Саламаттыкты сактоо министрлиги соңку жылдары Кыргызстанда өспүрүм кыздардын арасында боюнан алдыруу жана балалуу болуу учурлары көбөйүп баратканын билдирүүдө.
Бишкек мэриясы жол үчүн калтырылып, бирок шаар тургундары мыйзамсыз ээлеп алган жерлерди кайтаруу аракетинде.
Догдурлар мындай окуя биринчи жолу болду дегени менен, адистер төрөт үйлөрүндөгү терс жагдайларды ачыкка алып чыгууда.
Бишкекте эксперттер Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу маселесин талкуулап, андан Кыргызстанга пайдасы аз болгондуктан Кытай тарап темир жолду өз каражатына салыш керек деп айтышты.
Жаш активисттердин айтымында, мэр Иса Өмүркулов өз ишин жакшы аткарбай жатат жана анын ордуна натыйжалуу иштеген киши келиши керек.
Кыргызстанда 1300гө жакын балкар бар.1944-жылы Сталиндин репрессиялык саясатынан улам Кавказдан көчүрүлгөн бул эл Ала-Тоону мекендеп калган.
20-февралда Сириядан үй-бүлөсү менен Бишкекке келген Кыргызстандын жараны Ольга Ладанова келечегин киндик каны тамган Ала-Тоо жеринде көрүп, турмушун жеңилдетиш үчүн күйөөсү менен эки уулуна жарандык алып бергени жатат. Бул үй-бүлөнүн чөнтөгүндө болгону 20 доллар бар.
Акыркы үч жылдан бери кытайлык China Petrol Company ишканасы Кара-Балта шаарында мунайды кайра иштетүүчү завод куруп атат.
ЮСАИД Кыргызстандын 17 тигүү ишканасын керектүү жабдыктар менен камсыздады. Жалпы эсеп менен 650 миң доллардык 89 шайман Бишкектеги жана Чүй, Ысык-Көл, Ош облустарындагы тигүүканаларда орнотулду. Адистердин айтымында, бул колдоо өлкөнүн жеңил өнөр жайын өнүктүрүүгө жакшы түрткү бермекчи.
Германиядан келген режиссер кыргызстандык жана кытайлык дунгандардын тарыхы, каада-салттары менен жашоо-турмушун чагылдырганга аракеттенди.
Соңку жылдары Кыргызстанда интернетти камсыздаган ишканалар кардарларга ылдамдыгы да күчтүү, баасы да ыңгайлуу ар түрдүү тарифтерди сунуштап жатат. Аны менен кошо уюлдук интернет да өнүгүүдө.
Хип-хоптун алгачкы хореографы, америкалык өнөрпоз жергиликтүү бийчилер менен жолугушуп, хип-хоп аркылуу ич ара араздашууну жөнгө салуу тажрыйбасын көрсөтүп, маданияттын бул түрү аркылуу жаштарды туура жолго салып, ак жолтой келечек курса болот деген көз карашын жайылтууда.
№64 мектеп-гимназиянын окуучулары тартип бузган балдарды администрация сүрөткө тартып, мектепке шылдың кылып жатканын айтышты.
Бишкекте чыгармачыл адамдар үчүн адаттан тыш кеңселер ачыла баштады. Бул жерлерге каалаган киши келип, акысын төлөп, чыгармачыл ишин улантса болот. Жөнөкөй кеңселерде өзүн ыңгайсыз сезгендер ушундай жерлерге келип, санаалаштары менен баарлашат экен.
Электр ишканалары журналисттердин коштоосунда карызы көп, эл ичинде хансарай атка конгон үйлөрдү электр жабдуусунан ажыратып жатат. Бул жолу эки жылдан бери жарык үчүн төлөбөй, карызы 100 миң сомдон ашкан үйгө барышкан.
Түштүк Кореядагы кыргыз мигранттары өздөрү тууралуу "Мекендештер" аттуу көркөм тасма тартты.
Соңку расмий маалыматка караганда, өлкөдө 350гө жакын поляк жашайт. Ала-Тоо жерине поляктын буту алгач XIII кылымда аттады деп саналса, XIX кылымдын экинчи бөлүгүнөн баштап алар бул жерде отурукташа башташкан.
Кыргызстанды байырдаган корей калкы башкалар сыңары эле өз каада-салттарын карманганга аракеттенет. Корейлер өмүрүндө милдеттүү аткарчу салттары бар, бирок алар белчесинен карызга батпай эле парызын аткарышат. Сыры эмнеде?
Кулакка тартуу саясатынын курмандыктары болгон азербайжандар Ала-Тоо жерине 1930-жылдары келип, өлкөнүн көп тармактарын өнүктүрүүгө салым кошту.
Өкмөт 2013-жылдын алгачкы аптасы адаттагыдай эле эс алуу күндөр болорун жарыялады. Албетте көптөгөн кыргызстандыктар Жаңы жылды жана аны улай эс алуу күндөрдү үйүндө өткөрүп, күн мурунтадан даярдалган тамактарды четинен жеп, сыналгы көрөт. Бирок баары эле жамбаштап үйүндө жатпаса керек.
Дагы жүктөңүз