5-июнда Чүйдүн Төмөнкү Орок айылында мушташ чыкты. Чүй облустук милициясынын маалыматына ылайык, эртең менен айылдагы мечитте Айт намаздан кийин чыгып баратып үч өспүрүм бала уруша кеткен. Экөө бирөөнү сабап салган.
Кыргызстанда 5-июнда Орозо айт майрамы белгиленди.
Мусулмандардын орозо айт майрамында "Азаттык" Бишкек шаарынын тургундарынын майрамдык маанайын билүү үчүн микрофон сунду.
4-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Аида Салянованын бөгөт чарасы каралбай калды.
"Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи" деген "Азаттыктын" иликтөөсүндө айтылган каражаттар тууралуу 2015-2016-жылдары өкмөттү жетектеген Темир Сариев билгенби? Райымбек Матраимов Бажы кызматынын төрага орун басарлыгына кантип дайындалган?
«Азаттыктын» ишенимдүү булактары 2011-2017-жылдар аралыгында Кыргызстандан бир нече банк аркылуу 700 миллион доллар чет өлкөлөргө чыгарылып кеткенин билдиришти.
Жакырчылыктын балдарга тийгизген таасирин талкуулаган «Ачык диалог» конференциясында балдарга инвестиция жумшоо учурдун талабы экени айтылды. Аталган конференцияны ЮНИСЕФ уюму уюштурган. Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала жакырчылыкта жашайт.
Сооронбай Жээнбеков өзүнүн президенттик мөөнөтү бүткүчө Кыргызстандын аймагын 100% таза суу менен камсыз кылуу убадасын бешинчи жолу кайталады. Бишкектеги атайын форумда ал өлкөдөгү суу жетпеген 600дөн ашуун айылга суу берилип, 24 шаардын тиешелүү инфраструктурасы жаңыланарын билдирди.
Гүлнара Касиева сегиз жылдан бери өзгөчө балдарды окутуп келет. Ал азыр 70ке чукул тубаса шал, аутизм, Даун синдрому менен жабыркаган балдарга Бишкектеги Иса Машаяктын чиркөөсүнөн эки бөлмө ижарага алып, билим берүүдө. Ал өз алдына койгон максаттары, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуудагы түйшүк
Бишкекте 9-май Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгына арналган салтанат акыркы жылдары салткай айланып бара жаткан «Өлбөс полктун» жүрүшү менен коштолду. Бул жүрүштүн башында чоң атасынын сүрөтүн көтөргөн президет Сооронбай Жээнбеков турду. Ушул эле жүрүшкө экс-президент Алмазбек Атамбаев атасынын сүрөтүн көтөр
УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов абактан бошотулду. Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу абактан бошотуу чечимин кабыл алды. Сот залынан бошотулган Мурат Суталинов Апрель окуясы үчүн моралдык
Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдыгына арналган жыйын өттү. Ага 400дөн ашык адам катышты.
Жогорку Кеңеш 2-майдагы жыйынында Кыргызстандын аймагында уран кендерин чалгындоого жана казууга тыюу салуу тууралуу токтом кабыл алды.
Бир тууган Матраимовдор 1-майда Кара-Суу районунда өткөргөн иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган депутаттардын жана биринчи вице-премьер министр Кубатбек Бороновдун катышканы коомдо кызуу талаш жаратты.
25 жаштагы Айзада Cагынбек кызы 12 жылдан бери полиартрит оорусу менен күрөшүп келет. Айзада өзү жашаган Кемин районунун Алтымыш айылына коңшу жайгашкан айылдагы мектепте англис тилинен сабак берген жалгыз мугалим болчу.
Жогорку сот камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, аны 10 жылга кести. Анын иши сотто жыл башында күчүнө кирген жаңы Жазык кодексине байланыштуу каралды.
Бишкекте 49+ клубунун мүчөлөрү чакан концерт беришти. Жашы 49дан ашкан ар кыл кесиптин ээлери бир жарым айдан бери вокал чеберчилигин окушкан. Алар 50дөн кийин максатка жетүүгө кеч эмес деп эсептеп, жашы өткөн аялдар тууралуу айтылган стереотиптерге каршы чыгышат. Клубдун негиздөөчүсү Гekmмира Сарма
Улуттук көркөм сүрөт музейинде «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү 5-апрелде башталган. Жыйырма күнгө созулган бул көргөзмөдө Жибек жолу аралап өткөн өлкөлөрдүн тарыхы, маданияты, каада-салты, тамак-ашы, биомаданий өзгөчөлүктөрү жана кен байлыктары көрсөтүлдү.
Чүйдүн Сокулук районунун Новопавловка айылындагы Айтматов атындагы лицейдин окуучуларынын ата-энелери мектепке чогултулган акчанын эсебин талап кылып Ак үйдүн алдына митингге чыгышты.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизгинин талашкандар бүгүн Юстиция министрлигинин алдына митингге чыгышты.
Дагы жүктөңүз