Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «Биз тумчугуп баратабыз! Бизге таза аба керек!» деген акция өттү. Чогулгандар бийликти шаарды каптаган түтүн маселесине көңүл буруп, кескин чара көрүүнү талап кылышты.
Улуттук Гвардиянын 10127 аскер бөлүгүндөгү китеп окуу бөлмөсү "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун алкагында жүздөй китеп менен толукталды.
Бишкекте “Ооэдодайко” тобунун концерттик программасы өттү. Концерттик программада жапон добулбастарынын коштоосунда күүлөр жаңырып, "Манас" эпосунан үзүндүлөр да айтылды.
Бишкек мэриясы абадагы зыяндуу заттардан сактануу максатында адамдарга бет кап кийип жүрүүнү сунуш кылды. Адатта индекс 0дөн 500гө чейин чыгып-түшүп турат. Көрсөткүч канчалык жогору болсо, аба ошончолук кир экендигин билдирет.
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бажы тармагындагы коррупция боюнча журналисттердин иликтөөсү тууралуу пикирин айтып, элдин талабын туура деп эсептейт. Текебаевдин айтымында, бажы тармагындагы жүк ташуудагы мыйзамсыз иштер азыр да уланып жатат.
25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында коррупцияга каршы «#REакция» аттуу акция өттү. Акцияга чыккандар бажы тармагындагы коррупцияны жоюп, реалдуу реформаны талап кылып, бийликке кайрылышты.
25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «#REакция» жарандык акциясы өттү.
Жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн суу терапиясы же башкача айтканда,бассейндер Бишкекте ачыла баштады. Азырынча алардын саны бешке жакындаган менен балдарынын бассейнде сүзүшүн каалаган ата-энелердин саны өсүп жатат.
19-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы тажикстандык спортчулар менен беттешет. «Азаттык» радиосунун Бишкектеги кеңсесине келген футболчулар алдыдагы чоң таймаштарга даярдыктар жана келечек пландары жөнүндө ой бөлүштү.
Бул жылы фестиваль «Балдар үнү жана тең укуктуулук» деген темада өттү.
Бишкек -Торугарт жолунда 9-майда төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча сот процесси башталды.
Бишкекте 11-ноябрда преференциалдык шайлоо ыкмасын киргизүү боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоору талкууланды. Документтин авторлору мыйзам кабыл алынса жарандар электрондук добуш берүү аркылуу шайлоого катышып жаткан партияны, анын ичинен талапкерди да тандашарын айтып жатышат.
Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө. 7-8-ноябрды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү деп жарыялоо тууралуу чечим мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен кабыл алынган.
Чүй районундагы Калыгул айылында эчак авариялык абалга жеткен Тынымсейит Оңолбаев атындагы мектептин окуучулары фельдшердик-акушердик пунктта окуп жатышат. Татыктуу билим алууга туура келбеген шартта балдарын окуткусу келбеген айылдыктар балдарын башка мектептерге которууга аргасыз.
Нарын шаарында курбу кыздар жаштар үчүн социалдык “Kultur Cafe” борборун ачышып, үч жылдан бери иштетип келет. Жакындан бери жаш ишкерлер кондитердик цех да түптөшкөн. Кафенин максаты - жаштардын маданий пикир алышуусуна шарт түзүү.
Президент Cооронбай Жээнбеков милициядагы коррупцияны жоюу зарыл экенин билдирди. Ал кадрлардын сапатын жакшыртуу жаатында олуттуу кадамдар зарылдыгын эскертти. Мындай маселе акыркы убакта ишкерлердин коопсуздугуна байланышкан окуялардан улам көтөрүлүп жатат.
Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылынан жер тилке алган элүүгө жакын адам нааразылык акциясына чыгышты. Алардын айтымында, убагында сатып алган жер тилкелерине үй салууга жергиликтүү бийлик уруксат бербей жатат.
Ички иштер министрлигинин жаңы түзүлгөн патрулдук кызматы Бишкекте 31-октябрдан тарта ишке кирди. Борбор калаанын Свердлов жана Биринчи Май райондорунун көчөлөрүндө адамдын жүзүн тааный турган 60 камера орнотулду.
Бишкекте Чүй камералык оркестри концерт берди. Ал кыргыз композиторлор союзунун түзүлгөнүнүн 80 жылдыгынын алкагында уюштурулду. Улуттук филармониянын кичи залында өткөн концертке кыргыз композиторлорунун камералык музыкасы аткарылды.
Эрмек Муканбетов туристтерге Нарын шаарын кол эмгеги аркылуу тааныткысы келет. Учурда анын колунан жаралган сувенирлер чакан дүкөндө сатылып жатат. Келечекте ал устаканасын чоңойтуп, өзгөчө боз үй жасоо кыялы менен жүрөт.
Дагы жүктөңүз