Ош базарындагы радиотүйүндүн жарыясы аркылуу Орусияга иштегени кеткендер алданып калганын айтышты.
Бишкекте “Мага баары бир эмес” урааны алдында жарандык форум өтүүдө. Эки күндүк иш-чарада жаштардын коомдогу, саясаттагы орду талкууланат.
“Манас” аэропортуна чейин жаңы курулган жол бир жылга жетпей бузула баштады.
Бишкектен "Манас" аэропортуна кеткен жолдун боюнда жайгашкан Учкун-2 конушунун жашоочулары беш жылдан бери электр жарыгысыз күн кечирип келет. Бул конушта суу, жол сыяктуу инфраструктуралар да жок. Каттоо кызматы үй курууга уруксат деген кызыл китептерди берсе да прокуратура тилкелер мыйзамсыз деген
“Газпром Кыргызстан” ишканасы Бишкектеги Керамика конушунуа газ киргизди. Буга чейин он конушка түтүктөр тартылып, бирок газга кошула элек болчу. Айрым конуш тургундары газ тартуунун баасы кымбат экени н айтып, нааразы болуп келишкен. “Газпром Кыргызстан” ишканасы болсо газдаштыруу акысын эки эсе ар
Сокулук районундагы Ново-Павловка айылындагы курулушу бүтө элек 29 турак үйдү белгисиз адамдар түн жамына бузуп кетишкен. Жергиликтүүлөр муну жер тилкелерине буга чейин ээлик кылган Чынара Турушбековадан көрүшүүдө. Анткен менен Турушбекова бул окуяга тиешеси жоктугун айтып жатат. Анын ишендиришинче,
Ново-Павловка айылындагы курулушу бүтө элек 29 үйдү белгисиз адамдар түн жамына бузуп кетишкен.
Кыргызстан эгемендик алгандан бери эл аралык донорлордон 9 миллиард 200 миллион доллар грант, кредит алган. Бул каражаттар ар бир кыргызстандыкка бөлүнсө 1500 доллардан тиймек. “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү карызга алынган каражаттардын кайда корогонун иликтөөгө алды.
Садыр Жапаровду колдоо митинги учурунда анын тарапташтары да, тартип сакчылары да жабыркаган.
КСДП фракциясы депутат Жанар Акаевди өз курамынан чыгаруу чечимин алды.
КСДП Жанар Акаевди фракциядан чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу фракция лидери Иса Өмүркулов билдирди. Анын айтымында, буга Акаевдин позициясы фракцияныкына дал келбей калганы себеп болгон. Анткен менен Жанар Акаев мандатын тапшырбай, эркин депутат катары ишин улантарын айтууда.
Бишкекте элди бийликтин кысымына каршы бирге турууга үндөгөн эркиндик форуму болуп өттү.
Кыйноолорго каршы улуттук борбор беш активист катаал шартта жаза өтөп жатканын айтып чыкты.
18-мартта Бишкекте саясий укуктарды жана сөз эркиндигин коргогон тынчтык жүрүш болду.
Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун иши Жогорку Кеңеште кайрадан сынга кабылды.
Көз карандысыз журналисттер союзу медиа менен бийликти конструктивдүү диалогго чакыруу максатында жыйынга чогулду. Анда айрым басылмалардын бийлик тарабынан сотко берилиши да талкууланды.
Көз карандысыз журналисттер айрым басылмалардын бийлик тарабынан сотко берилишин талкуулады.
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү иликтөөгө алды. Бул берүүдө 600 сом жарык карызы үчүн өмүрүнөн ажыраган кардар, эсептен жаңылган акылдуу эсептегичтер жана бөлүштүрүүчү компаниялардагы коррупциялык схемалар тууралуу сөз болот.
Мэрдин маалымат катчысынын күтүүсүз кызматтан алынышы ар кандай талкууларга жем таштады.
Депутат Шыкмаматов УКМКда сурак берди, Нарында Самаковдун тарапташтары митингге чыкты.
Дагы жүктөңүз