"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
Президенттик шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышкан ырчылардын гонорары 20-30 миң долларды түзүүдө.
Бишкекте адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын “Бир дүйнө Кыргызстан” фестивалы өтүүдө. Быйыл бешинчи жолу өтүп жаткан фестивалга ондогон чет элдик режиссерлор өз тасмаларын алып келишкен. Эң биринчи болуп канадалык режиссер Рама Раунун “Базар” деп аталган тасмасы көрсөтүлдү.
Кыргызстандык жаш пианист Азамат Сыдыков Нью-Йорктун “Стейнвей Холлунда” өткөн Franz Lizst: Life in Musiс фестивалына катышты. Азамат Сыдыков азыр Mannes College of Music окуу жайынын студенти.
Психиатриялык стационарларда сыркоолорду кул катары колдонушарын укук коргоочулар айтып чыгышты. Дарыгерлер мындай айыптар менен макул эмес.
Партиянын лидери Феликс Кулов фракция жетекчиси кызматын башкага тапшыруу боюнча 15 депутаттын чечиминин күчү жоктугун билдирди.
2007-жылы Ош облусунда 40тан ашуун ымыркай дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ВИЧ инфекциясын жуктуруп алышкан эле. Күнөөлүүлөр жазаланбай, мамлекет тарабынан да тийиштүү көңүл бурулбаганынан улам ошол балдардын ата-энелери митингге чыкты.
Бакиев бийлигинин тушундагы оппозиция лидерлеринин бири, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев 7-апрель окуясы боюнча сотто күбө катары суралды.
Эгемендикке арналган салтанат аяктагандан кийин аянтта жана анын тегерек четинде таштандылар жайнап калды.
Түштүк Кореяда мыйзамсыз иштеп жүргөн кыргыздар ар кандай кырсыктарга кабылууда жана айрымдары өлкөдөн чыгарылып жатат.
Бейбаш өспүрүмдөр менен иштеп, алардын укуктарын коргоочу атайын уюм ачылганы жатат. Буга байланыштуу Бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын юристи Мирлан Медетов “Азаттыкка” маек курду.
7-август түнү Ысык-Көлдө эс алып жүргөн казак жараны Ерлан Балмахаевди сабап, тоноп кетишкенин кабарлаганбыз. Ушул тапта Балмахаев Чолпон-Ата шаардык ооруканада жатат.
Кыргызстанда акыркы 2 жылдын ичинде ара төрөлгөн 500дөн ашык ымыркай чарчап калган. Бишкектеги перинаталдык борбордун ара төрөлгөн балдар бөлүмүнүн башчысы Аида Кулубаева “Азаттыкка” маек курду.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдөгү мигранттар үчүн консулдук төлөмдөрдү кыскартуу боюнча токтомду коомдук талкууга алып чыкканы жатат.
Кыргызстанда маңзат чеккендер жана сайынгандар саны көбөйүүдө. Бул ооган апийиминин көбөйүшүнө жана салыштырмалуу арзандыгына байланышкан.
Бишкектин колтугундагы Ак-Жар конушунун тургундары социалдык талаптар менен эки күн бою Бишкек менен Нарын, Ысык-Көл дубандарын байланыштырган жолду тороп турушту.
Бишкектин четинде Ак-Жар аттуу конуштун тургундары Бишкек – Торугарт автожолун бууп салышты.
Бишкектен чыккан “Ролс” тобу дүйнөгө даң салган “Битлз” тобун пир тутуп, жалаң гана анын чыгармаларын аткарып жүрөт. Аз убакыт арасында “Ролс” тобу Кыргызстанда өз күйөрмандарын тапканга жетишти.
Кыргызстанда укук коргоочулар кылмыштуу иштерге кириптер болгон өспүрүмдөргө гумандуу мамиле жасоо чакырыгы менен прокуратура кызматкерлери жана тергөөчүлөргө кайрылды.
Бүгүн Бишкектин Спартак стадионунда өтүүчү Кыргызстан - Өзбекстан футболдук беттешүүсү бүт коомчулуктун көңүл чордонуна чыкты. Көпчүлүктү оюндун жыйынтыгынан мурда коопсуздук чаралары жана күйөрмандардын жүрүм-туруму кызыктырууда.
Кыргызстандын ар кайсы аймагынан Бишкекке келип, негизинен базарларда соода менен күн өткөрүп жаткандар шаарда каттоосу жоктугунан жапа чегүүдө.
Дагы жүктөңүз