"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Тажикстандын Исламдык кайра жаралуу партиясы ара жолдо турат. Сентябрдагы курултайында партияны келерки төрт жылда ким башкара тургандыгы аныкталышы керек.
Таш-Рабат кылымдарды карытса да, аны ким качан, эмне максатта курганын алиге эч ким билбейт. Чет Саякатчылардын меккесин үч муундун мырза кыздары кайтарып, анын сырын да, кутун да сактап келатышат.
Египетте диний экстремисттердин таасири өсүп жаткандыгы байкалууда. «Эл-Танбура» тобунун жетекчиси Закария Ыбрайым бир диктатуранын ордун экинчиси баспайт деп үмүттөнөт.
Премьер-министр Д.Кэмерон Лондондо полицияны үч эсе көбөйтүүгө буйрук берди. Тополоң башка ири шаарларга жайылууда.
Британияда өкмөт башчы Лондондогу тополоңго байланыштуу полициянын санын үч эсеге көбөйтүүгө буйрук берди.
Секулярдык диктаторду кулаткан Египетте бүгүн диний экстремисттердин таасири өсүп жаткандыгы байкалууда. Бирок жергиликтүү музыканттардын бир тобу жалпы коом бир диктатуранын экинчи диктатура менен алмашышына жол бербейт деп үмүттөнөт.
Каирде мурдагы президент Хосни Мубарактын үстүнөн сот иши башталды. Мубаракка жана анын шериктерине демонстранттардын өлүмү боюнча айып коюлууда.
Еврозонага кирген өлкөлөр 22-июлда Грекияга арналган экинчи куткаруу планы боюнча мунасага жетишишти.
Кытайда Жанкороздун чокусу бар, бул чоку кыргызстандык коомдук ишмер, экс-депутат Жанкороз Каниметовдун атынан коюлганын ар ким эле биле бербесе керек.
Kытайда «Mанастын бабалары» деген аталыштагы дастан жарык көрдү. Кыргыз автоном райондорунда жана айылдарында ошондой эле манасчы, ырчылардын кароолору болуп, атактуу манасчы аксакал Жусуп Мамайга арналган салтанаттар өттү.
Кыргызстанда жоголуп кеткен Манастын бабалары тууралуу өзүнчө дастан айтуу салты бүгүн Кытайда сакталып калган.
Британ парламенти медиа магнат Руперт Мөрдокту "Би-Скай-Би" каналын сатып алуу планынан баш тартууга үндөгөн сунушту колго салат.
Сиз алыскы айылга барганда телефон чала албай кыйналдыңыз беле? Учурда америкалык адистер даярдап жаткан софтвер же компьютердик программа сизге каалаган жерде каалаган адам менен интернет аркылуу байланышып, телефон аркылуу сүрөт, видео жиберүүгө мүмкүндүк берет.
Генералдардын үйүнөн террорчулар камакка алынган өлкөнүн армиясы тууралуу эмне айтууга болот? А эгер бул өлкө ядролук держава болсочу? Бир кезде Британиянын империялык куралдуу күчтөрүнүн үлгүсүндө куралган Пакистандын армиясы өзгөрүп отуруп, бүгүн кандайча исламчылардын таасиринде калды?
Голландияда парламент ушул аптада биринчи окулушунда малды баш согуп, эсин оодармайынча союга тыюу салган мыйзамды биринчи окулушунда жактырды. Бул тыюу иш жүзүндө жөөттөр менен мусулмандардын мал союу ыкмасын бутага алат, анткени алар малды эс-учун жоготпогон абалында союшат.
Улуту серб америкалык жазуучу Теа Обрехт али жазыла элек экинчи китебин чыгаруу укугун "Рэндом Хаус" басмасына сатты. Обрехттин "Жолборстун аялы" деген биринчи романы британиялык атактуу "Оранж" сыйлыгын алган эле.
Шинжаңдык атактуу уйгур сүрөтчү Ахмед Газынын айтымында, 94 жаштагы Жусуп Мамай кытай өкмөтүнүн атайын кароосунда. Маекти Жаңыл Жусупжан жаздырып алды.
Ооган президенти Хамид Карзай Пакистанды Ооганстандын аймагын бомбалады деп айыптаса, Исламабад бул кинени четке какты.
Кыргызстан жаңы көз карандысыздык алган жылдары элдин маанайы кандай эле, алар кандай ырларды ырдап, кандай күүлөрдү угушкан? Ошол кризис колкодон алып турган замандарда кыргыздын ыр-күүлөрүн уксам деп алыскы Венгриядан жаш этнограф ат арытып келет.
Дүйнөдө аялдар үчүн эң коркунучтуу өлкө болуп Ооганстан саналат. Бул тууралуу эл аралык Трастлоу (TrustLaw) уюмунун жаңы баяндамасында айтылат. Мындай жыйынтык зордук-зомбулук, саламаттыкты сактоонун начар шарттары жана жакырчылык боюнча адистерди сурамжылоо жолу менен чыгарылган.
Дагы жүктөңүз