“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Жекшембиде шахмат боюнча президенттин кубогу жыйынтыкталды. Бир жумага созулган мелдеште 6 жаштан 14 жашка чейинки жаш шахматчылар күч сынашты.
Бишкекти жылуулук менен камсыз кылган ЖЭБдин ишине 60 жыл толду.
Октябрдын аягы - күз Бишкекти кызгылт сары түскө боёп турган кез.
Бишкекте Кыргызстандын дизайнерлер союзунун мода көргөзмөсү жыйынтыкталды. Эки күнгө созулган иш-чарада 16 модельер-дизайнердин эмгектери сынга коюлду.
Бүгүн таң эрте "Манас" аба майданынын спорт сүйүүчүлөрү дүйнө чемпиондору Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Айпери Медет кызын тосуп алышты.
Жекшембиде Бишкектеги "Күлүк" олимпиадалык резервинин адистештирилген мектебинде ат спорту боюнча баш калаанын ачык чемпионаты жыйынтыкталды. Мелдешке жеткинчектер да катышты.
"Азаттык" радиосунун Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу онлайн сынагы жыйынтыкталды. Сынакка кыргыз жана орус тилдеринде 50дөй материал келип, жарактуу делген 30дан ашуун макала, баяндар azattyk.org сайтына жарыяланды.
Кыргызстандын футбол боюнча 2021-жылдагы кубогуна Кочкор-Ата шаарынын "Нефтчи" клубу ээ болду.
Ишемби, жекшемби күндөрү Бишкектеги Москва жана Кулуев көчөлөрүнүн кесилишинде эски буюм-тайым саткан базардын соодасы кызыйт. Бул "Бишкек барахолкасы" деп аталат.
Дээрлик 1,5 жылдан бери жабык турган мамлекеттик билим берүү мекемелери 15-сентябрда ишин баштады. Мектептерде сабактар кадимки шартта башталды.
Бишкекте баскетболдун 3х3 түрүнөн Кыргызстандын ачык чемпионаты жыйынтыкталды. Мелдеш Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган. Анда Кыргызстандан, Өзбекстандан жана Казакстандан жалпы 80 команда күч сынашты.
"Үч улуттун кубогу" эл аралык футбол мелдешинин акыркы оюну 7-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, беттеште Кыргызстан курамасы Бангладешти 4-1 эсеби менен утту.
Кечээ, 2-сентябрда Бишкекте башталган "Үч улуттун кубогу" мелдешинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Палестина курамасын 1:0 эсебинде жеңип алды.
Кыргызстан быйыл эгемендиктин отузунчу жылын тосуп жатат. Саамалыкты утурлай борбордук Ала-Тоо аянтында аскер парады жана эмгекчилердин парады өттү.
Кыргызстан 1991-жылы 31-августта СССРден бөлүнүп, өз алдынча эгемен мамлекет болгон. Быйыл кыргызстандыктар эгемендиктин 30 жылдыгын белгилеп жатат.
Кыргызстандын үч шаарында, Бишкекте, Ошто жана Токмокто 25-августта мэр шайлоо болду. Башкалаага Айбек Жунушалиев, Ошко Алмаз Мамбетов, ал эми Токмок шаарына Урматбек Самаев жетекчи болуп шайланды.
Бейшемби күнү кечинде Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Эркиндик бульварында мода көргөзмөсү өттү. Сейилдеп жүргөн адамдар Кыргызстандын мода дүйнөсүнүн жылдыздары менен аралашып, дизайнер Толгонай Байранын колунан жаралган эмгектерге күбө болушту.
Дагы жүктөңүз