Каирдин көчөлөрүндө миңдеген демонстранттар полиция менен кагылышты. Нааразылык жыйындарына исламчыл саясий топтор да катышып жатат.
Тунисти 1987-жылдан башкарып келаткан президент Зин ал-Абидин Бен Алинин бийлиги кулады. Ал өзү Сауд Арабстанда баш калкалоого мажбур болду.
Африканский Союз призывает лидеров Кот-д’Ивуара внести свою лепту в мирном разрешении кризиса в стране.
Жакында кыргыздын таанымал сүрөтчүсү Асатилла Тешебаевдин соңку эмгектери камтылган жекече сүрөт көргөзмөсү Австриянын Грац шаарында ачылды.
Международная научная конференция «Первому кыргызскому посольству в Россию – 225 лет» прошла в Санкт-Петербурге 27 октября 2010 г.
Жакында Чехиянын ордо шаары Прагада бейөкмөт “Алтерра” уюму Кыргызстандагы балдар үйүнө каржылык көмөк уюштуруу максатында кече өткөрдү.
Учурда Манат Эшимбеков жетектеген кыргыз цирк өнөрпоздор тобу немис шаарларында өз өнөрүн көрсөтүүдө. Эшимбеков мырза менен маек.
11-октябрда чыгаан татар тарыхчысы Миркасым Усманов 76 жашында каза болду. Ал кыргыз таануу тармагына да илимий жетекчи катары салым кошкон.
Кыргызстандагы парламенттеги шайлоого дүйнөнүн ар кайсы бурчунда жашап, иштеп жүргөн көп сандаган кыргызстандык жарандар да катышты.
АКШ президенти Барак Обама дээрлик бир жыл илгери эл аралык коомчулукту “бүткүл дүйнөнү өзөктүк куралсыз аймакка айландыруу” үчүн күрөшкө чакырган. Шейшембиде (6-апрелде) ал АКШ өкмөтүнүн өзөктүк куралдарды кескин кыскартууга багытталган жаңы саясатын жарыялады.
Урматтуу көрөрман, “Азаттыктын” апталык “Азаттык+” жана “Ыңгайсыз суроолор" сыналгы берүүлөрү шеригибиз К+ сателлит каналы аркылуу Евразия мейкиндигине чыгууда.
Шаршембиде "Apple” (“Эппл”) компаниясынын башчысы Стив Жобс АКШнын Сан-Франциско шаарында маалымат жыйынында тактачага сыйдырылган жана сырткы клавиатурага муктаж болбогон компютер жасала баштаганын жар салды.
Жакында белгилүү немис чыгыш таануучусу Гундула Салк айымдын жаңы илимий монографиясы жарык көрдү. Китеп айтылуу кыргыз жазма акыны жана санжырачысы Байымбет Абдыракман уулунун (Тоголок Молдонун) санжыралык мурасын иликтөөгө арналган. Дал ушул темада Гундула былтыр Германиянын Фрайбург университетинде жактаган доктордук диссертация эң мыкты баага татыган.
Мирлан Шабданов ушул учурда Лондондо экономика жаатында бакалавр дипломун алуу үчүн окуп жатат. Өзү Кетмен-Төбө өрөөнүнөн келген. Кабарчыбыз менен болгон маегинде кыргыз студенти Улуу Британия өлкөсүндөгү билим алуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө ой-пикир бөлүштү.
Дүйнө жүзүнүн калктары жаңы, 2010-жылды тосуп алды. Жаңы, Барс жылынын ирегесинен аттаган улам жаңы шаарлар жана кыштактар майрамдык шааниге бөлөндү. Каалоо-тилектер айтылды, көпчүлүк учурда шампандар атылды, фейерверк оту асманды жаркытып турду. Жаңы Жылды эң акыркы болуп Тынч мухиттеги самоалыктар тосуп алды.
Дүйнө жүзүнүн калктары жаңы, 2010-жылды тосуп жатат. Жаңы, Барс жылынын ирегесинен аттаган улам жаңы шаарлар жана кыштактар майрамдык шааниге бөлөнүүдө.
Кыргыз саясатчыларынын бири, өлкөнүн Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы, “Кут” партиясынын жетекчиси Болот Жанузаковду белгисиз бирөөлөр 9-декабрда кечки саат 8ден өткөндө сабап кетишти. Оор жаракат алган 61 жаштагы саясатчы учурда ооруканада.
АКШ президенти Барак Обама Ооганстандагы талиптердин жана “ал-кайидачылардын” козголоңчу күчтөрүн жеңүү үчүн кошумча аскер жиберээрин шейшембиде (Бишкек убактысы боюнча шаршембиде, 2-декабрда, таңкы саат 7де) жарыя кылды.
Бүгүн (29-ноябрда) Швейцарияда мусулмандарды намазга чакырууда колдонулган мунараларды мечиттерге орнотууга тыйуу салуу маселеси боюнча референдум өттү. Калайыктын көпчүлүгү тыйуу салууну колдоп добуш беришти.
Ооганстанда 7-ноябрда өтө турган президенттик шайлоонун экинчи айлампасына оппозициянын талапкери Абдулла Абдулла катышпай турганын жарыялады. Карзай өкмөтү болсо шайлоо жараяны баары бир белгиленген нукта улантылаарын айтууда.
Дагы жүктөңүз