“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
23-сентябрда сталиндик репрессиянын Кыргызстандагы жана башка советтик өлкөлөрдөгү кылмыштарын изилдеп, ачыкка чыгарган журналист жана сынчы Регина Хелимскаяны эскерген иш-чара өттү. Регина Хелимская 2020-жылдын 1-сентябрь күнү, 73 жаш курагында Бишкекте дүйнөдөн кайткан.
Бишкекте Кыргызстан менен Орусиянын өкмөт аралык комиссиясынын 22-жыйыны өттү.
«Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын өкүлдөрүнүн чатагын милиция иликтеп жатат.
Эксперттер бул үчүн кимдир-бирөө жазаланарынан күмөн санап жатышат.
Пандемия шартында ички-сырткы туризм басаңдап калды. Бирок жергиликтүү эл мурдагыдай эле тиричилигин улантып жатканын көрүүгө болот.
Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар ысык жакта, короосунда мөмөлүү бак-шагы, жашылча-жемиши бар үйлөрдө жашоону каалашат.
Билим берүү министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги менен чогуу айрым медициналык адистиктер боюнча бюджеттик квоталарды көбөйттү.
21-июнда коомдук ишмер Болот Шер 61 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маркумду саясатчы, коомдук ишмер Темир Сариев эскерет.
Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулунун коронавируска чалдыкканы 18-июнда анык болгон. Учурда стационарда дарыланып жаткан Нуракун уулу "Азаттык" радиосуна маек куруп, коомчулукту коронавируска көңүлкош мамиле кылбоого чакырды.
Дүйнөнү каптап жаткан COVID-19 вирусу өнүккөн ири державаларды ала салдырып жатат. Учурда ар бир мамлекет бул илдеттин кесепетинен экономикасын сактап калуу, элин социалдык жактан коргоп калуу үчүн түрдүү аракеттерди көрүп жатат. Коронавирус кыргыз экономикасына кандай таасир этет?
Кыргызстан Кытай, Орусия, Беларус жана башка өлкөлөрдөн коронавирусту аныктаган тест-системаларды сатып алууда.
Айрым депутаттар өзгөчө абалды 15-апрелден ары узартууга болбой турганын айтып чыгышты.
Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам мектеп окуучуларына жана окуу жайларынын студенттерине жарыяланган үч жумалык каникул аягына чыгып баратат.
Өкмөт биометрикалык паспортторду келерки жылдан тартып бере турганын билдирүүдө.
Парламент депутаты Кыргызстанда жарандардын жеке маалыматы корголбой жатканын айтып чыкты.
Өкмөт Асрандиевдин ЕАЭБдеги иштерди тартып кетерине ишеним артып турат.
Кыргыз өкмөтүнүн Баткендеги координациялык кеңешмесинде чек ара маселелери талкууланды.
Кара-Балта шаарынын тургуну Калича Нышанова учурда Сириядагы Роуш качкындар лагеринде отурат. Ал мындан беш жыл мурда Сирияга уулун кайтарып келүү үчүн кеткен бойдон келе албай калган. 2013-жылы 19 жашында Сирияга азгырылып кеткен уулу Эдилден дайын жок.
Дагы жүктөңүз