"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Дүйнө модасынын чордону саналган Италиянын Милан шаарындагы жердешибиз Мамасадык Багышев Кыргызстандан келаткан атактуу дизайнердин сапары, кыргыз модасынын өнүгүшү, быйылкы моданын багыттары тууралуу баяндайт.
АКШда эле эмес, төгөрөктүн төрт бурчунда кино күйөрмандары чыдамсыздык менен күткөн Оскар сыйлыгынын ээлери маалым болду.
Америкалык согуш ветерандары Жакынкы Чыгышта Исламдык Мамлекет тобуна каршы согушуп жаткандыгы айгине болууда.
Тажикстандагы кыргыздарга акыркы жолу илимий экспедиция маркум профессор Жээнбай Муканбаевдин жетектөөсүндө өткөн кылымдын 70-жылдары барган экен. 40 жылдан берки үзүлгөн учукту улап, жакында тилчи Абдылхак Алипбеков Жерге-Талга барып, топонимика же жер-суу аталыштарын изилдеп баштады.
ИМдин коркунучу тууралуу Тажикстандын президенти кооптонуу билдирсе, Италиянын башкы дипломаты бул уюшманын Ливиядагы бөлүмүнүн Европага коркунучу жөнүндө эскертүү жасады.
Кыргыз киносун дүйнөгө таанытуунун зарылдыгы тууралуу орусиялык продюсер "Азаттык" менен ой бөлүшөт.
Профессор Реми Дор жазган Рахманкул хандын өмүр баяны жакында Парижде басылып чыкты.
Казакстандын түштүгүндөгү 5-февралдагы тополоңдо бир нече машина өрттөлүп, үйлөргө залал келди. Киши өлгөндөн башталган, күбөлөр анын улуттар аралык маңызына көңүл буруп жаткан бул окуялар орун алган аймакта азыр абал тынчыганы кабарланууда.
Греция Брюсселден карыз боюнча жаңы келишим талап кылууда. Азырынча Европа биримдиги радикал солчулдар бийликке келген бул өлкөнүн өкмөтү менен былтыр берилген олчойгон карызды кайтаруунун шарттарын кайра карап чыгууга даяр эмес экендигин билдирүүдө.
Украинанын чыгышындагы орусиялык жикчилдерге каршы согушуп жаткандар арасында Борбор Азиядан баргандар да бар.
Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү "Ислам мамлекети" радикал тобу "жазында бир катар террордук чабуулдарды даярдап жаткандыгын" айтып чыкты.
Бириккен улуттар уюму Сирия менен Иракта согушуп жаткан "Ислам мамлекети" тобун балдарды жанкечтиликке түртүп жатат деп айыптады.
Ubaidylda Shaimov, who moved to neighboring Kyrgyzstan from Murghab in Tajikistan four years ago, decided to visit his beloved homeland in winter and send us these pictures. Janyl Jusupjan explains why winter was the best time for him to come to Pamirs.
Орусияда Украинанын пайдасына чыккынчылык үчүн айыпталган жети баланын энеси түрмөдөн бошотулду.
Бириккен улуттар уюму Украинада согуш аракеттери күч алгандан бери набыт болгондордун саны 5300 адамдан ашканын билдирүүдө. Ал арада Кошмо Штаттар Украинага курал жагынан жардам берүүнү карап баштады.
Чайковскийдин операсы коюлган Нью-Йорктогу сахнага Путиндин украин саясатына нааразы болгон киши кирип келип, майрамдык маанайга көлөкө түшүрдү. Окуя орусиялык атактуу дирижер, маркум Болот Миңжылкиевдин кесиптеши жана жакын досу Валерий Гергиевдин концертинде орун алды.
Украинада жикчилдер 100 миң кишини аскерге ала тургандыгын жарыялашты. Бул жарыя Чыгыш Украинада согуш аракеттери күч алып, Минскте тынчтык сүйлөшүүсү үзгүлтүккө учураган мезгилге туура келүүдө.
Кыргызстан жакында Москва үстөмдүк кылган Евразиялык экономикалык биримдикке биротоло киргени жатат. Ал эми бул биримдиктин негиздөөчү мүчөлөрүнүн бири болгон Беларустун акыркы кездери Москва менен мамилеси сууп баратат.
Экономикалык эркиндиктер тууралуу жаңы отчетто СССР кыйрагандан бери экс-советтик өлкөлөрдүн бир канчасы Орусиядан аттап өткөндүгү айтылат. Кыргызстан бул көрсөткүчтө дүйнө мамлекеттеринин кап ортосунда турат.
Бүгүн нацисттик Германиянын Освенцим өлүм лагеринде бул түрмөнүн советтик армия тарабынан бошотулганынын 70 жылдыгы белгиленүүдө.
Дагы жүктөңүз