"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Женевада ушул тапта АКШ, Орусия, Украина, Европа биримдигинин Украина боюнча жыйыны өтүп жатат. Бул жыйында кандайдыр бир ири өзгөрүш күтүлбөй тургандыгы мурда айтылган.
Кудаяр Субанкул уулу: Пакистанга даванды ашып барганбыз
Ооганстанда жең ичинен соодалашуунун аркасы менен мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла «такка» отуруп калышы ажеп эмес.
Пакистанда памирлик кыргыздар азаптуу төрт жылды баштан өткөргөн, ошол эле убакта алар дал Пакистан жергесинде киндик каны тамган Памирден кол үзүп, бөлөк-бөтөн элге барса да, тукум курут болуудан куткарган, заманбап жашоого алгачкы кадам таштаган.
Орусиянын бийликтери украин кризисине байланыштуу Батыш орустардын мунай менен газынан баш тартса, башка кардарлар табыларын эскертти.
Белгилүү америкалык журналист Сириядагы химиялык чабуул артында Түркия турганын болжолдогон макаласы үчүн сынга кабылды.
Европа Биримдиги келерки жумада өтчү жыйынга АКШ, украин жана орус тышкы иштер министрлери катышарын бышыктады.
Ооганстанда ишембидеги президенттик шайлоодо берилген бюллетендер 34 дубандан Кабулга ташыла баштады. Бюллетендер алгач жеринде саналып, анан баш калаага жөнөтүлөт.
Донецкте орусиячыл демонстранттар регионалдык өкмөттүн имаратын басып алышты. Эки миңдей демонстрант кирип келип аймактык администрацияга Орусиянын желегин орнотушту.
Чет элдик аскерлер кетээрдин алдында Ооганстанда мамлекет башчы алмашууда. Президенттик шайлоону уюштуруудагы кыйынчылыктар, "Талибандын" кайтып келүү коркунучу, улуттук азчылыктар, анын ичинде ооган кыргыздары менен аялдардын абалы кандай?
Чилиде катуу жер титирөөдөн кийин өлкөнүн чыгышында чукул абал жарыяланды. Шейшембинин түнүндөгү кырсыкта аз дегенде беш киши набыт болду.
НАТОнун тышкы иштер министрлери Орусия Украинанын Крым аймагын аннексиялап алгандан кийин алгачкы жыйынга чогулду.
Түркияда өткөн шайлоодо премьер-министр Режеп Тайип Эрдогандын партиясы ишенимдүү жеңишке жетишкени айкын болду.
Шейшембиде Орусиянын аймагынан жасаган билдирүүсүндө Украинанын бийликтен четтетилген президенти азыркы Киев өкмөтүн бийликти күч менен басып алган «хунта» деп айыптады.
Украинанын Крым автономиясы Орусияга кошулуу боюнча референдумга даярданып жатат. Ал эми орусиялык депутаттар Крымды кабыл алууга жол ачкан мыйзам долбоорунун үстүнөн иштей башташты. "Азаттык" Оксфорд университетинин улук изилдөөчүсү Адам Робертс менен аннексия темасын талкуулады.
Батышта Украинанын баскынчылыгы деп айыпталган бул окуялардан улам, Борбор Азия өлкөлөрүндө, өзгөчө Казакстанда Крымдагы кырдаал кыйла тынчсызданууну пайда кылгандыгы байкалууда.
Миңдеген орус аскерлери Крымдагы көзөмөлүн күч алдырган чакта Украинанын эгемендүүлүгү боюнча эл аралык дипломатиялык иш-аракеттер кызыды.
Жаңыл Жусупжандын "Улуу Памир" тасмасында Түркиянын Ван аймагындагы ооган кыргыздарынын өтмүшү менен бүгүнкү күнү жана келечек үмүтү тууралуу айыл тургундары баяндашат.
АКШда президент Обама Пентагонго Ооганстандагы аскерлерди жыл аягында толугу менен чыгарып кетүүгө даярдана баштоону тапшырды. Буга караганда, Обаманын администрациясы ооган жергесинде америкалык аскер калбай тургандыгына моюн сунуп калган шекилдүү.
Кошмо Штаттары Ирак өкмөтү Ирандан курал алыптыр деген маалыматка камтама болууда. Ирак болжолу АКШдан керектүү куралды өз убагында ала албаган соң, Иранга кайрылган шекилдүү. Ошол эле убакта Иран "курал саткан эмеспиз" деп танып жатат.
Дагы жүктөңүз