Ысык-Көлдө бир күн мурда 4 чек арачыны жана алардын биринин жубайын өлтүрдү деп шектелген жоокер 21-августта таңга жуук жок кылынды.
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Эчкили-Таш чек ара бекетинде бир жоокер беш адамды атып, качып кетти.
19-августта Бишкектеги эски аянтта окулган айт намазга келгендердин саны мурдагыларга салыштырганда кыйла көп болгону айтылууда.
Кыргызстанда ыктыярдуу кан донорлору азайып, ооруканаларда кан тартыштыгы сезиле баштады.
Муфтият быйылкы ажылык сапарды уюштуруу боюнча иштерди баштады. Ажылыкка даярдык боюнча муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулло ажы Эгембердиев "Азаттыкка" маек курду.
“Замандаш” ассоциациясы 1-августта дүйнөнүн чар тарабындагы кыргызстандыктардын башын бириктирген мекендештердин биринчи конгрессин өткөрөт.
Орусияда мигрант кыз-келиндерди кордогон “Патриот” делгендер зомбулугун улантып жатканы белгилүү болууда.
Кыргызстанда 44 өлкөнүн жарандарына визасыз жүрүүгө уруксат берген мыйзам күчүнө кирди.
Жогорку Кеңештин айрым фракциялары өкмөттү таратуу максатында кезексиз сессия чакыруу демилгесин кайрадан көтөрө баштады.
Кыргызстандагы бир жылдык медиа тенденцияны иликтеген көз карандысыз M-Vector иликтөө борбору жылдык баяндамасын жарыялады.
Айрым депутаттар, журналисттер АКШнын транзиттик борборунда болуп, Ооганстанга жүк ташуучу базанын иши менен таанышты.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы атышуу факты боюнча Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергөөгө киришти.
Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда кыргыз-өзбек чек арасындагы атышуудан бир чек арачы набыт болуп, бир жаран жараат алды.
Кыргыз өкмөтү электр энергиясын саткан ортомчу компаниялардын лицензияларын кайтарып алууда.
Кыргыз өкмөтү коррупцияга каршы мыйзам долбоорлор топтомун Жогорку Кеңешке жөнөтүү боюнча токтом кабыл алды.
Миграция маселелери боюнча кыргыз-орус жумушчу тобу түзүлгөнүн тышкы иштер министринин орун басары Бешимов айтты.
Биринчи май райсоту социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабировду УКМК тергөө абагына 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды.
“Прогресс” фонду Бабановдун транзиттик борборго май ташыган компанияга катышы бар экенин текшерүүнү талап кылды.
Өзбекстандын Фергана шаарында кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр аяктады.
Бишкекте Улуттук гвардиянын кызматкери өзүнүн шериктери менен мас абалында жөн-жай адамдарга кол салган.
Дагы жүктөңүз