"Азаттык" радиосунун баяндамачысы.
Мындан беш жыл мурдагы окуянын башталышына эмне себеп болгон? Элдин талабы аткарылдыбы? Конституциялык реформадан майнап чыктыбы?
29-мартта Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүп, өлкөнүн азыркы президенти Ислам Каримов шайлоочулардын 90 пайыздан ашык добушун алып, кайрадан президент болуп шайланды.
Өткөн аптада Араван районунун айылдарынын бириндеги сүмөлөк бышырып жаткандарга “Аллаху акбар, силер каапырсыңар” деген кыйкырык менен экинчи топ бастырып кирип, мушташ чыгарганы коомчулукту кооптондурган пикирлерди жаратты.
Жогорку Кеңештин бир нече депутаты 2009-жылга чейин жеке турак үйлөр курулган жер тилкелерин мыйзамдаштырууну сунуштоодо.
30 жыл мурда Сирияда аскерде болгон Сыдык
Кыргызстандын Акыйкатчы институту жана бир нече бейөкмөт уюмдар өлкөнүн армиясында укук бузуулар көп катталып, зордук-зомбулук, өз өмүрүн кыйган аскерлердин саны азайбай жатканын айтып чыгышты.
Эки күн мурда Бишкектеги Арча-Бешик конушунда мугалим эненин эки баласын бычактап өлтүрүшү коомчулуктун үрөйүн учуруп, кызуу талкууланууда.
Кара-Суу шаарынын мечит имамына кыргыз жарандарына Сирияга барууга чакырык жасап, халифат курууга үндөгөн деген шек менен эки ай камакка алынышы жергиликтүү элдин арасында кооптонуу жаратууда.
Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Куловдун кыргыз өкмөтүнүн структурасын өзгөртүү демилгеси коомчулукта карама-каршылыктуу пикирлерди жаратууда.
Кыргызстандын Экономика министрлиги өлкөнүн ички инвестициялык чамасы чектелүү болгондуктан сырткы каржылык булактарга муктаж экендигин эскертүүдө.
Орусияда 2015-жылдын 1-январынан тарта миграциялык мыйзамдарга бир нече өзгөртүүлөр кирип, андагы бир катар талаптар кыргызстандыктарга көйгөй жаратып жатканы айтылууда.
Кыргызстан 2015-жылга ички-сырткы карыздарды кошкондо жалпы 3,6 миллиард доллар мамлекеттик карыз менен кирди.
Мамлекеттик салык кызматы 2014-жылдын жыйынтыктары боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясын баштады.
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары парламенттин ишине катышпаган кесиптештерин мандатынан ажыратуу демилгесин көтөрүүдө.
Акыркы күндөрдөгү Лейлек жана Ала-Бука райондорунун аймагындагы чек ара тозотторунда болгон ок атышуулардан бир чек арачы өлүп, 3 адам жаракат алышы көп суроолорго жем таштоодо.
Бишкектеги №4 кесиптик-лицейде 11 жылдан бери Манас таануу, тарых сабактарын берип, өзү демөөрчүлөрдү таап, Манас классын ачып, китеп жазып, жаштарга акыл-кебин, таалим-тарбиясын берип келаткан Токторбай аксакал “Сыябан” берүүсүнүн бүгүнкү мейманы.
Быйыл кыргыз коомчулугунда, түрк дүйнөсүндө кеңири белгиленип жаткан улуу акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгынын маани маңызы, улут үчүн, мамлекет үчүн анын орду, акындын өмүрүнө, чыгармачылыган байланышкан жаңы жагдайлар тууралуу “Сыябан” түрмөгүндө кеңири кеп болот.