“Ислам мамлекети” тобуна каршы дүйнө өлкөлөрү коалиция түздү. 2001-жылы ооган талиптерине каршы коалицияда авиабазага орун берген Кыргызстандын бул ирет позициясы кандай болот?
Кыргызстан кышкысын Казакстандан кошумча электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу Минскиде кыргыз-казак президенттери макулдашты.
8-октябрда Жогорку Кеңеш Бажы биримдигине тийиштүү мыйзам долбоорлорунун топтомун биринчи окууда жактырды.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети Кыргызстандын бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу боюнча жол картасын жактырды.
Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети Кыргызстандын бирдиктүү экономикалык аймакка кирүү боюнча жол картасын жактырды.
Кыргызстандын акыйкатчысы убактылуу кармоо жайларында жүздөгөн адамдар мыйзамсыз камалып турганы боюнча баяндама жасады.
Бишкекте кыргыз-америка экономикалык форуму өтүп, анда эки өлкө ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоо жана инвестиция тартуунун жолдору талкууланды.
Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев өлкө Бажы биримдигине киргенден кийин деле кескин кымбатчылык болбойт деп эсептейт.
Кыргыз өкмөтү чет өлкөдөн ташылган жеңил автоунааларга бажы төлөмүн жогорулатты.
Курулуш агенттиги мамлекеттик, саясий ишмерлердин жакындарына таандык курулуш компанияларына лицензия берүүнү тартипке салууну сунуштады.
Чаткалдагы Куру-Тегерек алтын кенин иштеткен кытайлык компанияны белгисиз бирөөлөр карактап кетишти.
Нарындын Кочкор районунда айылдык молдону жергиликтүү калк кумса дешип, анын жер которушун талап кылышканы тууралуу кеп тарады.
Кыргыз өкмөтү электр энерияга кошумча чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштады. Энергетика министрлигинин маалыматында учурда тармак кризистик абалда турат.
Бишкектеги советтик аскер кол башчысы Михаил Фрунзенин үй музейинен Советтер союзунан калган үч туу уурдалды. Бул окуя өлкөдөгү маданий жайлардагы коопсуздук маселесин эске салды.
Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө парламенттик башкаруу системасын дискредитациялоо жүрүп жатат деген пикирин айтты. Өлкө башчысынын бул пикири канчалык жөндүү? Бул тууралуу 2010-жылдагы Констуциянын негизги авторлорунун бири, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев ой бөлүштү.
Чек арадагы чырдан кийин Бишкекте кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрү экономикалык байланыштарды талкуулады. Жолугушуу жыйынтыгы тууралуу Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброгим “Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Апрелден бери газы жок отурган Кыргызстандын түштүгүнө газ качан берилери белгисиз.
Чек араларды аныктоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын Бишкектеги жыйынында тараптар Баткендеги айланма жолду жана Максат - Кулунду көпүрөсүнүн курулушун биргеликте баштоо боюнча макулдашты.
Эки адамдын өмүрүн алган бир күн мурдагы ок атышуудан кийин Баткендеги чек аранын эки тарабында тең абал тынч, бирок кырдаал күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдө. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр уланууда.
"Бир дүйнө” укук коргоо кыймылы Бишкекте Украинадагы окуяларды баяндаган даректүү тасманы көрсөтүүгө Маданият министрлиги бут тосконун айтып чыкты.
Дагы жүктөңүз