“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Президенттин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев жарандык активист Адил Турдукуловду сотко берди.
Акыркы беш жылда чет мамлекеттерден алган карыз 20 жыл бою алган карыздын үчтөн экисин түздү.
Кыргызстанда кайра иштетилген сүт азыктары акырындык менен ЕАЭБ аймактарына сатыла баштады. Адистер сүт чарбасын дүйнөлүк талаптарга ылайыктап өнүктүрмөйүн чакан жана орто ишканалар элден чогултулган сүт менен алыс бара албасын белгилешет.
Интернетти кымбаттаттуу чырын иликтеген депутаттар жыйынтыгын чыгарды.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода алмашуу быйылкы жылы 16% азайды.
Адистердин маалыматы боюнча, жаштарды социалдык тармактар аркылуу террордук топторго азгыруу уланууда.
Адистердин айтуусунда, балдар үй-бүлөдөгү зомбулуктан көбүнчө терс таасир алышат.
Орусиянын Новосибирск шаарында Кыргызстандан барган жер-жемиштер өткөрүлбөй турат.
Баш мыйзамды өзгөртүүгө чакырган, ошол эле учурда ага каршы үгүт кылган уюмдар БШКдан каттоодон өттү.
Өзбекстан Тышкы иштер министрлиги акыркы сүйлөшүүлөрдө кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу 14 тилкенин жетөө боюнча орток пикир табылды деп белгилеп, муну менен эки тараптын карама-каршылыгын пайда кылбаган тилкелердин саны 56 деп маалымдады. Кыргызстан болсо орток пикир табылган аймактар боюнча так маалымат берүүдөн карманууда.
Талас шаарынын тургуну Сабира Каратаеванын уулу, 29 жаштагы Бакытбек Өмүралиев былтыр жайдан бери кабарсыз.
Алыскы чет өлкөлөрдө иштеген кыргызстандыктар мекенине акча жибергенде банк кызматтарынан аз пайдаланышат. Буга негизинен банк тарабынан кызмат көрсөтүүгө алынчу үстөк пайыздын жогорулугу себеп.
Бишкек жана Ош шаарларындагы жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдүн коопсуздугу, сапаты тууралуу кайчы пикирлер арбын. Сейсмикалык адистер эгер катуураак жер титирөө болсо, жаңы тургузулган имараттардын көпчүлүгү урап калышы ыктымалдыгын айтышууда.
25-октябрдагы соттук териштирүүдө Базар-Коргон РИИБ 2010-жылдын 13-июнундагы башаламандык тасмага түшүрүлбөгөнүн билдирди. Буга чейин күч кызматтары Аскаровдун июнь коогасына катыштыгы бардыгын далилдеген тасма бар деп келишкен.
Өкмөт он жылга үй-бүлөнүн жана баланын укугун коргоо боюнча комплекстүү программа бекитти. Программа канчалык деңгээлде ишке ашат? Программаны түзгөн жумушчу топтун мүчөсү, “Балдар укугун коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова "Азаттыкка" маек курду.
«Ийгиликтүү кыз» деп аталган долбоордун алкагында өспүрүм кыздардын укугуна арналган форум Каракол жана Талас шаарларында болот. Форумдун максаты тууралуу анын уюштуруучусу “Балдардын укугун коргоо” лигасынын координатору Наргиза Конушалиева “Азаттыкка” маек куруп берди.
Сырттан товар ташыган ишкерлер бажы кызматкерлери сырттан кирип жаткан товарларга бажы тарифин белгилөөдө баасын жана салмагын каалагандай көтөрүп, аягында мунун баары карапайым керектөөчүгө түшкөн жүк болуп жаткандыгын ырасташат. Бажы кызматы бул маселе боюнча жумушчу топ түзүлүп жатканын маалымдады.
Казакстандык провайдерлер интернетке бааны кайра арзандатары күмөн жаратууда. Мөөнөтү өтсө да Казакстандын жаңы келишим сунуштабаганы кыргызстандык байланыш операторлорунун тынчын алууда.
Июнь окуясы боюнча айыпталган Азимжан Аскаровдун соту бүгүн уланды. Анда Базар-Коргон районундагы күч кызматкерлери, коогалаңдын тушунда жергиликтүү бийликте тургандар күбө катары көрсөтмө беришти.
Акыркы жумалардагы автомобиль газынын таңсыктыгы баалардын көтөрүлүүсү менен коштолду. 8-октябрда автогаз дагы бир сомго кымбаттап, 24,5 сомго чыкты. Акыркы төрт айдын ичинде автогаздын баасы Кыргызстанда 5-6 сомго чейин жогорулады.
Дагы жүктөңүз