Аламүдүн районундагы Васильевка айылына Өзбекстандан жана Тажикстандан көчүп келип жашап жаткан этникалык кыргыздар турак-жай маселеси курчуганы үчүн, жашылдандырууга деп 25 жылдык мөөнөткө берилген жерлерине куруп алган үйлөрүн мыйзамдаштырып берүүнү талап кылышууда. Айыл өкмөт башчысынын айтуусунд
Кыргыз-тажик чек арасындагы аягы үзүлбөгөн чыр-чатактан улам, Баткен облусунда 62 айылга өзгөчө макам берилип, казынадан колдоо болоору айтылган.
Кыргыз-Тажик чек арасындагы 27-январдагы куралдуу жаңжалдан кийин 29-январда эки тараптуу сүйлөшүүнүн экинчи айлампасы өттү. Жолугушууга Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кошумча күчтөрдү артка алып кетүү жараяны аяктады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Чек ара кызматы кадимки режимде иштеп жатат. Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирген.
Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавына жол курууга уруксат берүү маселеси жакынкы күндөрү кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын ишинде каралат. Анын жыйынтыгынын негизинде гана иш жүрөрүн Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия бул маселени жакынкы күндөрү карайт.
Бишкектин четиндеги "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушунда 2017-жылы 16-январда учак кыйраган. Каргашада 35 жергиликтүү тургун жана учактын төрт учкучу курман болгон. Дача СУдагы кырсыктан кийин "Манас" аэропортунун айланасындагы калктуу конуштардын маселеси көтөрүлгөн.
Узап бараткан жыл кыргызстандыктардын эсинде эмнеси менен калды? Эл жаңы жылдан эмнени күтөт? "Азаттык" коомчулуктун пикирине кызыкты.
Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда коомдук жана мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган жыйынтыктоочу расмий иш-чара өттү. Анда мамлекеттик ишмердин азыркы коомго үлгү болчу эмгектери белгиленип, анын мурастарын улоо, элесин түбөлүккө калтыруу максатында жүрүп
“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду “Бүт Кыргызстан китеп окуйт!” аттуу долбоорду баштады. Долбоордун максаты өлкө аймагы боюнча балдардын китеп окуу маданиятын жана муктаждыгын жаратуу. Китеп окуу акциясы бир жылга созулуп, жыйынтыгы келерки жылы жазуучу Айтматовдун туулган күнүндө чыгат.
Жалал-Абад аймагында мындан 70 жыл мурда кара май кени табылганда түптөлгөн Кочкор-Ата шаары - кыргыз мунайынын борбору. Чакан шаардын тиричилиги толугу менен “Кыргызнефтегазга” байланган. Ишкананын иши илгерилесе шаардын да турмушу оңолуп, аксаса шаардын да кунары качат.
Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын XV мааракелик фестивалы жыйынтыкталды. Бир катар жергиликтүү жана чет өлкөлүк тасма жаратуучулар тарткан 24 тасманын ичинен жеңүүчүлөрү аныкталды. Фестивалдын быйылкы темасы “Каргашалар жана тобокелдиктер мезгилиндеги адам укуктары” деген темага арналган.
Чүйдүн Сокулук районунда бойго жете элек кыздын зордукталышына байланыштуу аксакалдар соту болуп өттү. Исмаил айылында ондогон адам чогулуп, кылмышка шектүү буга чейин да ушундай иштерди жасаганын жүйө келтирип, анын туугандарынан айылдан көчүп кетүүнү талап кылышты.
Башкы прокуратурага караштуу "Наристе" балдар бакчасы мамлекеттик тилде иш жүргүзүүгө өттү. Бул кадам быйылкы мамлекеттик тил күнүндө башкы прокурор Курманкул Зулушевдин демилгеси менен ишке ашкан.
Өлкөдө электр энергиясы чоң таңкыстыкка учурап, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы кескин көтөрүлүп, ортомчулар менен талаш-тартыштан улам ири Кара-Кече кенинен көмүр алып келүүдө кыйынчылыктар жаралган
Алдыдагы парламенттик шайлоо аралаш система менен өткөндүктөн добуш берүүнүн эрежеси да өзгөрдү. Коомчулук кандай добуш берилерин билеби?
Өлкөнүн эң аптаптуу аймагы Ноокенде жыйым-терим аяктап жатат. Быйыл түшүм жакшы. Бирок ошол эле маалда баанын кымбаттаганына дыйкандар кыйла бушайман.
Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Асан Турсункуловдун "Алтын уютку" деп аталган сүрөт көргөзмөсү өттү. Көргөзмөдө көрүнүктүү маданият өкүлдөрүнүн портреттери жана сүрөтчүнүн эркин темадагы эмгектери коюлган. 200гө жакын эмгектин арасында “Азаттык” радиосунун көзү өткөн чыгаан журн
Бишкектеги Ботаникалык бактын оранжереясы курулганына 74 жыл болду. Азыр мында Кыргызстандын флорасында кездешпеген тропикалык жана субтропикалык экзотикалык өсүмдүктөрдүн 500 гө жакын түрү өсөт. Оранжереяда 50, 30 жылдан бери иштеп келаткан саналуу гана илимий кызматкерлер калган.
Кыргызстанда жылуулук менен энергиянын тартыштыгы жана тарифтердин кымбатташы альтернативдүү жолдорду карап чыгууга түрткү берүүдө. Кирешеси ортодон жогору кээ бир үй-бүлөлөр жылуулукту аз талап кылган саман үйлөргө ыктап, экономикалык жана экологиялык маселелерди чечип жаткандар бар.
4-ноябрда түштөн кийин Бишкектеги Novotel мейманканасынын сырткы дубалы өрттөнгөн. ӨКМдин кызматкерлери өрт имараттын ичине жайылбаганын билдирди. Тутанган жалын саат 16:43тө толугу менен өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок.
Дагы жүктөңүз