"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
Төрткүл суу сактагычы Баткен району жана шаары аймагынан 11 миң гектардан ашык жерди камсыздап стратегиялык объект болуп эсептелинет. Көлөмү 90 миллион куб метр, Суу сактагычка Ак-Суу дарыясынан канал аркылуу суу келет. Каналга суу бөлүштүрүлгөн жер Головной деп аталат.
"Баткендеги "Төрткүл суу сактагычына келген каналдын башы Тажикстанга өтүп кетти" деген маалымат жергиликтүү тургундардын тынчсыздануусун жаратты. Чек аралаш аймактагы стратегиялык жайга байланыштуу талкуу күчөдү.
2013-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы Баткен районунун Чарбак айылында чыр чыгып, отуздан ашык адам барымтага алынып, кыйла ызы-чуу болгон. Айылга Өзбекстандын Ушар айылы аркылуу өтүп турган суу да, жол да ошол окуядан кийин жабылган.
Жаңы президенттен эл эмнени күтөт? Коомчулук кандай талаптарды коюп жатат? "Азаттык" Бишкектин жана аймак тургундарына микрофон сунуп, калктын ой пикирин, мүдөөсүн угуп көрдү.
Баткендин миңден ашык киши жашаган Зарташ айылында кыш сайын таза суу көйгөйгө айланат. Арыктан суу ичкен элеттиктер таң заардан суу камдап алышы керек, антпесе кошуна айылдын малы сууга түшүп, ичкенге жарабай калат. Суунун айынан кошуна айыл тургундары менен пикир келишпестиктер да болуп турат.
Бүгүн 10-январда Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум өтүтү. Президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышты.
Лейлек районун аймагында “Активист” коомдук бирикмеси үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган кыз-келиндер үчүн убактылуу жашоочу коопсуз жай уюштурду. Мындан тышкары жер-жерлерде форум театрларды өткөрүп, зомбулуксуз үй-бүлө курууга үндөп жатышат.
Баткен облусунун Кадамжай районунда Өзбекстандын колдоосу менен башталган 200 орундуу оорукананын имараты курулуп бүттү. Жакынкы күндөрү пайдаланууга берилгени турат. Ооруканага ыңгайлашкан тез куралчу имарат дарыланууга зарыл болгон бардык шарттар менен камсыздалган.
Баткендин Тоолуу Рават айылынын тургуну Дастанбек Эркинов таза айыл чарба азыктарын чыгаруу үчүн биогумус өндүрө баштады.
Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагынан күнүнө миң тоннадай нефти Өзбекстан менен Тажикстанга жашыруун сатылып жатканы социалдык тармактар аркылуу айтылып, талкуу жараткан. Баткен облустук бийлиги бул маалымат туура эмес деген билдирүү таратты. Өзбекстан менен чек арага жакын аймактан 1950-жы
3-декабрда Жогорку Кеңеш келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун карады.
Өзбекстандын колдоосу менен Баткенде 200 орундуу жугуштуу оорулар бейтапканасынын курулушу башталды. Тез курулуш ыкмасы менен салына турган имарат он күндө бүткөрүлүп, керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздала турганы айтылууда.
Бишкек шаарында жана Чүй, Баткен облустарында вирус көп жайылып жатат. Статистика боюнча вирус жугузуп алгандар жана өлгөндөрдүн саны боюнча да акыркы учурда Баткен жана Бишкек алдыга чыкты.
Парламентте өткөн жыйында кызматын тапшырган Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечимин жарыялады. Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаровго өттү. "Азаттык" коомчулуктан Кыргызстандагы кырдаалга кандай баа берерин жана бийликтен эмнелерди күтөөрүнө кызыкты.
5-октябрь түнү Ала-Тоо аянтындагы митингден кийин болгон башаламандыкта каза тапкан 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу Баткенде өзү туулган айылында жерге берилди.
Баткендик азиз уста Исраил Темуровду аймакта тааныбаган айдоочу жокко эсе. Көзү көрбөгөнүнө карабай Кызыл-Бел айылындагы чакан устаканасында автоунаалардын түрүн оңдойт. Кайсы тетиги иштен чыкпасын эбин таап, келген кардардын көйгөйүн чечип берет.
Шайлоочулардын көпчүлүгү жарышка чыккан партиялардын платформасына кызыкканы байкалбайт.
«Биримдик» саясий партиясынан парламентке талапкер болгон Жогорку Кеңештин депутаты Сайдолимжон Жураев Баткенде «диний жайда үгүт жасап жатат» деген видео Интернетке тарады. Ал эми талапкер Сайдолимжон Жураев мечитте шайлоо жараянынан мурда сүйлөгөнүн айтты.
Кадамжайдын Өзбекстан менен чектешкен Кыргыз-Кыштак айылында суу тартыштыгы быйыл күч алды. Айылдыктар суунун жоктугунан эгин айдабай, бактарына да 35-40 күндө араң суу жеткирип жатат.
Дагы жүктөңүз