Байыркы жана орто кылымдарда Алтай өңүрүндө жашаган көчмөндөрдүн кол өнөрчүлүгүн жана ак сөөктөрдү жайга койуу маданиятын чагылдырган көргөзмө Нью-Йоркто өтүүдө.
Босниянын борбору Сараеводо шаарды камоо башталганынын 20 жылдыгы белгиленүүдө.
Жаздын келиши менен ооган талиптери "чээнден" чыгып, активдеше баштайт.
Мамлекеттин өнүгүүсүн эзелкидей ички дүң жыйым эмес элдин бактылуулугу менен өлчөөнү жактагандар көбөйүүдө.
Бүгүн таңга жуук Москванын курулуш материалдарын сатуучу Качалов базарында таңкы беш ченде өрт чыгып, 17 киши набыт болду.
Дүйшөмбү күнү таң азанда Тюмен шаардык аэропортунан абага эми көтөрүлүп бараткан учак кыйроого учурады.
Расмий Ак Ордо президенттер Обама менен Назарбаев жолукканда, АКШнын жетекчиси айтты деп жалган маалыматты элге таратканы коомчулуктун бүйүрүн кызытууда.
Турмушта жазуучу ойлоп чыгарган окуя чындык катары айтылып жүргөн учурлар көп кездешет.
"Өңүт" программасы дүйнөдөгү мыкты университеттердин сырын иликтеп, жергиликтүү окуу жайлардын абалын талдайт.
Сеулда бүгүн ядролук коопсуздук боюнча эки күндүк эл аралык саммит аяктады.
Келерки он-жыйырма жылда суунун жетишсиздиги жана сууга байланыштуу мамлекеттер аралык чатактар күчөйт.
2014-жылы Ооганстан өз коопсуздугун өзү камсыздап, өлкөдөн НАТО башындагы көп улуттуу күчтөр чыгып кетмекчи.
Быйыл Азия өлкөлөрү каруу жаракка жана аскерге бөлгөн каражат боюнча Европа Биримдигинен озот.
11-мартта Ооганстанда жергиликтүү 16 жаранды атып салган АКШ армиясынын сержанты 19-мартта биринчи жолу өз адвокаты менен кездешти.
Оппозиция активисттери муну 1 жыл мурда президент Асаддын режимине каршы козголуш башталгандан берки эң чоң айкаштардын бири ирети сыпаттоодо.
Ооганстандык 16 жаранды атып салган деп күнөөлөнүп жаткан америкалык жоокердин адвокатынын билдиришинче, анын кардары Ооганстанга көңүлү кыйылып жатып кеткен.
Консервативдүү эсептелген Алабама жана Миссисипи штаттарында шейшемби күнү болгон праймериз шайлоодо Рик Санторум жеңди.
Ак Үйдүн маалымдашынча, 11-мартта америкалык аскердин 16 ооганды атып салуусу Кошмо Штаттардын Ооганстандагы стратегиясын өзгөртпөйт.
Улуттар Уюму менен Араб Лигасынын атайын чабарманы Кофи Аннан Сириядагы кырдаалды күчкө таянып жөндөө өтө кооптуу экенин эскертти.
8-мартта аялдардын эл аралык күнү майрамдала баштаганына 101 жыл толду.
Дагы жүктөңүз