"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, продюсер. Нарын Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обаманын ант берүү салтанатын учурда Кыргызстанда жүргөн америкалыктар да өздөрүнчө чогулушуп, сыналгы аркылуу түз көрүштү. Алардын бир тобу бул салтанатты атайын кафелерге чогулушуп тамаша кылышты. Ошондой кафелердин бири, Бишкектеги American Pubка "Азаттыктын" кабарчылары да барышып, Кыргызстандагы америкалыктардын кубанычына күбө болушту.
Бүгүн АКШнын жаңы президенти Барак Обама ант берип, кызматына киришет. АКШнын тарыхында биринчи ирет өңү кара президенттин тактыга келиши менен дүйнө эли ага экономикада өсүштөр, жакшы жышаандар болот деп үмүт артып турушат.
1-декабрга карата Кыргызстанда СПИДдин ВИЧ инфекциясын алып жүргөн адамдардын расмий саны 1931ге жетти. Адистер бейрасмий эсепте бул илдеттин эсеби расмий эсептен он эсеге көп экенин айтып жүрүшөт.
Бирдиктүү оппозиция бүгүн Бишкекте өткөргөн Элдик курултай Кыргызстандын саясий системасынын жаңы концепциясын кабыл алды. Андагы коюлган талаптарды аткаруу үчүн бийликке келерки жылдын март айына чейин мөөнөт койду. Эгер бул талаптар аткарылбаса К. Бакиевди кызматтан кетирүү үчүн эрте жазда массалык каршылык чаралар башталат.
Дүйнөнү каптаган каржылык капсалаң Орусия жана Казакстан жеринде иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттарга да кыйынчылык алып келди. Мигранттардын алды иштен куулуп, Ала-Тоого кайтып келе баштады.