“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин 2009-жылы аяктаган.
Бишкектин Биринчи май районду соту “Ата Мекен” фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматовго өкүм чыгарды. Соттун чечимине ылайык Шыкмаматов эркиндикте калганы менен 5 млн. сом айыпка жыгылды.
Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлор кайрадан Орусиянын кызыгуусун арттырууда.
Жакында эле АКШдан жеңиш менен кайткан кыргыз хоккейчилеринин бир күндүк машыгуусуна "Азаттыктын" кабарчылары күбө болушту.
Тийиштүү өкмөт аралык келишим Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде каралып, колдоо тапты.
Өкмөт Кулматовго бажыдагы коррупциялык каналдарды тазалайт деп ишеним артууда.
Казакстандын “Хабар” агенттиги Кыргызстандын өлкөдөн куулган президенти менен маектешип, тасма тартканы талкуу жаратууда.
Кыргызстандык активисттер Курманбек Бакиевге ич кийим чогултуп беришти. Бүгүн Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюму уюштурган акция өттү. Ага 20дай активист катышты. Казакстандын “Хабар” мамлекеттик маалымат агенттиги 29-ноябрда “Тынчтык орнотуучунун миссиясы.
Кыргыз өкмөтү “Манас” жана “Ош” эл аралык аэропортторуна инвестиция тартуу боюнча иштерди баштады.
Ош-Бишкек каттамындагы учактын билети 5 миң сомго чейин сатылганына жүргүнчүлөр нааразы.
Соңку убакта Ош-Бишкек каттамына авиабилеттин баасы 5 миң сомго чейин жетти. Бул жүргүнчүлөрдү нааразы кылганына байланыштуу, парламент депутаттары 28-ноябрда “Манас” аэропортуна барышты.
27-ноябрдын таңында Сокулук РИИБнын тергөө абагынан качып кеткен төрт адамды милиция күчөтүлгөн тартипте издөөгө алды. Чүйдүн кире беришиндеги өткөрмө постто милиция автоунааларды тыкыр текшерип жатса, издөө иштери Бишкектеги Ош базарында жана ага жакын көчөлөрдөгү үйлөрдө уланды.
Сооронбай Жээнбеков 24-ноябрда президенттик кызматка киришти.
Сооронбай Жээнбеков президент катары алгачкы сөзүндө улут аралык ынтымакты ширетип, улутчулдук, трайбализм жана тууганчылдыкка каршы турарын айтты. Эл баатыры, жазуучу, драматург Бексултан Жакиев президенттин бул сөзүнө ишенерин айтты.
Инаугурацияга катышкан депутаттардын бири Садык Шер-Нияз Отунбаеванын чакырылбай калышын мамлекеттик кызыкчылыктан бийликтегилердин жеке дымагы өйдө чыгып кеткени катары сыпаттады
Президент акыркы иш күнүндө Суу кодексине киргизилген талаштуу өзгөртүүлөргө кол койду.
Бүгүн Ак үйдүн алдына чогулган жарандык активисттер президентке Суу кодексине кирип жаткан өзгөрүүлөргө каршы петицияны тапшырды. Жарандык активист Рита Карасартова петицияга кол топтоо change.org сайты аркылуу жүрүп, ага 2 миңдей киши кол койгонун билдирди.
Буудай ташыгандарды салыктан бошоткон мыйзамдын айынан казынага 680 млн сом түшпөй калган.
Суу кодексине кирип жаткан өзгөрүүлөрдү талкуулаган тегерек үстөлдө тараптар тил табыша алган жок.
Бишкекте Суу кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча жыйын ызы-чуу менен аяктап, жарандык активисттер менен өкмөт мунаса тапкан жок.
Бишкекте Суу кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча жыйын ызы-чуу менен аяктап, жарандык активисттер менен өкмөт мунаса тапкан жок. Активисттер бул өзгөртүүлөр экологияга олуттуу зыян алып келет деген негизде мыйзам долбоорун парламенттен артка чакыртып алууну талап кылышты.
Дагы жүктөңүз