"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Астанада ушул айда улуттук музей ачылды. Ичинде алтын куш айланып учуп жүргөн бул кереметтүү жайдын келечеги тууралуу Мухтар Ауэзов корунун жетекчиси Мурат Аэзов айтып берет. Буга чейин Кыргызстанда өтүп келген "Жибек жол сухбаттары" быйыл августта Казакстанда өтө турган болду.
Исламчыл согушкерлер БУУнун кийлигишүүсү менен катар, орозо айтка байланыштуу атышууну убактылуу токтотуп жаткандыгын жарыялашты.
Аскерде бирге кызмат өтөгөн ысыккөлдүк досун издеген жергеталчы менен маекти сунуш этебиз. СССРдин акыркы жылдарында Казакстандын Ак-Төбөсүндө аскер кызматында болгон Ибайдулла Саимов көлдүк досу Кенжебек Аятовду таап берүүгө жардамдашууну суранды.
Тажикстандын байланыш кызматы "Одноклассники" сайтынын эмнеге жабык турганын түшүндүрө алган жок. Бирок интернет провайдерлер бул сайттын атайын тапшырма менен жабылганын айтышууда.
Газа тилкесинде Израил Хамас уюмуна каршы согуштук операциясын улантууда. БУУнун Коопсуздук кеңеши Газадагы согуш аракеттерин токтотууга чакырды.
Раимкул Кытай менен соода кылган молдолугу бар адам болгон. Энеси Оролмо Баткендин Көк-Суусунан эле. Сталиндик репрессиялар башталып, сабаттуу, анча-мынча оокаттууларды бир четинен НКВД кармап кетип жаткан шойкомдуу заманда ал эки кызын, боюнда бар аялын таштап, атын минген бойдон кетип, кайтып келген эмес. Энесинин боюнда калган баласы Махмаражап 80ге чыкканда гана атасы ооган Памирине кетип, 1960-жылдары көзү өткөнүн билди.
Израил менен палестиндердин ортосундагы 10 күндөн берки тиреште 200дөн ашык киши набыт болду. Бириккен улуттар уюмунун арачылыгы менен жетишилген гуманитардык элдешүүнүн мөөнөтү бүткөн сааттарда Израил кайрадан Газа тараптан аткыланганын маалымдады.
Ырчы Латофаттын сырдуу, муңдуу, ырдуу маегин Жерге-Талда Жаңыл Жусупжан жаздырып алды.
Ирактын жаңы парламентин спикерин шайлоо бүгүнкүгө калды. Жекшембидеги жыйын жарым саатка жетпей жыйынтыксыз аяктаган эле.
Кыргыз өкмөтү Мургаб менен Жерге-Талга 13500 даана окуу китептерин бөлүп жатат. Мургаб районундагы айыл мектебинин мугалими кыргыз тилинде китептер өтө тартыш экендигин бышыктады.
БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун кескин курчуп кеткен израил-палестин тирешүүсү боюнча Коопсуздук кеңешине маалымат бергени жатат. Ал арада Израилдин өкмөт башчысы Хамаска каршы чаралар күч аларын эскертти.
Кыргызстанда алдыдагы күндөрү күн кайра ысый тургандыгы кабарланууда. Катуу ысыкта адамдар кантип күн өткөрөт, аптаптан кантип сактанышат? Орозодо кыйналгандар кантет?
Грузиянын мурдагы президенти, "Кансыз согушту" бүтүрүүгө көмөктөшкөндүгү менен тарыхка кирген Эдуард Шеварднадзе 86 жашында көз жумду.
Казакстан туризм тармагын өнүктүрүүгө миллиарддаган доллар каражат сарптоодо. Бирок кызылдай акча менен эле өлкөнү саякатчылардын Мекесине айлантуу мүмкүнбү?
Ирак менен Сириянын айрым аймактарын көзөмөлдөп турган суни согушкерлер тобу дүйнө мусулмандарын жардам берүүгө чакырды. Ал эми Багдадда жаңы парламент төрагасын шайлай алган жок.
Нооруз Нуриддинов Жерге-Талдык таксист. Чийедей эки баласын карап, аялы үйдө. Өзү Дүйшөмбүдөн Жерге-Талга, Жерге-Талдан Ошко киши ташыйт. Ажырашып кеткен биринчи аялынан уул-кызы Чүйдө ата-энесиникинде. Кыргызстан чек араны жаап салганда, алардан кабар ала албайт, кардар да чыкпай калат. Согуштун айынан жогорку билим алган жок, бирок Кыргызстанга кеткен беш ини-карындашын бүт окутту. Азыр ал биротоло Кыргызстанга кетсемби деп жүрөт. Сөз кыязында, жергеталдык кыгыздардын жетекчилик кызматтарда жокко эсе болуп кетиши да миграциялык маанайды күч алдырып жатат.
Жерге-Талда ардагер агартуучу, тарыхчы, Хамид Боронов мектептин бир бөлмөсүндө музей ачып, үч миңден ашык экспонат топтогон.
Бириккен улуттар уюмунун Чыгыш Украинадагы байкоочулары аймакта орусиячыл куралдуу күчтөр тарабынан киши өлтүрүүлөр, кыйноолор жана киши уурдоолор туруктуу өсүп жаткандыгын билдиришүүдө.
Жерге-Талдын Жайылган айлы жакында ардагер агартуучу, тарыхчы, Хамид Боронов согуш маалында музей ачкан.
Жерге-Талдын Жайылган айылында ардагер агартуучу Хамид Боронов аймактын тарыхын сактап калуу үчүн мектептин бир бөлмөсүнө музей ачып, үч миңден ашык экспонат топтоду. Видеодо Хамид аксакал Кыргызстандын элине салам айтат.
Дагы жүктөңүз