Аскар Акаев өзүнүн ар намысын, беделин коргоо максатында адвокат жалдады. Учурда Москвада жашап жаткан экс президент бул ишти «Кыргызстан элинин ар намысын, беделин коргоо» комитетине ишенип тапшырды. Макулдашуу Акаевдин Кыргызстандагы тарапкерлеринин ортомчулугу аркылуу ишке ашып, анын кепили катары Москва нотариусунун мөөрү басылган ишеним кат комитет төрагасы Акин Токталиевге берилди.
Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча 16-майда Жогорку Кеңештин депутаты Бермет Акаева депутаттык укуктан ажыратылды. Мындай чечим ал шайланган №1-Университет шайлоо округунда кайра шайлоо өткөрүүнү шарттады. Мыйзам боюнча бул округда шайлоо күнүн БШК бир ай аралыгында дайындашы керек.
Ишемби күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы тил комиссиясы президенттикке талапкер болуу үчүн арыз бергендердин алгачкы үчөөнө сынак уюштурду. Алардын ичинен Жыпар Жекшеев менен Акпараалы Айтикеевге кыргыз тилин жетиштүү деңгээлде билет деген бүтүм чыкты. Ал эми Жеңишбек Назаралиев келерки аптада кайра сыналмай болду. Мындай чечимге добуштардын тең чыгып калышы себеп болду.
Март окуясынан кийин Кыргызстандан кетүүнү каалаган орус тилдүү калктын өкүлдөрүнүн саны өстү. Мындай жагдайды кетүүнү каалаган жарандар өздөрү өлкөдө стабилдүүлүктүн жоктугу менен негиздеп жатышат. Ал эми расмий тарап Кыргызстанда орус тилдүү калктын укуктары корголгонун белгилешип, орус тилдүү калктын агымын убактылуу көрүнүш катары баалоодо.
Жогорку сотко байланышкан жагдай кандай нукка түшөөрү аныктала элек. Айрыкча, Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун кызматтан кетүү тууралуу мурда берген арызын кайра кайтарып алышы жагдайды ого бетер бүдөмүктөтүп койду. Мындай көз караштарды айрым байкоочулар Жогорку сот имаратынын 20 күндөн бери нааразы шайлоочулардын колунда экендиги, Соттордун курултайынын өтпөй калгандыгы менен да байланыштырып жатышат.
Кыргызстандын аймагында жаратылыш кырсыктарына байланышкан жагдай курч бойдон кала берүүдө. Бирок аны турукташырууга каражат жетпей жатат. Ишемби күнү биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Медетбек Керимкулов жетектеген жумушчу жыйын абалга ушундай баа берди.
Март окуясы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтык мамилеге залалын тийгизе албайт. Мындай пикирин жума күнү Бишкекте расмий жолугушууларга катышкан вице-премьер министр, тышкы иштер министри Абдуллах Гүл тышкы иштер министрлигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын жетегиндеги Түркиялык делегация 5-6-майда Кыргызстанда иш сапары менен болду.
5-май Эгемен Кыргызстанда Конституцияны кабыл алган күн катары саналат. Бирок бул күнгө коомчулук да, расмий бийлик да өзгөчө маани берген жок. Муну байкоочулар март ыңкылабынан кийин көтөрүлгөн конституциялык реформа менен байланыштырышууда. Күтүлүп жаткан кезектеги конституциялык реформа коомчулуктун үмүтүн актай алабы?
Конституциялык кеңешменин жумушчу тобу 3-майда ишин Кыргызстан башкаруунун кайсы тартибин тандап алышы керек деген маселеден баштады. Жыйын аталган маселе боюнча жалпы жагдайды аныктап алуу максатын көздөп, эркин талкуу уюштурду. Талкуу Конституциялык кеңешменин төрагасы, Парламент спикери Өмүрбек Текебаевдин сунушу менен башталды.
Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Курманбек Бакиевдин пикиринде акыркы мезгилде өлкөдө тартипсиздикти белдүү саясатчылар, алардын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары уюштуруп жатышат. Мындай көз карашын өкмөт башчы саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Мунун чындыгы канчалык?
