Интернетте 19 жаштагы кызды энеден туума чечинтип алып суракка алган кыргыз жигиттеринин видеосу кызуу талкуу жаратууда.
Сот реформасын аягына чыгарууга азыркы бийликтин саясий эрки жетеби? Соттор Конституцияда жазылгандай көз карандысыз, акыйкат жана жоопкерчиликтүү болушу үчүн эмне кылуу керек? "Ыңгайсыз суроолор" ушул суроолорго жооп издейт.
Аламүдүн районунун тургуну Анара Кыдыралиева жоопкерчилиги чектелген коомго таандык 60 сотых жерди вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевден бир тууган агасынан ала албай убара.
Чүй облусунун райондор аралык соту Бишкектин Кара-Жыгач жаңы конушундагы депутат Карганбек Самаковго таандык делген 42 гектар жайыт жерди айыл өкмөттүн карамагына кайтарган чечимин чыгарды.
Абакта жатып алып абадан акча жасаган шылуундар жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Алдамчыларга жем болгондордун арасында катардагы жарандан баштап министрлерге чейин бар.
Муфтий Максат ажы Токтомушев баш болгон 40тан ашык адам ири суммадагы акчасын шаардык милициянын полковнигинин тууганына алдатканын айтып чыгышты.
30-майда Германиядагы кыргызстандыктар Берлинде чогулуп, Элчинин кубогу үчүн ат салышты.
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы “Ата-Журт” фракциясынын мурдагы депутаты, учурда камакта отурган Нариман Түлеевге жаңы кылмыш иши ачылганын маалымдады.
Эркинен ажыратылгандар түрмө жетекчилиги менен бирге Президенттик администрация жетекчиси Данияр Нарымбаевдин атын сатып, телефон аркылуу аткаминерлерди алдаганы ачыкка чыкты.
Коомдук каналдан тарыхчы Абдрахман Алымбаевдин кыргыздарды арстанга, башка улут өкүлдөрүн чөөлөргө салыштыруусу талкуу жаратты.
Октябрь райондук соту Карганбек Самаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, эки айга үй камагына чыгарды.
Коррупцияга каршы күрөшүүнү максат кылган АКОС уюмунун ичинде жемкорлукка байланышкан чыр чыкты.
Кыргыз саясатчылары добуш топтоо максатында элге тоодой убада берип, бирок аны аткарбаганы кадыресе көрүнүшкө айланды.
"Азаттык" президент Алмазбек Атамбаевдин чыгымдарын иликтеп чыкты. Мамлекет башчысы канча айлык алат, ага канча адам кызмат кылат?
Кадамжай районундагы Бел-Алма көмүр кенин таасирдүү адамдар кайрадан талашып жатканы маалым болду.
Шайлоо кодексине киргизилген жаңы өзгөртүүлөр парламент тарабынан 3-окууда кабыл алынды.
Кыргызстандык оор жүк ташуучу 13 айдоочу мыйзамсыз жүк ташыды деген негизде Казакстандын убактылуу кармоочу жайында отурганына туура бир жыл болду. Бул тууралуу алардын жакындары “Азаттыкка” кабарлашты.
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев азыркы өкмөт Кумтөр кенин улутташтырууга да, канадалыктар менен биргелешкен ишкана түзүүгө да барбай тургандыгын ачык айтты.
Дагы жүктөңүз