бул жаңжал жүздөгөн адамдардын өмүрүн алып, миңдеген адамдарды жер которууга аргасыз кылды. Далайлары калабада дарексиз жоголгон жакынын таба албай ушул күнгө чейин беймаза. Беш жыл мурдагы бул окуяны “Азаттыктын” кабарчылары дагы эскеришип, айрым өңүттөрүнө кайрылышты.
“Дордой” базарында соода жүгүртүү 80 пайызга азайды. Муну соода комплексинин кесиптик кошууну Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүү процессинин кечеңдеши менен байланыштырууда.
Оштогу Рыспай Абдыкадыров атындагы филармонияда иш жүрбөй, “маданият үйү” деген аты өчүп калганын айрым маданий ишмерлер айтып чыгышты.
Жалпы республикалык тестирлөөнүн суроолорун сүрөткө тартып, интернетке жарыялап жиберген бүтүрүүчүлөр элден кечирим сурады.
Чоң-Алайда жергиликтүү кеңештин депутаттары район акими Азизбек Ашыралиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылууда.
Оштогу эң бай кишилердин бири Жалил Атамбаев коогалаңда “жабыркадым” деп өрттөнүп кеткен бир эле турак жайы үчүн төрт үй алганы айтылууда. Коогадан жабыр тарткандар үчүн курулган үйлөр дагы 40тай кишиге мыйзамсыз берилген.
Араванда 400 гектарга жакын жер Өзбекстанга сатылып кеткени тууралуу интернетте кабар тарады.
Соңку бир ай ичинде эле Араван районунан отуздай малды Өзбекстандан келгендер уурдап кетишкен. Чек арадагы Төө-Моюн айылынан жоголгон жандыктардын бири да ушул күнгө чейин табыла элек.
Учурда Ошто үрөй учурган түрдүү ушак-айың тарап жатат. Күч органдары болсо кооптонууга негиз жоктугун айтып, элди чагымга алдырбоого чакырууда.
Оштун милициясы жана УКМКнын аймактык башкармалыгы имараттарына кирчү эки жолдун баш-аягын тосуп алышты.
Дагы жүктөңүз