"Азаттык" үналгысынын мурдагы директору; Борбордук Азия тарыхы, этнология, маданий тарых жаатындагы адис, т.и.д., профессор.
Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун чыгармачылыгы тууралуу тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегиндин баяны.
Кыргыздын чыгаан этнографы, манас таануучусу, профессор Имел Молдобаевдин (1942-2005) 75 жылдыгына арналган эл аралык илимий жыйында.
Алтай элинин чыгаан уулу, ишкер жана агартуучу Аргымай Кулжин жана анын небереси Алексей Кулажи тууралуу азыноолак кеп
1930-жылдардагы сталиндик “тазалоолор” маалында жазыксыз мерт болгон кыргыздын чыгаан мамлекет башчыларынын бири Б.Исакеев өз улутунун бий өнөрү бар экенин тастыктап, айтылуу Н.Бухаринге бийлеп берген.
Саха элинин көрүнүктүү ишмери Максим Аммосов Саха совет мамлекеттүүлүгүн негиздегендердин бири. Ал Кыргызстан союздук макам алган соң анын Компартиясынын алгачкы Биринчи катчысы болгон.
2005-жылдын 25-мартындагы Жоогазын ыңкылабынан соң Москвада баш паана тапкан мурдагы президент А.Акаевдин 2005-жылы 24-апрелде обого түз чыккан маеги «Азаттык» үналгысынын архивинде сакталган.
Мындан жүз жыл мурда 8-мартта (эски жылнаама боюнча 23-февралда) Орусияда падышалык режимди биротоло ойрон кылган залкар ыңкылап окуялары башталган.
Сталиндик диктатураны түшүнүү үчүн кээде азыркы Түндүк Кореянын саясий турмушуна үңүлүү жетиштүүдөй сезилет. Бирок дагы эле Сталинди актагысы келгендерге анын өзүнүн эле жакындарынын мүшкүл тагдырына таандык фактыларды ачыктап берүү өзгөчө зарыл
“Бактылуу балалыгыбыз жолдош Сталинге рахмат!” деген ураанга жем таштаган фотодогу Сталин көтөрүп турган бурят кызы - Геля Маркизова. Бирок бул сүрөттөгү бактылуу учур кыздын ата-энесин жазалоодон сактап кала алган эмес.
Мындан 80 жыл илгерки советтик турмушту таасын түшүнүү үчүн ар бир дарекке жаңыча үңүлүү кажет. Кезектеги сөз – сталиндик доордогу бир фото сүрөттүн окуясы жөнүндө болмокчу.
Кыргыздын залкар акыны Аалы Токомбаев мындан 80 жыл илгери сталиндик куугунтукка жазыксыз кабылган айдың. Анын тагдырынын абактагы барактарын калайыкка ачып берген алгачкы китеби – “Момия” ырлар жыйнагы.
Кыргыздын таанымал тарыхчы-этнографтарынын бири, тарых илимдеринин доктору, профессор Имел Бакиевич Молдобаевдин 75 жылдык мааракесине арналган блог.
Эми ошол Улуу Террор доорун жаңыча таразалоо милдети турат.
Кыргызстанда КТРК жана ЭлТР деген эки мамлекеттик компаниянын коомдук маалымат каражаты катары иш алып баруусу үчүн аларга шарт түзүлгөнбү?
1893-94-жылдары түрк калктарынын руна сымал жазмасын чечмелеген даниялык жана орусиялык ак сөөк окумуштууларга таазим иретинде жазылган блог.
Казактын заманбап булак таануучусу Тимур Бейсембиев дүйнө салды. Үчтүн айынын (январдын) 4үндө Алматы шаарында аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтмөкчү.
Борбор Азиядагы улуттук боштондук көтөрүлүшкө украин Афанасий Латута да катышкан.
Түрк калктарынын залкар ойчулу Улукбектин мусулман кыздарды билимге чакырган осуяты азыр да заманага шайкеш талап бойдон калууда.
Тарыхый окуялар менен инсандардын мааракелерин сынга алып, айрым замандаштар “мааракелерге обу жок эле азгырылып жатабыз” деп чыгышты. Чын эле ушундайбы?
Дүйнө тарыхы менен кыргыз тарыхын дилетанттык унга жууруп чагылдыргандан кызык эмне бар?
Дагы жүктөңүз