"Азаттык" үналгысынын редактору, журналист.
Кыргызстанда муфтийдин кызматтан кетүүсү бул ирет да чыр менен коштолду. Учурда муфтийлик кызматка талапкерлердин арызы кабыл алына баштады. Муфтиятта чырлуу окуялар кайталанбашы үчүн кандай өзгөрүүлөр керек? Дегеле дин чөйрөсүндөгү азыркы абал кандай? Ислам интеллигенциясы канткенде калыптанат?
Биринчи Май райондук соту 11-майда Кыргызстандагы эң чуулгандуу коррупциялык иш катары белгиленген Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовго өкүм чыгарды. Сот чегерген жаза коомчулуктун кызуу талкуусуна айланды
Клара Сооронкулова 10-январдагы президенттик кезексиз шайлоонун оош-кыйыштары, алган сабактары, келаткан бийликке көз карашы, мындан аркы саясий ишмердиги жана байлыгы тууралуу айтып берди.
Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруунун формасын тандаган референдум өттү. Бул шайлоо кандай өттү? Анын алдын ала жыйынтыгы эмнени билдирет?
«Азаттыктын» 2х1 форматындагы эксклюзив интервьюсунун кезектеги коногу - Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева.
Конституцияны эмес, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү туура болмок. Бул тууралуу президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз бергендердин бири, мурдагы эмгек жана социалдык коргоо министри Улукбек Кочкоров 11-декабрда “Азаттыкка” курган маегинди билдирди.
«Азаттыктын» 2х1 форматындагы эксклюзив маегинин кезектеги коногу – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков.
10-январда Кыргызстанда президенттик шайлоо менен кошо эле Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү сунушталган. Бирок азыр алды менен башкаруу системасын аныктап алуу сунуштары түшүп жатат.
"Азаттыктын" 2х1 форматындагы эксклюзив маегинин кезектеги коногу - Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев. Ал журналисттердин парламенттик шайлоодон кийинки бийлик алмашуу учурундагы жана андан кийинки коомдук-саясий кырдаал, кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөшт
Жаңы бийликтин иш-аракеттери, конституциялык реформа жана башка темалар тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун кеңешчиси, техника илимдеринин доктору Талант Рыспаев “Азаттыкка” маек курду. Ал Кыргызстанга жаңы улуттук идеология керек деп эсептейт.
“Азаттыктын” 2х1 форматындагы маегинин кезектеги коногу - Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен” фракциясынын мүчөсү Сайдилла Нишанов.
Кыргызстан мыйзамдык нукка эртерек түшпөсө, саясий, экономикалык жана социалдык абал дагы оорлой бериши мүмкүн.
28-октябрда Жогорку Кеңеште жаңы министрлер кабинети ант берди. Парламенттин 6- чакырылышынын мөөнөтүнө байланыштуу маселе талаш бойдон калууда. «Үмүт» саясий кыймылы парламенттик кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүүнү талап кылып чыкты.
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров акыркы саясий кырдаал, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгелери, парламенттик шайлоо мөөнөтүн кечеңдетүү ж.б. тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы менен маек курду.
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров "Азаттык" үчүн курган маегинде Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин чукул конституциялык реформа жүргүзүү үчүн референдумга баруу тууралуу кадамын мыйзамсыз деп кескин сынга алды.
Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, коомдук ишмер Азимбек Бекназаров өлкөдөгү бийлик алмашуу, Сооронбай Жээнбековдун ишмердиги, Садыр Жапаровдун өкмөтү, парламенттик жана президенттик шайлоо тууралуу ойлору менен бөлүштү.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүүгө арыз жазганы жарыяланды. Кыргызстандагы акыркы саясий кырдаалды “Азаттыктын” эксперттер талдайт берүүсүндө талкууладык.
Талкууга “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова жана саясатчы Бектур Асанов катышты.
Кыргызстанда акыркы күндөрү түзүлгөн курч саясий кырдаал Конституция боюнча кандай чечилиши керек? Ушул жана башка суроолорго талдоочу Сания Токтогазиева жооп берди.
4-октябрда парламенттик шайлоо аяктап, алдын ала жыйынтыктар чыкты. Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоо жараяны кандай жүрдү?
Дагы жүктөңүз