Этностук саясаттын чабалдыгы, улутчул маанайдын күчөшү, укук коргоо органдарынын улуттук азчылыктарды кодулоосу айтылат.
АКШнын Орусиядагы элчиси Майкл Макфоллдун "Манастагы" транзиттик борбор боюнча соңку билдирүүсү коомчулукта ар кыл кептерди жаратты.
Кыргызстандык режиссер, драматург Аманбек Жапаровдун “Өкүттөгү өмүр” аттуу драмасы Казакстандын Караганда облустук драма театрында коюлуп, казак театр сүйүүчүлөрү тарабынан жылуу кабыл алынды.
Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөнүн айланасында чыр чыкты. Бул тестирлөө учурунда эреже бузду делип, сынактан чыгарылган айрым бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери тестирлөөнүн жоболорун бузду деп Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборун сотко бергени жатат. Борбор өкүлдөрү мындай дооматтарды негизсиз деп жатышат.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, чет өлкөлөрдө былтыр эле эки миңге жакын кыргыз жарандары абакка кесилген.
Түрмөлөрдөгү жана тергөө абактардагы кыйноолор азайбай жатканы БУУнун сунуштары аткарылышын талкуулаган 21-майдагы тегерек үстөлдө айтылды.
Кыргызстанда баңгиликке берилгендердин саны жыл санап көбөйүп жатат. Расмий эсептер боюнча, акыркы төрт жыл ичинде маңзаттын кулуна айлангандардын саны 25 пайызга арткан.
“Мегаком” байланыш операторуна ээлик кылган "Альфа Телеком" ишканасынын айланасында чыр ырбады.
Быйыл август айында Бишкекте дүйнөнүн чар тарабындагы кыргызстандыктардын башын бириктирген «Мекендештер» аттуу форум өткөнү жатат.
Кыргызстанда чет өлкөгө жумуш издеп кетип, кулчулукка кабылгандардын саны көбөйүүдө.
“Мегаком” байланыш операторуна ээлик кылган «Альфа Телеком» ишканасындагы мыйзамсыз акча которуулар боюнча жаңы жагдайлар белгилүү болду.
Бишкек шаар соту Жогорку Кеңешти жыйындарга катышпаган депутаттардын тизмесин берүүгө милдеттендирди.
Атамбаевдин Казакстандагы иш сапары карыды. Бул сапарды эки өлкө лидерлери Кыргызстан жана Казакстан ортосундагы кызматташтыктын жанданышы катары баалашты.
Астанада президенттер Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты.
Чарбакта жакындарын жоготкондордун абалы тууралуу айыл өкмөт башчысы Эркин Турдукулов маек курду.
Караганда облусундагы жол кырсыгында Кыргызстандын он алты жараны мерт болуп, дагы экөө оор абалда ооруканага жеткирилди.
"Эркиндик үнү" уюму парламент жыйынына себепсиз катышпаган депутаттардын тизмесин бербегени үчүн Жогорку Кеңеш аппаратын сотко берген.
КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасын шайлоо айрым чырлар менен коштолду.
Апрелде ФИФА, же футбол ассоциациясынын эл аралык федерациясы түзгөн жадыбалда Кыргызстан 208 өлкө ичинен 195-орунду ээледи.
Чүйдүн Кара-Балта шаарында 25-апрелде өтөөрү жарыяланган митинг эл чогулбаганынан болбой калды.
Дагы жүктөңүз