Азиз өзү жашаган үйүн турист тосконго ылайыктап жасаганына эки жылдан ашкан. Аны тоо туризмин өргө тарткан ишкер десек да жарашчудай. Болгону 21де экенине карабай конок үйүн жолго коюп, эс алуучуларды тартуу менен алек. Азиздин үй-бүлөсү турист тосуу үчүн турак жайына евроремонт деле жасаган эмес. Б
Бир катар депутаттар Жогорку Кеңеш "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорун регламентти одоно бузуу менен кабыл алганын айтып чыкты.
Бишкекте "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр боюнча чукул талкуу өттү.
Бишкекте "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр боюнча чукул талкуу өттү. Жыйында демилге кескин сынга алынып, журналисттер, медиа уюм жетекчилери, жарандык активисттер аталган долбоорду артка кайтарып алууну талап кылган резолюция кабыл алышты.
“Азаттык+” бул чыгарылышында Нургазынын Америкага болгон сапары тууралуу көрсөтөт. Океан ары жагына жетелеген кыял, Интернет-Оскар жана ал жактагы мекендештер жашоосу – баары бир программада.
Аскер прокуратурасынын маалыматына ылайык, кыргыз армиясында соңку алты жылда 84 жоокер көз жумган. “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү мекен сакчыларынын бейажал өлүмдөрүн иликтөөгө алды.
Кыргызстандагы эң жаш профессор Алмаз Бейшеналиев дүйнөдөгү эң алдыңкы 20 окуу жайга кирген Жонс Хопкинс университетинде окутуучу болуп эмгектенген жалгыз кыргыз.
АКШнын Чикаго шаарында жашаган журтташтар Нургазынын инисине велосипед белек кылышты. Дастан агасын 9 жыл бою араба менен мектепке сүйрөп барган. “Азаттык” буга чейин кочкорлук майып окуучу Нургазынын кыялы тууралуу тасма тартып, аталган эмгек дүйнөлүк Webby Awards сыйлыгын жеңген.
Сыйлык тапшыруу аземи кечээ Нью-Йоркто өттү.
Свердлов райондук сотунда №50 абактан качкандар боюнча соттук териштирүү уланды. Мамлекеттик айыптоочулар 9 кылмышкердин качышына абак кызматкерлерине берилген 170 доллар пара себеп болгонун жүйө келтирүүдө.
Сот аткаруучулар Түлеевдердин конфискацияланган мүлктөрүн мамлекет эсебине өткөрө баштады. Алардын арасында “Караван” соода борбору баш болгон кыймылсыз мүлк жана автоунаалар бар.
Президент Атамбаев өз сөзүндө согуш жылдарында чогуу тарткан азап-тозокту унутуп, кыргыз жарандарына кол салган Орусиядагы такыр баштарды азыркы фашисттер деп атады.
Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтунун 19 жаштагы курсантынын өлүмү кыргыз армиясындагы чоңсунуу маселесин кайрадан козгоду.
“Азаттык” тарткан “Кыял” тасмасынын каарманы Нургазы Америкага барат. Аталган тасма дүйнөлүк Webby Awards, башкача айтканда Интернет-Оскар сыйлыгын жеңген. Сыйлык тапшыруу аземи 16-майда Нью-Йоркто өтөт. Нургазыны тасманын автору, кабарчыьбыз Улан Эгизбаев жана демөөрчү катары “Элим барсыңбы” фондун
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү баш калаадагы мыйзамсыз берилген жерлерди жана андагы башаламан курулуштарды иликтөөгө алды.
Оюнду өткөрүү ар жумада бирден районго жүктөлөт. Баалуу байгелер сайылып, ондогон аргымактар мөөрөй талашышат. Торпок тартышта алдына киши салбагандардын бири Сейдалы Балбан.
Кочкор районундагы Ара-Көл айылында жерден чыккан суу кадимкидей күйөт. Окумуштуулар газдалган суунун курамында күкүрт бар экенин айтып келишет.
КСДП, “Республика Ата-Журт” жана “Ата Мекен” фракциялары Жогорку Кеңеш төрагасына Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин көрсөтүштү.
Дагы жүктөңүз