Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызтанда ар бир жыйырма бешинчи аял сексуалдык зомбулуктун курмандыгы болот.
Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна которулган 350 миллион доллардын 265 миллиону төрт пайыз үстөк менен орус банктарына берилиши парламентте кызуу талкуу жаратты.
Эркин - Албек Ибраимов 97-жылдан бери Алмазбек Атамбаев менен жакшы ымалада экени белгилүү. “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү Бишкектин жаңы мэри Албек Ибраимов тууралуу иликтөө жасады.
Шаардык кеңеш президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кадры Албек Ибраимовду дээрлик бир добуштан Бишкек мэрлигине шайлашты.
Кеңешбек агай жолдун катаалдыгына карабай жаштарга билим берип келет. Ал күнүнө эки сааттык жол басып, болгону 8600 сом гана айлык алат.
Google Translate электрондук котормо системасына расмий түрдө кыргыз тили да кошулду. Бул үчүн 700гө жакын ыктыярчы беш жылдык эмгек сарптаган.
12-февралда дагы бир мандат талашка чекит коюлду. Жогорку Сот “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Урмат Ишенбековду депутаттык креслодон кол жуудурган Боршайком менен райсоттун чечимин күчүндө калтырды. Ишенбеков шайлоого саналуу айлар калганда түзүлгөн “Кыргызстан” партиясынын мандаттан зордоп ажыратылган үчүнчү депутаты болуп калды.
Жогорку сот “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Урмат Ишенбековду мандатынан ажыраткан БШК менен райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Ишенбеков бул партиянын мандаттан кол жууган үчүнчү депутаты болуп калды.
Ысык-Көлдө өздөрүн пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз деген “йакын-инкар” жамаатынын мүчөлөрү көбөйүп барат. Алар заманбап турмуш-тиричиликти четке кагып, даават ишинде муфтият көрсөтүп берген айрым тартиптерге баш ийишпейт деген сындар айтылууда.
“Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү Кыргызстандын кризиске кептелген энергетика тармагын иликтөөгө алды.
Анкара шаарында кыргыз-түрк ишкерлеринин бизнес форуму башталды. Форумдун негизги максаты - Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийинки эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү. Иш-чарага Кыргызстандан 100дөн ашык, Түркиядан 150гө жакын ишкер катышууда.
Бишкектин дайын-дарексиз тургундары
Бейөкмөт уюмдарды "чет элдик агент" катары таануу боюнча мыйзам долбоору февралда парламент комитетинде каралып, экинчи окууга добуш берүүгө жөнөтүлөрү айтылды.
Ылайдан ылганган “Ырыскы”
Ичип-жеп жүргөн тамак-ашка кылдат мамиле жасабай коюу коркунучтуу экендигин эки адамдын өмүрүн алып, ондогон адамдарды оор акыбалга келтирген акыркы уулануулар дагы бир ирет тастыктады. Мындан улам "Азаттыктын” кабарчылары тамак-аш коопсуздугуна кайрылды.
Жогорку Кеңештеги “Кыргызстандын” эки депутаты фракция чечими менен мандаттан ажыратылып, сот аркылуу кайра алышы башка партияларды да дүрбөлөңгө салды.
Кыргызстанда соңку беш жылда 21 адам тамак-ашка ууланып өлгөн. Алардын дээрлик бардыгы үй шартында консерваланган салаттардан ботулизм илдетине чалдыгышкан. “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү мындан улам өлкөдөгү тамак-аш коопсуздугун иликтөөгө алды.
Жомок деп аталган каньон Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде, Кажы-Сай менен Тамга айылдарынын ортосунда Тосорго жакын жайгашкан. Кызыл түстөгү кооз аска-тоолор жолдон төрт чакырым узак. Жомоктон кол менен жасап койгондой ар кандай архитектуралык көрүнүштөрдү көрүүгө болот. Бишкектен каньонго чейинки аралык 270 чакырымды түзөт.
“Бүтүн Кыргызстан” менен “Эмгек” партиялары ажырашты
Бишкекте декабрдын алгачкы күндөрүндө эле эки эне төрөттөн каза тапты. Алардын жакындары өлүмгө дарыгерлердин шалаакылыгы себеп болгонун айтса, ак халатчандар андай дооматтарды четке кагууда.
Дагы жүктөңүз