Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында ишемби күнү кайрадан чыр чыгып, жол буулду. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң кечке жуук абал жөнгө салынып, жол ачылды.
Кыргыз өкмөтүнүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров кыргыз-тажик чек арасына жакын жайлоолорду тажик тарапка ижарага берүүнүн жол-жобосун айтып берди.
Баткен шаарынын борбордук аянтына чогулгандар өлкө бийлигинен чек ара маселесин тезинен чечүүнү жана облус жетекчилигине мурдагы губернатор Мамат Айбалаевди дайындоону талап кылышты.
Баткендин Тажикстан менен чектеш жериндеги кагылыштан кийин учурда абал турукташа баштады. Кыргыз-тажик чек арасында 8-майга караган түндөгү жаңжалдан кыргыз тараптан ондон ашуун адам жаракат алып, дүкөндөр жана унаалар өрттөлгөн.
"Ата Мекен" фракциясынын Жогорку Кеңештеги "Ырыс алды - ынтымак" деп аталган башкаруучу коалициядан чыгуу чечими анын ыдырашына алып келди.
Саруу айылынын тургундары Балыкчы - Каракол жолун жекшембиде кечке жуук кайрадан бууп салышты.
"Азаттыкка" келген Баткен облусунун тургундары чек арадагы абалды айтып беришти.
Ысык-Көлдүн Ак-Шыйрак айыл аймагындагы кыргыз-кытай чегине жакын жердеги кармаш аяктап, чек араны бузуп кирген топ жок кылынды.
Айтмамат Кадырбаев бүгүн шаардык кеңештин 25 депутатынын колдоосу менен Ош шаар башчылыгына шайланды.
11-январда Баткендин чек арадагы Ак-Сай айылына жакын жерде кыргыз-тажик чек арачылары атыша кетип, 5 кыргыз, 3 тажик чек арачысы жана 1 кыргыз милиционери жаракат алды. Кыргыз тарап тажик чек арачылары америкалык өндүрүштөн чыгарылган минометту колдонуу менен эл аралык нормаларды бузганын айтууда. (Сүрөттөрдү "Азаттыкка" Баткен облустук телерадиокомпаниясынын жетекчиси Мамажан Бердишев сунуштады.)
Бүгүн муфтийлик кызматтан кеткен Рахматулла ажы Эгембердиев кечээ "Азаттыктагы" маегинде өзүнүн тегерегиндеги чуулуу иштерге тиешеси бар делгендердин катарында Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдышүкүр ажы Нарматовдун да атын атаган эле. Нарматов өз дарегине айтылган айыптоолордун баарын негизсиз деп четке какты.
Баткенде Тажикстандын Ворух анклавы менен чектеш жерде чыр чыгып, эки тараптан тең жол тосулду.
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен бүгүн Мелис Мырзакматов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан бошотулду.
"Ата-Журт" фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков УКМКнын убактылуу абагына камалды. Ага коррупция боюнча айып тагылууда.
Лейлек районундагы мунай чыккан Катта-Туз деген жерге кечээ кирип келген тажик чек арачылары бүгүн түшкө жуук араң чыгарылды.
Чек арадагы атыштан бир өзбек чек арачысы каза таап, дагы бири жаракат алганы кабарланууда.
Тажик тарап 30 жылдан бери иштетип келген Лейлектеги мунай кениндеги иш токтотулду.
Кыргыз-тажик чегиндеги Ак-Сай айылы менен Ворух анклавынын тургундарынын ортосундагы абал чыңалган бойдон турат.
Бостондогу кош жардырууга шектелген Тамерлан жана Жохар Царнаев Токмок шаарынан көчүп кеткени айтылууда.
Дагы жүктөңүз