"Азаттыктын" Жалал-Абаддагы кабарчысы.
Жалал-Абаддын Ноокен районунда жашаган Жанузак Калбаевдин төрт баласынын тең майыптыгы бар. Жеткинчектерге сколиоз же омуртка тутуму кыйшаган деген диагноз коюлган. Аларды Индиядан дарылатуу үчүн акчадан каржалган ата-эне коомчулукка кайрылды.
Жалал-Абад облусунда кургак учуктан былтыр 28 бейтап каза болгон. Жыл өткөн сайын кургак учукка кабылган адамдардын саны облуста кыскарганы менен, илдети өтүшүп кеткенде кайрылгандар арбыган. Алардын арасында мигранттар да көп болууда.
Майлуу-Суу лампа заводу акыркы 5-10 жыл ичинде токтоп калуу коркунучуна кептелген. Заводдо өндүрүш ыргагы басаңдап, жумушчулардын саны да кыскара баштады. Майлуу-Суу шаарынын 26 миң калкынын басымдуусу ушул заводдон алган маянасы менен жан багып келген.
Жалал-Абад шаарында "Бахрейн" социалдык шаарчасы ачылды. Мында 24 үй-бүлөгө турак жайлар берилди. Шаарчада бардык социалдык мекемелер бар. Эки жылда курулган шаарчаны бахрейндик демөөрчүлөр куруп берди.
Быйыл жаңгактын түшүмү жакшы болбой, ал аз келгенсип баасы былтыркыдан 30-40 сомго арзан. Ал эми токойчулар ижара акысын келишимге ылайык жыйноону талап кылууда.
Кыргызстан менен Өзбекстан жер алмашып, чек ара маселесине чекит коюуга аракет кылууда. Кыргызстан кошуна өлкөдөн 19699 гектар жер алып, ордуна Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин берүүгө белсенип турат. "Азаттык" кыргыз-өзбек бийлиги пландаган жаңы чек аранын, 900-горизонталдын чегин иликтеди.
Жалал-Абад шаарындагы жаңы ачылган муниципалдык базарда соода жакшы болбой, жер-жемиштер чирип жатат. Соодагерлер жергиликтүү бийлик борбордук базардагылардын муниципалдык катарын толук көчүрүп келишин талап кылышууда. Бийлик базар ишке кирип кетсе казынага 45 миллион сом түшөт деп болжоп жатат.
Сузакта былтыр июнь айындагы селден улам турак жайсыз калган сегиз үй-бүлө жаңы үйлүү болушту. Алар бир жарым жыл бою ар кандай шартта, айрымдары вагондо, кээ бирлери башкалардын үйлөрүндө баш калкалап келишкен.
Баткендеги чек ара жаңжалынан Ала-Бука районунда туулган 27 жана 19 жаштагы Баяман менен Асатбектин өмүрү кыйылды. Үйдүн кенжеси, 27 жаштагы Баямандын артында кош бойлуу келинчеги калды. Алардын сөөктөрү туулган айылдарында жерге берилди.
Бир жыл аскерде кызмат өтөп, эми үйгө кайтып келем деп турган маалда чек арадагы кагылышууда окко учкан 19 жаштагы Умарбек Курманбековдун сөөгү Базар-Коргон районунун Коткор айылында жерге берилди. Ал Баткен облусундагы “Капчыгай” чек ара бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн.
Баткендеги чек ара жаңжалынан сузактык 22 жана 19 жаштагы кырчын өмүрлөр кыйылды. Экөө тең бир жылдык аскерде кызмат өтөп жүрүшкөн. Даниэлбек Малашов сентябрдын 15де үйүнө кайтып келмек. Ал эми 19 жаштагы Нурислам Карыбеков үйдүн улуусу болгондуктан ата-энесинин ишенген тиреги эле.
Сузак айыл айылдык кеңешиндеги аялдардын бири, жашы 70ке таяп калган Хапизахон Сатыбалдиева өзбек коомчулугундагы кыздарды эрте турмушка берүү адатына жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөшөм деп депутаттыкка аттанган.
Тогуз-Торо районундагы Саймалуу-Таш петроглифтерин ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү аракети кайра башталды. Тарыхый корукта 10 миңдеген саймалуу таш бар. Алардын айрымдары омкорулуп, кээ биринде таш бетиндеги жазуулар өчүп баратканын тарыхчылар эскертишет.
Ноокен районунун Достук айыл аймагынын тургундары 20 көчөгө гүлдүн он чакты түрүн өстүрүп жатат. Жергиликтүү бийлик көчөлөргө гүл койгуч жасап, атайын идиштерди орнотуп берген. Көз жоосун алган гүлдөрдү негизинен жол боюндагы үйлөрдүн жашоочулары карайт.
Өлкө эгемендик алган жылдардагы эң ири зилзала 1992-жылы 19-августта Токтогул районунун Толук айылында катталган. Анда ондон ашык киши каза таап, миңдегени жараат алып, 600дөй үй жарактан чыккан. Отуз жыл мурда болгон бул каргаша айыл элининин күнү бүгүнкүдөй эсинде.
Ноокен районунда зордукталган алты жаштагы кыздын жакындары кылмышка шектүүнү өмүр бою эркинен ажыратууну суранууда. Cот отуруму 16-августка белгиленди.
Жалал-Абад облусунун Арстанбап эс алуу жайына быйыл Өзбекстандан эс алуучулар көп келип жатат. Батыштан келген туристтер да бар. Айылдагы жолдун начардыгы, башаламан жайгашкан соода жайлар жана таштанды маселеси туристтерге ыңгайсыздык жаратууда.
Жалал-Абадда төрт жылдан бери окуп жаткан индиялык студент кыз Бинси Калли Сузактын алыскы айылдарындагы жаш балдарга англис тилин үйрөтүүдө.
Дагы жүктөңүз