Адилет Тынарбек АКШнын Бостон шаарында “Тайтору” аттуу ишкана ачкан.
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү бу жолу Ошто 2010-жылдагы коогалаңдан кийин курулган чуулгандуу үйлөр тууралуу иликтөө тартты.
65 жаштагы Разия Өсөрова Баткен районундагы Көк-Таш айылын 20 жылдан бери башкарат. Ал эркектер менен тең жарыша чек араны коргоп келет. Коңшулар менен болгон чыр-чатактар ансыз чечилбейт.
УКМКнын мурдагы жетекчисинин орун басары Марат Иманкулов бийликтин кысымына кабылганын айтып чыкты.
“Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажиккстан менен чек араларындагы талаштуу аймактарды иликтөөгө алды.
Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Туруспек Коеналиев "Азаттыкка" курган маегинде 179 миллион сомдук боз үй тууралуу айтып берди.
Кыргызстанда жаңылыктарды алгач ирет робот жаза баштады. Программисттер күн сайын валюталар курсун, күйүүчү майдын жана "Центерранын" биржадагы бааларын жаңылап жаза турган программа иштеп чыгышты. Бир кызматкерди толук алмаштырган робот-кабарчыга Азамат деген ысым ыйгарылды.
Сокулуктагы Фрунзе орто мектебинин окуучулары жаңы дайындалган директордун кетүүсүн талап кылып митингге чыгышты.
Каржы министрлиги мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамды өзгөртүп, тендерлерди коомчулуктан жашыруун өткөрүү аракетин көрүп жатканы айтылууда.
Казакстандын интернет провайдерлери Кыргызстан үчүн интернет баасын 1,5 – 3 эсе жогорулатты.
Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда“Көчмөндөр ааламы” фольклордук фестивалы башталды. 4-сентябрда башталган саамалык 7-сентябрга чейин уланат.
Кырчын жайлоосуна 350дөн ашуун боз үй тигилген. Анда негизинен ат оюндары көрсөтүлөт. Кабарчыбыздын маалыматы боюнча, парламент төрагасы, вице-премьер-министр, министрлер жана депутаттар да Кырчын жайлоосундагы ат оюндарына күбө болот. Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Ысык-Көлдө 3-сентябрда башталды. Анда дүйнөнүн 39 мамлекетинен келген спортчулар улуттук оюндардын 23 түрүнөн күч сынашууда. Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын 406 кабарчысы чагылдырууда.
Интернетте бийликти социалдык тармак аркылуу сындагандарды чектөө аракети кызуу талкуу жаратты.
Эгемендиктин 25 жылдыгына арналган аскердик жүрүш президент Атамбаевдин Убактылуу өкмөткө айткан сыны менен коштолуп, экс-президент Роза Отунбаева салтанатты таштап кетүүгө аргасыз болду.
Кыргызстан эгемендиктин 25 жылында эмнеге жетишти жана эмнелерди жоготту? “Азаттык” ушул суроо менен шаар тургундарына кайрылды. Чейрек кылым убакыт ичинде сүйүнткөн жана күйүнткөн иштер боюнча пикирлер бир кылка эмес.
Президент Алмазбек Атамбаев эгемендиктин 25 жылдыгы менен куттуктап жатып убагында өзү да мүчө болгон Убактылуу өкмөттү катуу сынга алды. Кечээ Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бийликке ачык кайрылуу жолдоп, анда азыркы Конституциянын кол тийбестигин 2020-жылга чейин коргоого жана ѳлкѳдѳ авторитардык ре
Атамбаев Убактылуу өкмөткө сөөмөй кезеди
Саламаттыгы тууралуу ар кандай маалыматтар айтылып жаткан Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун ишмердиги тууралуу кыргызстандык саясий лидерлер эмне дешет?
Кыргызстандык 14 кыз-келиндин өмүрүн алган Москвадагы өрттөн кийин бийлик дарегине ачуу сындар арбын айтыла баштады.
Айсулууну сүрөгөн ата-энеси
Дагы жүктөңүз