"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Анти-исламдык видеого каршы дагы бир акциянын уюштуруучусу, депутат Турсунбай Бакир уулу "Азаттыкка" маек курду.
Кабулдагы азиздер мектебинде окуучулар жазганды, математиканы, компютерди, шыпыргы байлаганды, жана музыканы үйрөнүшөт.
Александр Николаевич Волковдун "Кумдан жана Жибектен" деп аталган көргөзмөсү Британиянын баш калаасындагы атактуу Кристи аукцион борборунда өтүп жатат.
Жакынкы Чыгышка будуң-чаң салган каргашалуу тасма тууралуу көңүлдү иренжиткен жагдайлар ачыкка чыгууда.
Ирактын качып жүргөн вице-президенти Тарик ал-Хашими өзүнүн өлүм жазасына кесилишин айыптады.
Караколдун чет-жакасындагы Таш-Кыя айлында орус тил мугалими, мектеп директору болуп иштеген Токтобек Жолдошев чоң энесинин калмак тилинде ыр жазат. Кыргызга сиңишип кеткен сарт калмактардын айлында Жолдошев аксакалдын ырын Жаңыл Жусупжан жаздырып алды.
Ирандын президенти Орусиядагы Владимир Путин сыңарындай ар кандай айла-амал менен бийликте кала бергиси келет деп күнөөлөнүүдө.
АКШнын биринчи айымы жолдошу Барак Обаманын дагы төрт жыл президенттик кызматта калышын жалындуу сөзү менен жактап сүйлөдү.
Сирияда 200 миңдей киши башка өлкөлөргө качты. Өлкөнүн өзүндө 3 млн. киши үй-жайын таштап, башка жактарга кетүүгө мажбур болууда.
БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Тегеранда Иранды Холокостту танып, Израилге акарат кылганы үчүн сынга алды.
АКШда оппозициядагы Республикачыл партия Митт Ромнини президенттикке талапкер кылып көрсөттү.
Казакстанда президент Нурсултан Назарбаевдин өмүрүнө арналган үчилтиктин экинчи бөлүмү өлкөнүн түндүгүндөгү Темиртау шаарында тартылып жатат.
БУУ коңшу өлкөлөрдө сириялык качкындардын саны мурда болжонгондон алда-канча көп болуп жатканын эскертти.
Бишкекте Кыргыз-Түрк университетинде мечиттин пайдубалы салынууда. Бул мамлекет динден ажырым болушу керек деген жобого жана динзарлардын суроо-талаптарына канчалык шайкеш келет?
Кабарчыбыз Ысык-Көлдөгү атчандар да жете албаган аска-зоолуу белдерден ашып, жалаң чет элдик саякатчылар жүргөн көлдө болуп, дээрлик төрт миң метр бийиктиктеги көз жоосун алган жерлерди кыдырып келди.
21-августта актер жана сүрөтчү, кыргыздын залкар уулдарынын бири маркум Сүймөнкул Чокморов атындагы кор Чолпон-Ата шаарында марафон уюштурууда.
Пакистанда оорулуу христиан кыз исламга акаарат келтирди деп кармалган эле. Эми президент бийлик өкүлдөрүн бул камакка алууга түшүндүрмө берүүгө чакырууда.
Караколдогу азыркы борбордук мечит кезегинде Кытайдан куугунтуктан качып келген дунган жамааты тарабынан тургузулган.
13-августта Казакстанда адатта мэмиреп жаткан көз тайгылткан кооз Иле-Алатау улуттук паркында 11 кишинин, анын ичинде бир нече токой корукчусунун өлүгү табылды. Алардын бардыгы бычак жеген, айрымдары өрттөлүп, таанылбай калган.
Кыргызстандан жакын арада оогандык кыргыздарга гуманитардык десант жөнөгөнү жатат. "Кыргыз бутагы" уюмунун өкүлү Гүлзат Болотованын айтымында, Ооган кыргыздарын ордунан козгогонго айрымдар каршы болгон менен, көчүрүп келбесе, алар тукум курут болуп кетиши мүмкүн. Ай башында Кыргызстанда өткөн дүйнө кыргыздарынын конгрессинде Жаңыл Жусупжан менен маегинде теги ооган, түркиялык кыргыздардын өкүлү Касым Шакир уулу да ушул эле пикирин билдирди.
Дагы жүктөңүз