"Эже-сиңдилер" телеберүүсүнүн алып баруучусу.
Бул жолу "Эже-сиңдилер" берүүсү туура тамактануу жана анын пайдасы тууралуу сөз кылат. Берүүнүн коноктору ырчылар Мерген Турган, Мээрим Мураталиева жана Чолпон Талипбек болду. Өнөр адамдары туура тамактануунун жардамы менен саламаттыгын чыңдаганы, ашыкча салмактын азабы туурасында кеп салышты.
Бул жолу "Эже-сиңдилер" 1-апрель Күлкү күнүнө карата айымдардын азил-тамашасы тууралуу кеп курушту. Студиянын коноктору куйкум сөздү келиштирген ырчы Салима Балтаева, шоумен, сатирик Борончу Кудайбергенов, төкмө акын Мырзайым Айтимбетова.
Кыргыз коомунда адамдын жеке чөйрөсү деген түшүнүк барбы? Эмне үчүн кыздардын жашоосуна баары кийлигишет? Кыз-келиндердин стресске кабылуусу эркектердин бейтартип тийишкенинен келип чыгабы? Бул жолу "Эже-сиңдилер" баарлашуусунда ушул суроолорго жооп издедик.
Биринчи турмушунда оту күйүшпөй, ажырашкан аялдар кайра турмушка чыгууда кандай тоскоолдуктарга туш болот? "Эже-сиңдилер" бул жолу кайра турмуш куруу тууралуу баарлашты.
Аялдардын карьерага жолун бууган кандай тоскоолдуктар бар? Эмнеге кыргыз аялдары өзүн өстүрүүгө умтулбайт? Саясатта жүргөн аялдар эмнеге бири-бирин колдобойт? "Эже-сиңдилер" телебаарлашуусунда ушул суроолорду талкуулайбыз.
Азыркы жаш келиндер эмне үчүн кайын-журту менен чогуу жашаганды каалабайт? Жаш жубайлар өз алдынча турмуш курганда эмнеден кыйналышат? Келиндин келген жери ага ашкере түйшүк үйбөшү керекпи?
Өспүрүмдөргө жыныстык тарбия берүү зарылбы? Айрыкча кыздар эне болууга даярбы? Окуучулар репродуктивдүү саламаттык тууралуу маалыматты кайдан алышы керек? "Эже-сиңдилер" берүүсүнүн бул жолку баарлашуусун ушул темага арнайбыз.
Кыргыз аялдары каражатты канчалык сарамжалдуу пайдаланат? Эмне үчүн карызы бар туруп той өткөрөбүз? Бул жолу "Эже-сиңдилер" үй-бүлө экономикасын, киреше-чыгашаны кеп кылышты.
Эмне үчүн Кыргызстанда парапсихологдорго кайрылгандар көп? Бул "элдик психологдорго" аялдар көбүнчө кандай суроолор менен көп кайрылышат? Сыйкыр менен алдамчылыктын айырмасы эмнеде? "Эже-сиңдилер" ток-шоусунун бул жолку талкуусунда ушул суроолорго жооп издедик.
Азыркы жаштар өмүрлүк жарды кандай тандашат? Жигиттер эмне үчүн өзүнө жаккан кызга үйлөнө алышпайт? Ыймандуу кыздар эмне үчүн модада? Бул жолку "Эже-сиңдилер" талкуусунда ушул суроолордун тегерегинде кеп-дүкөн жүрдү.
Азыркы кыз-келиндердин эрмеги эмнеде? "Эже-сиңдилер" ток-шоусунун коноктору хоббиден киреше табуу боюнча кеп-кеңештери менен бөлүшөт.
Бул жолу "Эже-сиңдиге" келген айымдар каада салт, адам баалуулуктары жана адатка айланган тенденциялар тууралуу кеп куруп беришти. Коноктор профессор Ишенгүл Болжурова, изилдөөчү Алтын Капалова, антрополог Зарина Урмамбетова.
Наристелеринин сүрөтүн Интернетке байма-бай жарыялап турган ата-энелер. Бешиктен бели чыга элек жатып, социалдык тармактардагы өз баракчаларына жүздөгөн көрүүчүлөрдү топтогон балдар. «Эже-сиңдилер» телепрограммасынын бул жолку темасы - социалдык тармактар жана наристелер.
“Эже-сиңдилер” кеп-дүкөндүн чыгарылышында майрамдык кымгуут, дасторкон толтуруу, мейман тосуу жана жумуштагы жыл жыйынтык бүтпөгөн иштердин айынан стресске батуу тууралуу сүйлөшөбүз.
"Эже-сиңдилер" долбоорунун бул жолку темасы кыз-келиндердин үй түйшүгүн жеңилдеткен кызмат көрсөтүүлөр жана мунун кыргыз үй-бүлөсүнө тигизген таасири тууралуу сөз болот.
"Эже-сиңдилер" долбоорунун бул жолку темасы ажырашуудан жапа чеккен балдар, ата-эненин укуктары жана туугандардын басымы тууралуу кеп болот.
"Эже-сиңдилер" программасынын бул жолку талкуусунда аялдардын кыргыз саясатындагы орду, алар кабылган тоскоолдуктар жана саясатчы айымдар жөнүндөгү стереотиптер тууралуу кеп болду. Талкууга коомдук ишмер Жылдызкан Жолдошева, укук коргоочу Рита Карасартова жана Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сура
Апта болбосо айына бир аты чыгып калган эркектердин бирөө адамды айраң калтырчу билдирүү жасайт, аны угуп, аялдардын баары ызы-чуу түшөт.
Зордук-зомбулукка кабылган аялдарга коомдо мамиле кандай? Зомбулукту башынан өткөргөн айымдарга көпчүлүк учурда басым жасалып, өздөрү кайра күнөөлөнүп, укук коргоо органдарында да, сотто да, коомдо да аларга болгон мамиле терс экени айтылат. "Азаттыктын" “Эже-сиңдилер” берүүсүнүн бул жолку чыгарылыш
“Эже-сиңди” берүүсүндө жасалма сулуулук жана ага артыкчылык берген айымдар тууралуу сөз кылдык.
Дагы жүктөңүз