"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист, педагог-режиссер.
7-апрелдеги окуядан кийин өрттөлүп, тонолуп кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиевге тиешелүү үйдү азыр 20дан ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген адам байырлады.
“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандар шайлоодо тиешелүү добушка ээ болбой калган партияларды сабырдуулукка чакырышууда.
Чыңгыз Айтматов атындагы Улуттук орус драма театрынын артисти Сергей Борисов 88 жаш курагында дүйнө салды.
Кемел Ашыралиевди кыргыз эли мамлекеттик жана коомдук ишмер катары тааныйт. Бирок анын комузчулук, ырчылык, саяпкерлик талантын көпчүлүк билбейт.
13-октябрда обончулардын республикалык кароо-сынагына коюлган чыгармалардын деңгээли төмөн экенин калыстар тобу бир добуштан белгилешти.
Шайлоодон өтпөй калган партиялардын бир тобу бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, шайлоодо бурмалоого жол берилгенин айтуу ниетинде.
Бүгүн президент Роза Отунбаева шайлоо участкасында добуш берип, Кыргызстанда парламенттик шайлоо тынч өтөрүнө ишенерин билдирди.
“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандар алдыдагы парламенттик шайлоонун тынч өтүүсүнө тилектештигин билдиришти.
“Өнөр дүйнөсү” аттуу жаңы берүүдө “Туңгучтун” алдындагы балдар театрынын сезонунун ачылышы, өлкөдөгү жана дүйнөдөгү маданий жаңылыктар учкай камтылды.
“Эр Төштүк” кичи эпосунун негизинде коюлган спектаклдин жаңы варианты жазында 55 күн бою АКШда коюлду.
"Эл үнү" берүүсүнө кайрылган Талас облусунун тургундары алдыдагы парламенттик шайлоого үгүт иштеринде жергиликтүү бийлик тарабынан кемчиликтер кетип жатканын билдиришти.
Улуттук филармонияда “Чыгыш шаарынын музыкасы” деген аталышта 1-2-октябрда “Джаз-Бишкек-Күз” эл аралык фестивалы өттү. Анда кыргызстандык этно-жаз топтору алгачкы жолу залкар күүнү жаз жанрында аткарышты.
30-сентябрда Кыргыз Улуттук консерваторияcында , студенттер жана окутуучулар Эл аралык музыка күнүнө арнап чоң программадагы концерт тартуулады.
Буга чейин болуп келгендей эле бул жолу да шайлоо өнөктүгүндө саясий партиялар үгүт иштерине ырчы, куудулдарды пайдаланышууда. Айрым ырчылар ушундай саясий өнөктүк мезгилинде өнөрпоздор аздыр-көптүр каражат топтоп аларын айтышса, айрымдары партия тарабынан берилген убадалар аткарылбай калган учурлар кездешерин билдиришти.
Үстүдөгү жылдын 10-июнга караган түнү Кара-Суу районунун айрым айылдарындагы мечиттерде беймаал азан чакырган динаятчылардын күнөөлөрү далилденгендигин Ош облустук прокуратурасынын тергөөчүсү Алмазбек Малаев “Азаттыкка” маалымдады.
К.Бакиевдин тушунда шайлоолорду бурмалаган адамдарды жоопкерчиликке тартуу кийинкилерге сабак болоруна ишенет мурдагы депутат, коомдук ишмер Тойгонбай Калматов.
Бүгүн Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанат Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт. “Кыргыз тил” коомунун президенти Раимжан Курбанов “Азаттыктын” таңкы маегинде мамлекеттик тилге бийлик жана коомчулук тарабынан ойдогудай колдоо болбой жатканын белгилеп, ММКнын кыргыз тилге болгон мамилесин сынга алды.
Журналист Баратбай Аракеев парламенттик шайлоого карата ураан-чакырыктарын саясий партиялар маани-маңызсыз колдонууда деп эсептейт.
Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, «Альфа-Антитеррор» коомдук бирикмесинин жетекчиси Артур Медетбеков Тажикстандын Рашт өрөөнүндө өкмөттүк аскерлерге кол салган террорчулар Кыргызстандын аймагына кирип келиши толук ыктымал деп эсептейт.
"Болуш" бейөкмөт уюмунун жетекчиси С.Аргынбаев аны Петровка окуясы боюнча жалган айыптап, мыйзамды бузган сот, прокуратура, милиция кызматкерлерин мыйзамдын чегинде жоопкерчиликке тартуу керектигин "Азаттыкка" берген маегинде билдирди.
Дагы жүктөңүз