Өкмөт Кыргызстандагы ломбард ишмердигин жөнгө салган мыйзам долбоорун сунуштады. Расмий жүзгө жакын гана күрөөкана катталса, иш жүзүндө алардын саны миңден ашат.
Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаевдин парламент төрагалыгына болгон дымагы ит жыгылыш менен аяктады. Спикерди шайлоо эмки аптада уланмай болду.
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү кыргыз өкмөтүнүн кол каптай тез алмашуусунун себептерин иликтеди. Кыргызстанда 25 жылда 28 премьер-министр алмашты.
Парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн төрагасы, Социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңеш төрагасын шайлоо эмне себептен кийинки жумага жылганын “Азаттыкка” түшүндүрдү. Анын айтымында, спикерликке сунушталган талапкерлер Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев бир пикирге ке
Парламент Сооронбай Жээнбеков башында турган өкмөттүн курамын бекитти.
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев премьер-министрдин жана өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койду. Бүгүн түштөн кийин Темир Сариев өкмөттүн жыйынында премьер-министрликтен кеткенин жарыялаган.
Жогорку Кеңеш депутаттарынын 16сы кызматтык батирде жашап жатса, алардын 12си КСДП фракциясынан. Үйүм жок дегендердин арасында байлыгы эл оозунда айтылып келаткан Анвар Артыков, Тилектеш Исаев сыяктуулар да бар.
Кыргызстандын эмгек сиңирген илимий ишмери, юридика илиминин доктору Карпек Курманов 90 жашта. Ал өз жанынан миллион сом чыгарып, узуну 250, туурасы 6 метрлик жолго брусчатка төшөдү. Карпек Курманов кылган иши капчыктуу ишкерлерге үлгү болсо деп үмүттөнөт. Ал Жогорку Кеңештин экс-спикери Зайнидин Ку
Албек Ибраимовдун Бишкек мэри болуп шайланганына бир айдан ашты. Бул аралыкта ал айрым “тамашалуу” демилгелери менен коомчулукта талкуу жаратты.
“Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү Балыкчы – Корумду жана Бишкек – аэропорт автожолдорун куруудагы мыйзам бузууларды иликтөөгө алды.
"Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсү Балыкчы - Корумду трассасын жана Бишкектен аэропортко чейинки жолду куруудагы мыйзам бузууларды иликтөөгө алды.
Маркум Табылды Эгембердиевдин бир тууган иниси Жумадыл Эгембердиевдин ишендиришинче илгертен кыргыздардын жуунган жайы - ыштык мончо болгон. Ал Бишкектин жогору жагындагы Кара-Булак коктусуна нукура кыргызча мончо куруп, кардарларды тейлөөдө. Ышталган мончо, дары чөп-чарга чыланган фиточелектер жана
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү төрт жылдан бери ишке ашпай келаткан “Коопсуз шаар” долбоорун иликтөөгө алды.
40 жаштагы Айзада Кожобергенованын эки буту тубаса шал оорусуна чалдыккан. Ал буга чейин жөргөлөгөн абалда батирден батирге көчүп, күн өткөрүп келген. Эми минтип кайрымдуу жарандардын жардамы менен ага салынган үй бүтөөр алдында турат.
Президент Алмазбек Атамбаев ботаникалык бакчадагы ишембиликке катышып, андан соң мураскору, соңку кадрдык өзгөрүүлөр жана оппозиция тууралуу да оюн ортого салды.
Президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жана премьер-министр Темир Сариевдин катышуусунда Бишкектеги ботаникалык бактын тегереги тазаланып, көчөт отургузулууда. Ишембилик учурунда президент журналисттердин суроолоруна жооп берди.
“Азаттыктын” суроолоруна жооп берген Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев Ош шаарында жана башка аймактарда боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык, универсалдуу паспорт тууралуу ой бөлүштү.
Эл аралык изилдөөлөргө караганда, аялдар эркектерге караганда 20 пайызга аз айлык алат. Кыргызстанда да маянасы аз мугалим, дарыгер, тикмечилик сыяктуу кесиптерди кыз-келиндер аркалашат.
Дагы жүктөңүз