Журналист, "Азаттыктын" Оштогу видео оператору
Ош шаарына түндүк тараптан кирген жаңы жол салуу үчүн сүрдүрүлө турган 28 үйдүн ээлери өздөрү жашаган аймактан жер тилкеси берилсе деген пикирде. Алардын айрымдарынын үйлөрү толук сүрдүрүлсө, кээ бир үйлөр жарым-жартылай алынат. Облус бийлиги кенемтенин өлчөмү аныкталып жатканын белгиледи.
Ошто зомбулуктун айынан ажырашкан келин мурдагы күйөөсүнүн басым-кысымына кабылып жатканын айтууда. Ал милицияга, Акыйкатчыга арыз менен кайрылып, өзүнүн балдарынын коопсуздугу үчүн кооптонуп жатканын билдирүүдө. Укук коргоо органдары арыз жазылганын ырастап, бул иш тергелип жатканын билдирди.
Өзгөндүн Куршабында 1920-1930-жылдардагы репрессия курмандыктары жапырт көмүлгөн жайга эстелик орнотулуп, "Кекилик-Учар бейити" деп аталган мемориалдык жай ачылды. Бул жайдын таржымалы жана Кыргызстандын аймагында репрессияда атылган кишилердин сөөгү жапырт көмүлгөн жайлар тууралуу сөз кылабыз.
Ноокатта милиция кызматкерлеринин жетекчисине каршы арызын Ички иштер министрлигинде түзүлгөн комиссия териштирет. 18-ноябрдын кечинде Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн 10дон ашык кызматкери өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, райондук милициянын жетекчиси Талгат Өскөналиевдин үстүнөн даттанышты.
Ноокаттагы Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, райондук милициянын жетекчиси басым кылып жатканына даттанды. Райондук милициянын башчысы Талгат Өскөналиев андай дооматты четке какты. Ош облустук милициясы кайрылуу боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирди.
Өзгөндүн Куршаб айылында 1920-1930-жылдардагы репрессия курмандыктары жапырт көмүлгөн жайга эстелик орнотулуп, "Кекилик-Учар бейити" деп аталган мемориалдык жай ачылды. Кекилик-Учарда катылган сырды жергиликтүү элдеги маалыматтарга таянып, журналисттер, тарыхчылар ачыкка чыгарган.
Ошто эки жыл катарынан мугалимдердин сынактарында батир утуп алган Илгиз Шамырзаев али күнчө байгесин ала электигин айтып чыкты.
Ош шаарынын бийлиги таза суу маселесин толук чечүү үчүн жеке менчикке өтүп кеткен суу кудуктарын (скважина) кайтарып алуу аракети башталганын билдирди. Түштүк борборду 2009-2013-жылдары башкарган Мелис Мырзакматовдун жеке менчигинде калган эки кудук мамлекетке алынганы белгилүү болду.
Ноокат районундагы медреседе киши колдуу болгон өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин медресе, жатак мектептердеги балдардын коопсуздугу маселеси күн тартибине чыкты. Медресе белгисиз мөөнөткө жабылып, атайын түзүлгөн комиссия ишти иликтөөгө киришти. "Азаттыктын" кабарчылары окуя болгон жерге барып келди.
Ош облустук сотунун судьясы Нургазы Алимкулов сол колунан бир нече жаракат менен ооруканага түшкөнү маалым болду. Аймактагы бириккен клиникалык оорукана менен шаардык милициядан билдиргендей, судья колун өзү кескен. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Ошто селден жабыр тарткан айрым тургундар камсыздандыруу мекемесинин ишине нааразы. Кышка чейин үй-жайын бүтүрүп алууга аракеттенген жарандар акча ала албай убара тартууда. 23-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бардык турак жайларды камсыздандырууга тапшырма берген.
Милиция өлкөнүн түштүк аймагында быйыл сегиз айда 1277 үй-бүлөлүк зомбулук катталганын билдирди. Облустук Ички иштер башкармалыктарынын маалыматына ылайык, жабыркагандардын 80% аялдар.
Ош-Ноокат-Раззаков унаа жолундагы эски көпүрөнү бузуу учурунда бир жаранды бетон плита басып калып каза болгону белгилүү болду.
12-сентябрда кыргыз-өзбек чек арасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Кара-Суу” өткөрмө бекетин жана Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы "Кең-Сай” өткөрмө бекети кайра ачылды. Алардын биринчисин 14 жыл, экинчисин 15 жыл мурда коңшү өлкө бир тараптуу жапкан эле.
Өткөн айда Оштогу селден жабыркагандарга кенемте төлөнө элек. Өкмөт борбордук базарда соода кылган 1000ден ашуун ишкерге 100 миң сомдон жардам убада кылган. Шаар бийлиги акча бөлүнгөнүн, кенемте өз ырааты менен берилерин билдирди. Жабыр тарткан ишкерлер жардам эрте колго тийсе деп турушат.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кара-Суу, "Ынтымак" бекеттерин ачууга даярдыктар жүрүп жатат. Фергана өрөөнүндөгү эң ири дүң соода базары саналган Кара-Суу базарына жакын бекет мындан 14 жыл мурда Өзбекстандын демилгеси менен жабылган.
Оштогу катуу селден кийин Ак-Буура дарыясына курулган чакан көпүрөлөр алына баштады. Дарыянын жээгине курулган көпүрөлөрдүн көпчүлүгүн жеке жарандар курган. Айрым өтмөктөр киши көп каттагандыктан, соода жайларына айланып кеткен.
Жекшембиде Оштогу борбордук базардан сел агызып кеткен аялдын сөөгү 16-июлда Өзбекстандын Анжиян шаарындагы сайдан табылды. Ал - 39 жаштагы Б.А. аттуу жаран. Буга чейин Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайында жүргөндө селге агып кеткен төрт кишинин сөөгү табылып жерге берилген.
Кыргыз бажысы эски системаны жок кылып, жаңы система менен иштөөгө белсенип жатканын билдирүүдө. Алар адам факторунан арылып, электрондук форматтагы “Смарт Бажы” маалыматтык системасын пилоттук негизде ишке киргизди. Мекеме муну менен айдоочулар эми 7-8 саатка кармалбайт деп ишендирип жатат.
Акыркы эки жумада суу ташкынынан өлкөдө 10дон ашык кишинин өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө 2-июлга чейин нөшөрлөгөн жаан күтүлүп жатканын, бир катар аймактарда сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертип жатат.
Дагы жүктөңүз