Президент Аскар Акаевдин кызматтан кетишин, президенттик шайлоонун мөөнөтүнөн мурда болушун, 13-марттагы парламенттик шайлоонун экинчи айлампасынын таза өткөрүлүшүн жана облустун губернатору орунбасарлары менен кошо кызматтан кетүүсүн талап кылган пикетчилер 5-мартта да акцияны улантышты. Пикетчилер 27-февралдагы шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолуп, көпчүлүк эл жактаган Кыргызстан элдик кыймылынын мүчөлөрүнө бут тосуулар болгонун жана өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы начар экенин белгилешти.
Кыргызстан элдик кыймылынын облустук бөлүмү 4-мартта уюштурган митингдин катышуучулары жума күнү түшкү саат бир жарымда облустук бийликтин имаратын ээлеп алышты. Алар менен облустун укук коргоо жана коомдук тартипти сактоо уюмдарынын башчылары баарлашты. Имараттын ичиндеги 181 адам президент Аскар Акаевдин кызматтан кетишин талап кылышууда.
23-февралда Жалалабат шаарында өткөн жөө жүрүштүн катышуучулары президент Аcкар Акаевди жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевди отставкага кетүүнү талап кылышты. Элдин пикиринде мамлекеттик массалык маалымат каражаттары окуяларды бурмалап чагылдырып жатышат.
Өлкөнүн коопсуздук Кеңешинде президент Аскар Акаев «парламентик жана президенттик шайлоодо коомдук-саясий кырдаал курчуп, диний экстремизмдин эл аралык террорчулар менен биригип кетүү коркунучу бар» деп айткандай, абалдын олуттуу өзгөрүүсүнө оппозициялык партиялар таасир эте алабы? Бийлик сындагандай, оппозициялык партиялардын өкүлдөрү тыш жактан каржыланабы? Диний экстремистттик уюм деп саналган «Хизб-ут-тахрир» партиясынын эл аралык террорчулар менен байланышы канчалык ?