“Алкан” базарынын айрым сатуучулары күркөлөрдүн ижара акысы 100 долларга кымбаттарын угуп, нааразылык акциясына чыгышты.
Чек арада чайналган соодагерлер
Таштанды тоосунда кошок кошулду
"Люстрация" кыймылы митингге чыкты
“Сообща” кыймылы баштаган 40ка жакын ар кандай бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кыз-келиндерге жана кумсаларга карата жасалып жаткан зордук-зомбулуктарга каршы жөө жүрүшкө чыгышты.
Бишкектин четиндеги Дордой базарына тарапташ жайгашкан Келечек, Дордой-1 конуштарынын түптөлгөнүнө 15 жылга аяк басса да көчөлөрү асфальт көрө элек. Келечектин 14 көчөсү тең жаан-чачында жөө эмес, машине менен өтүүгө мүмкүн болбой калат. Жергиликтүү жашоочулар баткак көчөлөрдөн буттарына целлофан баштык кийип өтүшөт. Болбосо бут кийим түтпөйт.
Кыргыз мыйзамдары ит этинен тамак жасоого тыюу салганы менен Бишкектеги корей ашканаларында ал чүйгүн тамак катары кастарланып келет.
Сокулуктун Лесное айылындагы алты балалуу үй-бүлө убактылуу баш калкалап жаткан үйүнөн ажыраганы турат.
Лесное айылы карамагына кирген Ат-Башы айыл аймагынын башчысы Азизмамет Сейталиев аталган үйдү айыл өкмөттүн балансына өткөрүү үчүн сотко кайрылганын айтууда.
Чиедей 6 баладан үй талашкан айыл өкмөт
Баткендин кыргыз-тажик чегиндеги айылдарынын калкы Ак-Сай – Көк-Таш жолунун курулушун тезинен улантууну талап кылууда.
6-мартта Тажикстандын Транспорт министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы “Карамык”, “Гүлистан” көзөмөл-өткөрмө жайлары ачылып, 39 жүк ташуучу унаа ары-бери өткөнүн билдирген.
Мамлекеттик кызматкерлер былтыркы жыл үчүн кирешеси жана мүлкү тууралуу декларациясын тапшырып бүтүштү. Быйылкы өзгөчөлүк - андагы маалыматтын чын-бышыгы текшерилет.
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров “Минскте майдан болот!” деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп, Бишкектеги Беларус элчилигинин алдына пикетке чыкты.
Бишкектеги №4 төрөт үйүнүн дарыгерлери жаңы төрөлгөн баланы чарчап калган ымыркай кызга алмаштырып салышкан.
3-март – Мамлекеттик туунун кабыл алынган күнүнө карата Бишкектеги Ала-Тоо аянтында туу жана калпак майрамы белгиленди. Аталган иш-чараны 2010-жылдан бери Жаштар, эмгек жана миграция министрлиги уюштуруп келет. Туу күнүндө баш калаадагы студенттер жөө жана авто жүрүш уюштурду.
7-октябрда Караколдо болгон Кумтөр кенине каршы башаламандык уюштургандардын төртөө 4 жылдан 8 жылга чейин күчөтүлгөн режимдеги абакка, калган төртөө шарттуу мөөнөткө жаза алышты.
“Калыс” саясий кыймылынын мүчөлөрү жарандык активист Илья Лукаштын сүрөтүн АКШ элчилигинин алдында өрттөштү.
"Газпром нефть - Азия" журналисттер үчүн Бишкек-Ош түштүк экспедициясын уюштуруп, түштүккө күйүүчү май ташуу түйшүгү менен жакындан тааныштырды. 15 саатка созулган узак жолдо жол азабын май ташуучу машинелерге отуруп алып өз жон терибиз менен сезип келдик. Түштүккө ташылган күйүүчү майдан 90 пайызы кара жол аркылуу ташылат. Күйүүчү майлар Кыргызстанга 2009-жылга чейин Омскиден түштүккө темир жол аркылуу түз ташылчу. Бирок ташылып келаткан кара майдын өзбек-тажик чек арасында жоготууга учурашы жана чек арадагы маселелер кара жол менен ташууга аргасыз кылган.
Коомдук биринчи каналдын баш директору Кубат Оторбаев журналисттердин алдында 2013-жылы жасалган иштер боюнча отчет берип, талаш жараткан суроолорго жооп берди.
Дагы жүктөңүз