"Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин шаардык кеңеш менен тиреши уланууда. Мэр депутаттарды улам бир жыйын өткөрө берип, мэрияны негизги ишинен алагды кылып жатканын айтып чыкты. Ал эми айрым депутаттар мэр шаардын жергиликтүү өкүлчүлүк органын сыйлабайт деп, өзүн сындап жатышат.
Кремль Орусиянын президенти Владимир Путин Трамп менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Социал-демократтар партиясынын төрага орун басары Кадырбек Атамбаев жана апасы Раиса Атамбаева милицияга сурак берип чыкты. Бишкектин Көк-Жар конушундагы көп кабаттуу үйдө газ жарылып, 62 жаштагы аял каза тапты.
Дональд Трамп эгер Владимир Путин Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүдөн баш тартса, Орусияга каршы санкция киргизе турганын айтты. Ошто 2006-2007-жылдары дарыгерлердин айынан ВИЧ жуккан балдардын ата-энелери бийликке кайрылды. Бишкекте айрым заводдордун иши убактылуу токтотулду.
Абактагы адвокат Самат Матцаковдун жактоочулары эки айдан бери тергөө иштери жүрбөй жатканына нааразы. АКШда мигранттарга чек арадан легалдуу кирүүгө жол ачкан CBP One тиркемеси иштебей калды. "Сапат" билим берүү мекемесинин окуучуларынын ата-энелери президентке кайрылды.
Израил абактан 90 палестинди, ХАМАС үч туткунду бошотту. АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп ант берип, кызматка расмий киришет. Урматбек Самаев Жалал-Абадда облус башчысынын орун басарлыгына дайындалды. Башкы прокуратуранын алдында бир адам өзүнө өрт койду.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ысык-Көлдө пирстин үстүнө бууканаларды (парилка) салууга уруксат берүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Кытайда айрыкча балдар арасында метапневмовируска чалдыккандар көбөйүп, бул вирус дүйнөгө тарап жатканына байланыштуу дүрбөлөң күч алды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму оорунун белгилери байкалган учурда тиешелүү эрежелерди сактоого чакырды.
27-декабрда Жалал-Абад шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана Кытай менен Өзбекстандын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо аземи өттү.
Жогорку Кеңеште “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгелеген.
Жогорку Кеңеш интернетте, жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга, мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Эми жалган маалымат тараткан адамга 20 миң сом, аны жарыялаган медиага 65 миң сом айып пул салынат. Мыйзамдын аткарылышына ИИМ жоопкер болот.
Курманбек Бакиевдин адвокаты Конституциялык сотко кайрылып, аны сыртынан соттогон беренелерди “Баш мыйзамга каршы келет” деп таанууну өтүндү. Орусиянын армиясы Украинанын аймагына абадан жапырт сокку урду. Кыргызстандын аймактарында жергиликтүү тургундар свет өчүп жатканын айтып даттанууда.
Сирияда бийликтен кулатылган президент Башар Асаддын атасынын мавзолейи талкаланып, анын сөөгү салынган табыт өрттөлгөнү кабарланды. “Бажыны көзөмөлдөө аракети, чыкыйга такалган тапанча”. Матраимовго чыккан сот өкүмү жарыяланды. Мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлдү.
Запорожьеге жасалган ракеталык чабуулунан сегиз киши мерт болду. Орусиянын Брянск облусунун губернатору 10 дрон жок кылынганын маалымдады. Тажикстандын Канибадам районунда бир үй-бүлөдөн алты кишини өлтүрүп кетишти. Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун иши ЖКда көтөрүлдү.
Израил Сириядагы аскердик жайларга чабуул койду. Cот мурдагы бажычы Райымбек Матраимовду “бейбаштык” жана “чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери менен күнөөлүү деп табылып, 100 миң сом айып салды. Түркмөнстанда окуучу, студенттерге Жаңы жылды белгилөөгө тыюу салынды.
Сот Райымбек Матраимовго 100 миң сом айып салып, абакка кескен жок. Абактагы Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков ачкачылык кармап жатканына 26 күн болду. БУУнун Коопсуздук кеңеши бүгүн Сирия боюнча чукул жыйынга чогулмай болду.
Сокулукта мамлекеттик бала бакчада чарчап калган беш жашар кыздын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголду. Анын жакындары милициянын ишине нааразылык билдирип жатышат.
Караколдун тургуну 24 жаштагы майыптыгы бар кызы зордукталгандан кийин тергөө иштери адилет жүрбөй калганын айтып, үч күндүк нааразылык акциясын өткөрдү.
29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылып, Бишкектин Биринчи май райондук соту актаган саясатчылар жана активисттер менен жолукту. Ишти караган судья кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болду.
Түп районунда эки жарым жыл мурун 16 жашында зордукталып, боюна бүтүп, айына жетпей көз жарган кыздын саламаттыгына жакындары кабатыр. Кылмышка шек саналып кармалган 66 жаштагы жаранды 30-октябрда Каракол шаардык соту 11 жылга кести. Шектүүнүн жакындары коюлган айыпты четке кагып жатат.
Эки жарым жыл мурун 16 жашында зордукталып, боюна бүтүп, айына жетпей көз жарган кыздын саламаттыгына жакындары кабатыр. Өспүрүм кызды зордуктоого шек саналып кармалган 66 жаштагы жаранды 30-октябрда Каракол шаардык соту 11 жылга кести. Шектүүнүн жакындары коюлган айыпты четке кагып жатат.
Дагы жүктөңүз