30-апрелде Жогорку соттун толук курамында кызматтан кетишин талап кылган нааразылык чаралары улантылды. Нааразы тарап парламент жана өкмөт алардын талаптарын аткармайынча бул жерде тура бере турушкандыктарын билдиришти. Парламенттик шайлоонун чечимдери бурмаланды деп эсептеген тараптар эки жумадан бери Жогорку сот имаратынан кетпей турушат.
Жогорку Кеңеш 26-апрелде кыргыз-тажик чегара аймактары боюнча депутаттык комиссия түздү. Ага эки өлкөнүн чектеш аймактарындагы жер талаш, жерди мыйзамсыз сатуу жана коңшу өлкөнүн тургундары тарабынан жер басып алуу фактылары себеп болду.
Жогорку Сот ишмердүүлүгүн 22-мартта эки күнгө токтотууга мажбур болду. Мындай жагдайдын түзүлүшүнө №21 Токтогул, №59 Чүй шайлоо округунун 30 га жакын нааразы шайлоочусунун имараттын ичине кирип алышы себеп болду. Алар өз укуктарын коргоо үчүн ушундай кадамга барууга аргасыз болушканын билдиришти. Жогорку Сот бул жагдай боюнча эч кандай маалымат бере элек. Имарат улуттук гвардиянын аскерлеринин кайтаруусунда турат.
Түндүк-түштүк маселеси өлкөдө чукул бийлик алмашуудан кийин пайда болгон олуттуу проблемалардын бири катары атала баштады. 24-марттан кийин алгачкылардан болуп маселенин оош-кыйыштарына жарандык коом кайрылды. Маселе 19-20-апрелде өткөн жалпы улуттук форумдун алгачкы күнүндө талкууланды.
19-апрелде Бишкекте жарандык коомдун жалпы улуттук форуму башталды. Ал Кыргызстанды мындан ары өнүктүрүүнүн аракет программасын иштеп чыгуу максатын көздөйт. Форумдун жыйынтыктоочу отурумуна мамлекеттик жетекчилер катышаары күтүлүүдө. Ал эми алгачкы күнү жарандык коомдун өкүлдөрү 24-марттагы окуянын себептерин, натыйжасын жана сабактарын талкуулашты.
Кыргызстандын АКШдагы жаңы элчиси ким болот? Роза Отунбаева президенттик шайлоого барабы? Президенттик шайлоонун тынч өтүшү үчүн эмне кылуу керек? Ушул жана башка суроолорго жоопторду тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева менен болгон маектин экинчи бөлүгүнөн уга аласыздар.
Акаев режимине каршы чыккан оппозициячыл «Атажурт» саясий кыймылынын теңтөрайымы, учурда Тышкы иштер министринин милдетин аткарып жаткан Роза Отунбаева менен маектин биринчи бөлүгүн сунуштайбыз. Бул маекте Отунбаева айым «Азаттыктын» Кыргызстандын тышкы саясатына байланышкан суроолоруна жооп берди.
24-мартта Кыргызстандан шашылыш чыгып кеткен Президент Аскар Акаевдин кызы, Жогорку Кеңештин депутаты Бермет Акаеванын Кыргызстанга кайтып келиши коомчулуктун бүйүрүн кызыткан башкы окуя болууда. Бермет Акаева өзү болсо депутаттык ишине кайтып келгендигин билдирди. Анын иниси Айдар Акаев да Кеминден шайланган депутат катары Жогорку Кеңешти ишин улантканы жатат. Айрым саясатчылар мындай бурулушту өлкөдө кырдаалдын курчушун шарттоочу жагдай катары баалап жатышат.
24-марттагы чукул бийлик алмашуудан пайда болгон бейтартип аракеттер басыла элек. Акыркы күндөрү болуп жаткан окуяларды жарандык коомдун айрым өкүлдөрү ыңкылаптын экинчи толкуну катары баалап жатышат. Расмий бийлик жер-жерлерде башаламандыктар атайын уюштурулуп жатканын белгилешүүдө.
9-апрелде Бишкек шаарынын күн чыгыш тарабындагы Аламүдүн районуна таандык айдоо аянттардан үй курууга жер талап кылып 10 миң чамалаш киши чогулду. Жер талап кылгандардын айрым бөлүгү жерди өз алдынча ээлеп алышууда. Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү элден мыйзам чегинде иш кылууну суранып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Жаңы өкмөт эч кандай мыйзамсыздыкка жол берилбей тургандыгын жарыя кылды.
Дагы жүктөңүз